СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Окумуштуулар Акыр замандын саатынын жебесин алдыга жылдырышты. Ыйык Китепте эмне делет?
2023-жылдын 24-январында окумуштуулар Акыр замандын саатынын a жебеси түнкү саат 12ге аз эле калганын айтышты. Бул дүйнөнүн акырынан кабар берет.
«„Акыр замандын сааты“ адамзат өзүн-өзү тукум курут кылуу коркунучу алдында турганын билдирет. Шейшемби күнү окумуштуулар аны алдыга жылдырышты. Азыр ошол каймана сааттын жебелери түнкү саат 12ге аз калды. Мындай эч качан болуп көргөн эмес. Буга Украинадагы согуш, элдин атомдук согуш чыгып кетет деп коркуп жашаганы жана Жер планетасынын зээнди кейиткен абалы сыяктуу нерселер себеп болду» («AFP International Text Wire»).
«Окумуштуулардын айтымында, шейшемби күнү „Акыр замандын сааты“ алдыга жылып, түнкү саат 12ге 90 секунда калды. Адамзат армагедонго мынчалык жакын болуп көргөн эмес» («ABC News»).
«Эл аралык окумуштуулардын тобу эскерткендей, эртеңки күн мунарык. Адамзаттын өзүн-өзү кырып жок кылуу коркунучу ушунчалык деңгээлге жетип көргөн эмес» («Гардиан»).
Адамзат жана Жер планетабыз жакында жок болуп кетеби? Эртеңки күндү ойлоп коркушубуз керекпи? Ыйык Китепте эмне делет?
Келечегибиз кандай болот?
Ыйык Китепке ылайык, «жер... түбөлүктөн түбөлүккө турат» жана адамдар анда «түбөлүк жашашат» (Насаатчы 1:4; Забур 37:29). Демек, адамзат Жерди жок кылбайт, аны жашоого жараксыз кылып да салбайт.
Бирок Ыйык Китепте дүйнөнүн акыры келери айтылган. Мисалы, анда: «Бул дүйнө... жок болот»,— деп жазылган (1 Жакан 2:17).
Ыйык Китепте айтылган дүйнөнүн акыры эмнени билдирет? Муну билгиңер келсе, «Дүйнөнүн акыры жакында келеби? Апокалипсис деген эмне?» деп аталган макаланы окуп көргүлө.
Жакында дүйнөдө боло турган окуялардын убакыт-мөөнөтү тууралуу Ыйык Китепте эмне делгенин билиш үчүн «Дүйнөнүн акыры качан келет?» деген макаланы окуп көрсөңөр болот.
Оң маанай сактагыла
Ыйык Китеп кымгуут-чакчелекей түшкөн азыркы заманда оң маанай сактаганга жардам берет. Кантип?
Ыйык Китепте күнүмдүк турмушка керектүү кеңештер бар (2 Тиметей 3:16, 17). Мисалы, жашоодогу кыйынчылыктарга карабай, оң маанай сактаганга Ыйык Китеп кантип жардам берерин билгиңер келсе, «Санаанын сазына батпаш үчүн эмне кылса болот?» деген макаланы окуп көргүлө.
Ыйык Китепте жаркын келечекке үмүттөнө аларыбыз да айтылган (Римдиктер 15:4). Анда азыртадан эле келечектен эмнелерди күтсөк болору жазылган. Бул бизге дүйнөдө кандай окуялар болбосун, эч нерседен коркпогонго жардам берет.
Ыйык Китепте жазылгандар силерди да жубатышын кааласаңар, аны Жахабанын Күбөлөрүнүн бири менен изилдеп көрүүгө чакырабыз. Изилдөө акысыз.
a «Адамдардын колунан бүткөн коркунучтуу технологиянын айынан өзүбүз жашап жаткан дүйнө жок болуп кетүү коркунучу алдында турат. Акыр замандын сааты ошону эскертүү үчүн жаратылган. Бул — метафора. Башкача айтканда, ал саат Жер планетасы аман калышы үчүн, көңүл бурушубуз керек болгон өтө кооптуу нерселерди эскертип турат» («Bulletin of the Atomic Scientists»).