Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Yan Zabolotnyi/stock.adobe.com

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Дүйнөгө кулач жайган мыйзамсыздык. Ыйык Китепте эмне делет?

Дүйнөгө кулач жайган мыйзамсыздык. Ыйык Китепте эмне делет?

 Гаитиде кылмыштуу топтордун айынан зордук-зомбулук көп болуп жатат. Түштүк Африкада, Мексикада жана Латын Америкасынын башка өлкөлөрүндө да кылмыштуулук күч алгандыктан, эл азап чегип жатат. Зордук-зомбулук мурункуга караганда азыраак боло баштаган өлкөлөрдө да уурулук, мүлккө кол салуу сыяктуу кабарларды угуп, көптөр эртеңки күнүн ойлоп тынчсызданышат.

 Ыйык Китепте дүйнө жүзү боюнча мыйзамсыздыктын күч алышы жөнүндө эмне делет?

Ыйык Китепте мыйзамсыздык жөнүндө эмне делген?

 Ыйык Китепте дүйнө түзүлүшү аяктап баратканда мыйзамсыздык көп болору айтылган (Матай 24:3). Иса Машаяк бул тууралуу мындай деген:

  •    «Мыйзамсыздык күч алгандыктан, көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат» (Матай 24:12).

 Ошондой эле Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» «өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген» адамдар болору айтылган (2 Тиметей 3:1—5). Ушунун айынан бүгүнкү күндө мыйзамсыздык кулач жаюуда.

 Бирок келечекке үмүт менен кароого себептер бар. Ыйык Китепте жакында мыйзамсыздыктын түп тамыры менен жок болору айтылган.

  •    «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:10, 11).

 Бүгүнкү күндө болуп жаткан окуялар Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын ырастайт. Буга эмне үчүн ишенсеңер болору жана Ыйык Китептеги үмүт жөнүндөгү кабар тууралуу көбүрөөк билгиле. Ан үчүн төмөнкү макалаларды карагыла:

 «Жаркын келечекке негиз берген үмүт»

 «Кайсы белги „акыркы күндөрдө“ же „акыркы убакта“ жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?»

 «Ыйык Китепте адамдардын бузулары алдын ала айтылды беле?»