Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Surasak Suwanmake/Moment via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

2023-жылдагы аптаптуу ысык. Ыйык Китепте эмне делет?

2023-жылдагы аптаптуу ысык. Ыйык Китепте эмне делет?

 Дүйнө жүзүндөгү адамдар абанын табы эң жогорку көрсөткүчкө жеткенине күбө болуп жатышат. Мунун айынан көптөр жүрөктүн үшүн алган табияттагы көрүнүштөрдү көрүп тынчсызданып жатышат. Төмөнкү билдирүүлөргө көңүл бургула:

  •   «Быйыл июнь айы болуп көрбөгөндөй ысык болду. Мындай ысык 174 жылдан бери, дүйнө жүзү боюнча абанын температурасын ченей баштагандан бери, болуп көргөн эмес» (АКШнын соода министрлиги, Океандарды жана атмосфераны изилдеген улуттук башкаруусу, 13-июль, 2023-жыл).

  •   «Италияны, Испанияны, Францияны, Германияны жана Польшаны адаттан тыш аптап каптоодо. Ошондой эле Сицилия менен Сардиния аралдарында абанын температурасы 48 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлүүдө. Европанын тарыхында мындай көрсөткүч такыр болгон эмес» (Европанын космостук агенттиги, 13-июль, 2023-жыл).

  •   «Эгер абанын температурасы ысыгандан ысый берсе, жаан тынбай нөшөрлөп жаап, сел жүрүшү толук мүмкүн». (Стефан Уленбрук, Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмунун гидрология, суу жана криосфера жаатындагы директор, 17-июль, 2023-жыл).

 Аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү силерди да тынчсыздандырып жатабы? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делгенин карап чыгалы.

Аптаптуу ысык жөнүндө Ыйык Китепте алдын ала айтылганбы?

 Ооба. Мээ кайнаткан ысык жана табияттагы көрүнүштөр Ыйык Китептеги биздин күндөргө карата айтылган пайгамбарлыктарга дал келет. Мисалы, Иса пайгамбар «коркунучтуу көрүнүштөр» болорун алдын ала айткан (Лука 21:11). Аптаптуу ысыктын айынан көптөр «жер кыйратылып калабы» деп коркуп жатышат.

Жер планетасы жашаганга жараксыз болуп калабы?

 Жок. Кудай Жер планетасын бизге түбөлүктүү үй катары берген (Забур 115:16; Насаатчы 1:4). Ал адамдардын жерди кыйратып салышына эч качан жол бербейт. Негизи, ал «жерди кыйраткандарды кыйратам» деп убадалаган (Аян 11:18).

 Ыйык Китепте Кудайдын жерди апааттардан коргой ала турганы жана буга кудурети жетери жазылган.

  •   «[Кудай] катуу шамалды тынчтандырат,ошондо деңиз толкундары басылат» (Забур 107:29). Кудай табият күчтөрүн башкарганга кудуреттүү. Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнөн улам адамзат азапка малынып жатат. Бирок Кудай бардык көйгөйлөрдү жоё алат.

  •   «Молчулук бериш үчүн жерге көңүлүңдү бурасың» (Забур 65:9). Кудай батасын бергендиктен, жер бети бейишке айланат.

 Кудайдын жер бетин калыбына келтирүүгө байланыштуу убадасы жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Жерди ким сактап кала алат?» деген макаланы окуп көргүлө.