Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Sean Gladwell/Moment via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Дүйнө жүзү боюнча аскер күчтөрүнө 2 триллиондон ашуун АКШ доллары жумшалды. Ыйык Китепте эмне делет?

Дүйнө жүзү боюнча аскер күчтөрүнө 2 триллиондон ашуун АКШ доллары жумшалды. Ыйык Китепте эмне делет?

 Дүйнө жүзү боюнча аскер күчтөрүнө жумшалган акча 2022-жылы эң чоң көрсөткүчкө жетти. Тагыраак айтканда, бул сумма 2,24 триллион АКШ долларын түздү. Негизинен буга Орусиянын Украинага кол салганы себеп болду. Стокгольм эл аралык тынчтык маселесин изилдөө институтунун 2023-жылдын апрелинде берген отчётуна ылайык, 2022-жылы төмөнкү нерселер айкын болду:

  •   Европа өлкөлөрүндө аскер күчтөрүнө сарпталган каражат «бир жылдын ичинде 13 пайызга өскөн. Бул 1991-жылы аяктаган кансыз согуштан бери бардык Европа өлкөлөрүндөгү эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет».

  •   «Орусиянын курал-жаракка жумшаган каражаты 9,2 пайызга көбөйүп, эң көп акча короткон өлкө катары бешинчи орундан үчүнчү орунга көтөрүлдү».

  •   Кошмо Штаттар бул жагынан дагы деле эң алдыңкы орундарда турат. «Жер шарында согушка жумшалган каражаттын 39 пайызы алардын чөнтөгүнөн чыгат».

 «Дүйнө жүзү боюнча аскер күчтөрүнө жумшалган каражаттын акыркы жылдарда барган сайын өсүп жатканы эң эле коогалаңдуу мезгилде жашап жатканыбыздан кабар берет»,— дейт Стокгольм эл аралык тынчтык маселесин изилдөө институтунун отчётун түзгөнгө катышкан Доктор Нан Тиан.

 Ыйык Китепте биздин күндөрдө дүйнө төбөлдөрүнүн ортосундагы тирешүү күч алары алдын ала айтылган. Ошондой эле анда чыныгы бейкуттукка канткенде жете аларыбыз да жазылган.

Кагылышуулардын барган сайын көбөйө берери күн мурун айтылган

  •   Ыйык Китепте биз жашап жаткан мезгил «акыркы убак» деп сыпатталган (Даниел 8:19).

  •   Даниел пайгамбар жазган китепте ошол убакта төгөрөктүн төрт бурчундагы өкмөттөр бири-бири менен касташары айтылган. Алар үстөмдүк кылганга умтулуп, бири-бири менен «салгылашмак» же тирешмек. Бул өз ичине аскер күчтөрүн колдош үчүн «кенчти», башкача айтканда, акча-каражатын жумшоону камтымак (Даниел 11:40, 42, 43).

 Ыйык Китептеги бүйүрдү кызыткан ушул пайгамбарлык жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, «Даниел 11-бөлүмдө жазылган пайгамбарлык кантип аткарылган?» деген видеону көрсөңөр болот.

Чыныгы тынчтыкка кантип жетебиз?

  •   Ыйык Китепте Кудай адам баласы орноткон өкмөттөрдү алмаштырары айтылган. Кудай «эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал Падышалык бир да элге өткөрүлүп берилбейт. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44).

  •   Жахаба a Кудай жакында пенденин колунан келбей турган ишти кылат. Ал түбөлүккө созулган чыныгы тынчтыкты орнотот. Кантип? Анын өкмөтү — асмандагы Падышалыгы — курал-жарак аттуунун баарын талкалап жок кылып, зордук-зомбулукту түп-орду менен жоёт (Забур 46:8, 9).

 Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырары тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы башкарганда, „тынчтык мол болот“» деген макаланы окуп көргүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).