Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Достук — жалгыздыктын дабасы. Ыйык Китеп кантип жардам берет?

Достук — жалгыздыктын дабасы. Ыйык Китеп кантип жардам берет?

 Адистердин айтымында, 2023-жылы жалгыздык адамдардын ден соолугуна коркунуч туудурган орчундуу көйгөйгө айланды. Жалгыздыктын дабасы барбы?

  •   «Жалгыздык жана элден обочолонуу ден соолугубузду талкалап, кубанычыбызды уурдап алат,— дейт АКШнын башкы хирургу доктор Вивек Мурти.— Бирок биз башкалар менен болгон мамилени чыңдаш үчүн күн сайын аракет кылсак, аны жеңе алабыз» a.

 Биз элден обочолонгондо эле жалгызсырабайбыз. Айрымдар көпчүлүктө деле жалгызсырашы мүмкүн. Жалгызсырашыбызга эмне себеп болбосун, Ыйык Китеп жардам бере алат. Андан башкалар менен болгон достугубузду бекемдегенге көмөк кылган кеңештерди таба алабыз. Бул бизге көп жалгызсырабаганга жардам берет.

Ыйык Китептеги кеңештер

 Жакшы пикир алыш. Өзүң эле сүйлөй бербей, сен да башкаларды кунт коюп ук. Эгер чын дилден кызыкдар экениңди көрсөтсөң, ортодогу мамилеңер чыңдалгандан чыңдала берет.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула» (Филипиликтер 2:4).

 Ар кандай адамдар менен достош. Дос тандоодо жаш курагына жана улутуна караба. Алар сенден улуураак же кичүүрөөк болушу мүмкүн. Атүгүл маданияты, тек жайы сеникинен айырмаланышы ыктымал.

 Канткенде башкалар менен ынак дос боло аларыбызды билиш үчүн «Достукту кантип өрчүтсөк болот?» деген макаланы окуп көргүлө.

a Our Epidemic of Loneliness and Isolation: The U.S. Surgeon General’s Advisory on the Healing Effects of Social Connection and Community, 2023.