Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Pawel Gluza/500Px Plus/Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Жапайы жаныбарлардын саны 50 жылдын ичинде 73 пайызга азайды. Ыйык Китепте эмне делет?

Жапайы жаныбарлардын саны 50 жылдын ичинде 73 пайызга азайды. Ыйык Китепте эмне делет?

 Жапайы табияттын дүйнөлүк фонду 2024-жылы 9-октябрда адам баласынын табиятка тийгизген таасири тууралуу жүрөктүн үшүн алган отчётун жарыялады. Ал отчётто «акыркы 50 жылдын ичинде (1970—2020) байкоого алынган жапайы жаныбарлардын орточо саны 73 пайызга азайганы» айтылды. Отчётто андан ары: «Жер планетасынын келечеги кийинки беш жылдын ичинде боло турган иш-аракеттерден көз каранды болуп калды деп айтсак, аша чапкандыкка жатпайт»,— деп олуттуу эскертилди.

 Мындай жаңылыктар көптөрдүн төбө чачын тик тургузары бышык. Биз кооз планетабызга аяр мамиле кылгыбыз келет. Анын жабыркап жатканы жүрөгүбүздү оорутпай койбойт. Анткени Жараткан Кудай биздин табиятка кам көрүшүбүздү ниет кылган (Башталыш 1:27, 28; Накыл сөздөр 12:10).

 Балким: «Жер планетасындагы жапайы табиятты сактап кала алабызбы?» — деп ойлонуп жаткандырсыңар. Ыйык Китепте эмне делет?

Жаркын келечек

 Планетабыздагы жапайы табиятты сактап калганга канча аракет кылбайлы, ал биздин колубуздан келбейт. Буга бир гана Кудайдын кудурети жетет. Ыйык Китептеги бир китепте, Аян 11:18де, Кудайдын «жерди кыйраткандарды кыйратары» алдын ала айтылган. Бул аяттан эки нерсени билсек болот:

  1.  1. Кудай адамдардын жерди толугу менен кыйратышына, талкалашына жол бербейт.

  2.  2. Кудай жакында иш-аракет кылат. Муну кайдан билебиз? Учурда жапайы табияттын жок болуп кетүү ыктымалдуулугу болуп көрбөгөндөй чоң. Мындай тарыхта эзели болуп көргөн эмес.

 Кудай бул көйгөйдү чечиш үчүн эмне кылат? Ал жерди асмандагы Падышалыгы, тагыраак айтканда, өкмөтү аркылуу башкарат (Матай 6:10). Ал өкмөт Кудайга баш ийген адамзатты окутуп-үйрөтөт. Алар алган билимин колдонуп, планетабыздагы жапайы табиятты коргоп, ага кам көрүшөт (Ышая 11:9).