Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

mustafahacalaki/DigitalVision Vectors via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Жасалма акыл. Пайдалуубу же зыянбы? Ыйык Китепте эмне делет?

Жасалма акыл. Пайдалуубу же зыянбы? Ыйык Китепте эмне делет?

 Жакында дүйнө төбөлдөрү, окумуштуулар жана технология жаатындагы адистер жасалма акылдын канчалык күчтүү таасир этери жөнүндө өз ойлору менен бөлүшүштү. Алар анын пайдалуу экенине кошулушса да, эгер туура эмес колдонулуп калса, арты кесепеттүү болуп каларынан кооптонуп жатышканын айтышты.

  •   «Жасалма акыл — бүгүнкү күндө адамдардын жашоосун жакшыртканга жардам берген күчтүү куралдардын бири. Ошол эле учурда ал коопсуздугубузга, жарандык жана купуялуулук укуктарыбызга коркунуч туудурушу мүмкүн. Андан тышкары, элдин демократиялык бийликке болгон ишеничин солгундатышы ыктымал» (Камала Харрис, АКШнын вице-президенти, 4-май, 2023).

  •   «Жасалма акыл ден соолукка байланыштуу айрым көйгөйлөрдү кандайдыр бир деңгээлде чечип берсе да, ден соолугубузга жана эмоциялык саламаттыгыбызга бир топ зыянын тийгизет» (Доктор Фредерик Федерспил жетектеген эл аралык доктурлардын жана эксперттердин тобунун жазгандары, 9-май, 2023, «BMJ Global Health» a).

  •   «Адамдар жасалма акылды колдонуп жалган маалыматты жайылтышы мүмкүн. Жакында көптөр жумушсуз калышы ыктымал. Технология жаатында иштеген адистер келечекте жасалма акылдын адамзатты коркунучка кептеши мүмкүн экенин айтышууда» («Нью-Йорк таймс», 1-май, 2023).

 Жасалма акылдын жакшы же жаман жакка колдонуларын убакыт көрсөтөт. Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Эмне үчүн адамзат кооптуу нерселерди жаратат?

 Ыйык Китепте жазылгандай, адамзат өзүнүн колунан бүткөн технологиялардын туура колдонуларына эч кандай кепилдик бере албайт.

  1.  1. Адамдар бир нерсени жакшы ниет менен жасашса да, жыйынтыгы кандай болорун айта алышпайт.

    •   «Адамга түз болуп көрүнгөн жол бар, бирок акырында ал өлүмгө алып барат» (Накыл сөздөр 14:12).

  2.  2. Кайсы бир техниканы жараткан киши анын эмгегин башкалар туура колдонушабы же жокпу, көзөмөлдөй албайт.

    •   «Баары менден кийин келе турган адамга калат. Анын акылдуу же акылсыз болорун ким билет? Анткен менен ал менин күн астында мээнет кылып, акылмандык менен тапканымдын баарына ээлик кылат» (Насаатчы 2:18, 19).

 Кооптонууну туудурган ушундай нерселер Жаратканыбыздын бизге жол көрсөтүшүнө эмне үчүн муктаж экенибизди көрсөтүп турат.

Коопсуздукту каяктан табууга болот?

 Жараткан Кудайыбыз адамдарга да, технологияга да жерди же адамзатты кыйратышына эч качан жол бербейт.

  •   «Жер болсо түбөлүктөн түбөлүккө турат» (Насаатчы 1:4).

  •   «Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).

 Жаратканыбыз Ыйык Китеп аркылуу жетекчилик берип, бизди тынчтык жана коопсуздук өкүм сүргөн келечекке багыттайт. Ыйык Китепте бул жөнүндө эмне делери тууралуу көбүрөөк билиш үчүн бул макалаларды окуп көргүлө: «Жаркын келечекке алып барган жолду кантип тапсак болот?» жана «Жаркын келечекке негиз берген үмүт».

a Фредерик Федерспил, Рут Митчелл, Аша Асокан, Карлос Умано жана Дейвид Маккой тарабынан жазылган «Жасалма акыл адамзат коомуна жана адамзаттын саламаттыгына коркунуч туудурууда» деген макаладан алынды.