СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Тынч жашаган жарандарды ким коргойт? Ыйык Китепте эмне делет?
Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсү:
2023-жылдын 7-октябрынан 23-октябрына чейин Газа-Израиль кагылышуусунда 6 400дөн ашуун киши каза болуп, 15 200 киши жарадар болду. Алардын көбү — кадимки эле тынч жашаган жарандар. Мындан тышкары, жүз миңдегендер үйүн таштай качканга аргасыз болушту.
Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун айынан 2023-жылдын 24-сентябрына чейин Украинада 9 701 тынч жашаган жаран өмүрүнөн айрылып, 17 748и жарадар болду.
Согуштун азабын тартып жаткандар үчүн Ыйык Китепте кандай жубатарлык сөздөр бар?
Үмүттөнгөнгө кандай себеп бар?
Ыйык Китепте Кудайдын «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотору» күн мурун айтылган (Забур 46:9). Адамдар түзгөн өкмөттөрдүн ордун анын асмандагы өкмөтү, падышалыгы, басат (Даниел 2:44). Адамзатты азаптан так ошол Кудайдын Падышалыгы арылтат.
Иса Машаяк — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы. Анын эмнелерди кыларына көңүл бурсаңар:
«Ал жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат. Бечара менен жакырды аяйт, кембагалдардын жанын сактайт. Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:12—14).
Кудайдын Өкмөтү тизгинди колго алган маалда согуштардын, зордук-зомбулуктун айынан эч ким зар какшабайт.
«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:4).
Жакында Кудайдын Падышалыгы жерде болуп жаткан иштерге кийлигишет. Ыйык Китепте тээ илгери эле «ар кайсы жерлерде согуш жүрөрү» айтылган. Муну бүгүн өз көзүбүз менен көрүп жатабыз (Матай 24:6). Ушул жана башка окуялар адамдардын бийлигинин «акыркы күндөрүндө» жашап жатканыбыздан кабар берип турат (2 Тиметей 3:1).