Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бүгүнкү күндөгү ачарчылык тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Бүгүнкү күндөгү ачарчылык тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

 «Баарынын курсагы ток». Бул — дүйнө төбөлдөрүнүн үмүтү. Алар дүйнөдөгү эң чоң көйгөйдү чечүүнү, тагыраак айтканда, Жер планетасынын ар бир тургунун тамак-аш менен камсыз кылууну каалашат a. Бирок дүйнөдө эч ким ачарчылыктын азабын тартпай турган күн келеби? Ыйык Китепте эмне делет?

Биздин күндөрдө ачарчылык болору Ыйык Китепте алмустакта эле айтылган

 Ыйык Китепте биз жашап жаткан «акыркы күндөр» деп белгилүү болгон мезгилде ачарчылык болору күн мурун айтылган (2 Тиметей 3:1). Бул ачарчылыкка Кудай күнөөлүү эмес, бирок ал ушундай болорун эскерткен (Жакып 1:13). Буга тиешелүү Ыйык Китептен эки пайгамбарлыкты карап көрөлү.

 «Жер-жерлерде ачарчылык... болот» (Матай 24:7). Бул пайгамбарлыкка ылайык, ачарчылык көп жерлерди кучагына алмак. Азык-түлүктүн өндүрүлүшүн жана таратылышын көзөмөлгө алган изилдөөчүлөрдүн айтканы көңүлгө аларлык. Алар: «Дүйнө ачарчылык, азык-түлүктүн жетишсиздиги, чала тоют маселесин чечүүдө алдыга эмес, артка кадам таштап жатат b»,— дешкен. Көптөгөн өлкөлөрдө жүз миллиондогон кишилер эң зарыл тамак-ашка жетпей келет. Тилекке каршы, алардын көбү ачарчылыктын айынан өмүрү менен кош айтышып жатат.

 «Мен карап, кара атты көрдүм. Үстүндө отургандын колунда тараза бар экен» (Аян 6:5). Бул пайгамбарлыктагы каймана ат менен чабандес акыркы күндөрдөгү ачарчылыкты билдирет c. Ал колуна тараза кармап алган. Ошол тараза менен тамак-ашты тартканда, азык-түлүк ар бир кишиге кенедейден эле тиет. Чабандес чаап чыкканда, арт жактан чыккан үн тамак-аштын баасы асмандын башы болорун жана элдер тамакты ысырап кылбашы керектигин айтат (Аян 6:6). Бул пайгамбарлык дүйнөдөгү тамак-аштын тартыштыгын таамай сүрөттөп турат. Анткени миллиарддаган кишилер пайдалуу тамак-ашка жетпей жатышат.

Ачарчылык качан токтойт?

 Окумуштуулардын айтымында, Жер планетасы анда жашаган ар бир кишинин курсагын тойгузгандан да көп азык өндүрүп чыгарат. Анда эмнеге ачарчылык болуп жатат? Жаратканыбыз Жахаба d бул көйгөйдү чечиш үчүн эмне кылат? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

 Көйгөй. Өкмөттөр жакырчылыкты жана ачарчылыкка себеп болгон адилетсиздикти жоё албайт.

 Чечилиши. Адамдар орноткон жеткилең эмес өкмөттөрдүн ордун Кудайдын Падышалыгы — жеткилең өкмөт — басат (Даниел 2:44; Матай 6:10). Бүгүн колунда жок көптөгөн кишилер тамак-аш сатып ала албай кыйналышат. Бирок Кудайдын Падышалыгы башкарганда мындай болбойт. Ыйык Китепте Кудайдын Падышалыгынын Падышасы Иса Машаяк тууралуу мындай делет: «Ал жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат... Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:12, 16).

 Көйгөй. Согуштар жерди бүлгүнгө учуратып жатат. Мунун залакасы каржы системасына тийгендиктен, көптөргө зарыл тамак-ашты сатып алуу кыйынга туруп жатат.

 Чечилиши. «[Жахаба] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот, жааны сындырып, найзаны талкалайт, согуш арабаларын отко жагат» (Забур 46:9). Кудай курал-жарактарды жана согуш отун тутанткандардын баарын жок кылат. Натыйжада ар бир кишиде пайдалуу тамак-аш жетиштүү болот. Ыйык Китепте: «Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт,.. тынчтык мол болот»,— деген убада жазылган (Забур 72:7).

 Көйгөй. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнүн жана табигый кырсыктардын айынан айыл-чарба өсүмдүктөрү зыянга учурап, жаныбарлар кырылып жатат.

 Чечилиши. Кудай табигый күчтөрдү башкарат. Бул болсо Жердин бай түшүм беришине өбөлгө түзөт. Ыйык Китепте: «[Жахаба] катуу шамалды тынчтандырат, ошондо деңиз толкундары басылат... Чөлдү камыштуу көлмөгө, какшыган жерди агын сууларга айлантат. Алар мол түшүм алыш үчүн талаага эгин айдап, жүзүм отургузушат»,— деп жазылган (Забур 107:29, 35—37).

 Көйгөй. Ач көз, кара ниет кишилер зыяндуу азык-түлүктөрдү өндүрүүдө. Же карапайым элдин зарыл тамак-ашка жетишине бөгөт коюп жатышат.

 Чечилиши. Кудайдын Падышалыгы алдап пайда көргөн кара ниет кишилерди жок кылат (Забур 37:10, 11; Ышая 61:8). Ыйык Китепте Жахабанын «алдангандарга акыйкат өкүм чыгарган, ачка болгондорго нан берген Кудай» экени айтылган (Забур 146:7).

 Көйгөй. Дүйнөдөгү өндүрүлгөн азык-түлүктүн үчтөн бир бөлүгү жыл сайын же жарактан чыгып калат, же жок кылынат.

 Чечилиши. Кудайдын Падышалыгы башкарганда азык-түлүк текши бөлүштүрүлөт. Жерде жашап жүргөндө Иса пайгамбар тамак-ашты ысырап кылчу эмес. Мисалы, бир жолу ал керемет жолу менен 5 000ден ашык кишинин курсагын тойгузган. Анан шакирттерине: «Жегенден калганын чогултуп алгыла, эч нерсе ысырап болбосун»,— деп айткан (Жакан 6:5—13).

 Кудайдын Падышалыгы ачарчылыктын тамырын жулат. Андыктан бардык адамдарда жакшы, пайдалуу тамак-аш мол болот (Ышая 25:6). Кудайдын Падышалыгы ушунун баарын качан ишке ашырарын билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы жер жүзүн качан башкара баштайт?» деген макаланы окуп көргүлө.

a Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон өлкөлөрдүн 2015-жылы кабыл алган Туруктуу өндүрүш боюнча программасы (2030).

b БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун, Айыл-чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддун, Бириккен Улуттар Уюмунун балдар фондусунун, Бириккен Улуттар Уюмунун дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк программасынын жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун отчёту.

c Аян китебиндеги төрт чабандес жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Төрт чабандес эмнени билдирет?» деген макаланы окуп көргүлө.

d Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деген макаланы карагыла.