Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Francesco Carta fotografo/Moment via Getty Images

Жабыркаткан жалгыздык. Ыйык Китепте эмне делет?

Жабыркаткан жалгыздык. Ыйык Китепте эмне делет?

 Жакында эле дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн билдирүүгө ылайык a, ар бир төртүнчү киши жалгыздык менен күрөшүп келет.

  •   «Канча жашта болбойлу, каякта болбойлу, баарыбыз тең жалгызсырашыбыз мүмкүн» (Чидо Мпемба, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун социалдык байланыш боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары).

 Айрымдар жалгыздыкка жашы өтүп калгандар же элден обочолонгондор эле туш болушат деп ойлошот. Бирок жаштар, ден соолугу чыңдар, кандайдыр бир ийгиликке жеткендер жана жубайлар да жалгызсырашат. Элден обочолонуу жана жалгызсыроо адамдын ден соолугун жана эмоциялык саламаттыгын бир топ жабыркатышы мүмкүн.

  •   «Жалгызсыроо киши өзүн жаман сезгени менен эле чектелбейт. Күнүнө 15 тамеки чеккен киши кандай зыян тартса, башкалар менен мамилелешпеген, обочолоно берген киши да ошондой эле зыян тартат»,— дейт АКШнын башкы хирургу доктор Вивек Мурти.

Ыйык Китепте эмне делет?

 Жаратканыбыз башкалардан обочолонушубузду каалабайт. Кудай биздин башкалар менен мамилелешкенден кубаныч алып, рахаттанып жашашыбызды ниет кылган.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Кудай: „Адамдын жалгыз болгону жакшы эмес...“ — деди» (Башталыш 2:18).

 Кудай аны менен ынак мамиледе болушубузду каалайт. Эгер биз ага жакындаганга аракет кылсак, ал да бизге жакындайм деп убада берген (Жакып 4:8).

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Рухий муктаждыгын сезгендер бактылуу, анткени асман Падышалыгы ошолорго таандык» (Матай 5:3).

 Кудай ага башкалар менен чогуу сыйынышыбызды каалайт. Эгер ушундай кылсак, өзүбүздү бактылуураак сезебиз.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү... Жолугушууларыбызды калтырбайлы,.. бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (Еврейлер 10:24, 25).

 Жалгызсыроо менен күрөшүү канчалык маанилүү экенин билиш үчүн «Байланыш каражаттары кеңири таралган дүйнөдө жалгызсыроо» деген макаланы окуп көргүлө.

a The Global State of Social Connections, by Meta and Gallup, 2023.