Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Сөлөкттөргө сыйынуу тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Сөлөкттөргө сыйынуу тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

 2022-жылдын 25-мартында Рим папасы Франциск Ватикандагы ыйык Петирдин базилигинде сыйынуу каадасын өткөргөн. Католик чиркөөсүнүн маалымат берүү кызматынын билдирүүсүнө ылайык, ал «Мариямдын айкелинин жанына барып, башын ийип, көзүн жумуп, ичинен тиленген». Рим папасы Мариямга жалбарып, андан тынчтык тилеген. Ватикандын маалымат кызматы баса белгилегендей, «Рим папасы Франциск Орусияны, Украинаны жана бүт адамзатты ыйык Мариянын аруу жүрөгүнө тапшырган».

 Кандай деп ойлойсуңар, сөлөкөттөрдөн тиленүү же Кудайга алар аркылуу кайрылуу туурабы? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делерине көңүл бурсаңар:

  •   «Жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги же жер бетиндеги суудагы нерселердин сөлөкөттөрүн же түспөлүн жасаба. Аларга табынба да, кызмат кылба, анткени мен Жахаба Кудайыңмын, толук берилгендикти талап кылган Кудаймын» (Чыгуу 20:4, 5) a.

  •   «Ал эми алардын буркандары алтын менен күмүштөн жасалган, пенденин колунан бүткөн. Алардын оозу бар, бирок сүйлөбөйт, көзү бар, бирок көрбөйт, кулагы бар, бирок укпайт, мурду бар, бирок дем албайт. Колу бар, бирок сезбейт, буту бар, бирок баспайт, тамагынан үн чыкпайт. Аларды жасагандар да, аларга таянгандар да ошолорго окшоп калышат» (Забур 115:4—8).

  •   «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым. Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге, мактоону оюп жасалган буркандарга бербейм» (Ышая 42:8).

  •   «Бурканга табынуучулуктан качкыла» (1 Корунттуктар 10:14).

  •   «Өзүңөрдү буркандардан сактагыла» (1 Жакан 5:21).

 Кудайга сыйынууда сөлөкөттөрдү колдонуу тууралуу Ыйык Китепте эмне делери жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китепте эмне делет? Буркандар» деген макаланы окуп көргүлө же «Сөлөкөттөрдү колдонгонубуз Кудайга жагабы?» деген видеону көрүп көргүлө.

 Ошондой эле бул макалаларды да окуп көрсөңөр болот:

Photo credit: Vincenzo Pinto/AFP via Getty Images

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.