Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

alashi/​DigitalVision Vectors via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Жек көрүүчүлүк эмне үчүн күч алууда? Ыйык Китепте эмне делет?

Жек көрүүчүлүк эмне үчүн күч алууда? Ыйык Китепте эмне делет?

 Каякты караба, жаңылыктын баары эле жек көрүүчүлүктүн уусуна чыланган сөздөр, кылмыш, улут аралык зордук-зомбулук жана согуштар жөнүндө болуп калды.

  •   «Израиль менен Газанын ортосундагы кандуу кагылышуунун жана зордук-зомбулукка, жек көрүүчүлүккө май чачкан кишилердин айынан соцтармактар кылычтай тийген уу сөздөргө болуп көрбөгөндөй толду» («Нью-Йорк таймс», 2023-жыл, 15-ноябрь).

  •   «Учурда улуттардын ортосундагы жек көрүүчүлүк туу чокусуна жетти. Ошол себептен 7-октябрдан бери заар сөздөр, зордук-зомбулук кескин түрдө күч алууда» (Деннис Фрэнсис, Бириккен Улуттар Уюмунун башкы ассамблеясынын президенти, 2023-жыл, 3-ноябрь).

 Жек көрүүчүлүккө сугарылган жүрөктөн чыккан ачуу сөздөр, зордук-зомбулук жана согуш бүгүнкү күндө жаңылык эмес. Ыйык Китепте мурун деле согуш отун тутанткан, кан төккөндөн кайра тартпаган кишилердин болгону айтылган. Алар «тилин кылычтай курчутуп, заар сөздөрүн жебедей камдаган» кишилер катары сүрөттөлгөн (Забур 64:3; 120:7; 140:1). Көңүлгө алчу нерсе, Ыйык Китепте биздин күндөрдөгү жек көрүүчүлүк бөтөнчө экени айтылат.

Жек көрүүчүлүк — биздин күндөрдү өзгөчөлөп турган белги

 Ыйык Китепте адамдар эмне үчүн бири-бирин жек көрөрүнүн эки негизги себеби жазылган.

  1.  1. Ыйык Китепте «көбүндө сүйүүнүн илеби кайта» турган убакыт келери алдын ала айтылган (Матай 24:12). Адамдар бири-бирин жакшы көргөндүн ордуна, жек көрүүчүлүктүн жалынын жалбырттата турган терс сапаттарды жамынып алышкан (2 Тиметей 3:1—5).

  2.  2. Жек көрүүчүлүктүн дүйнөнү курчап алганына амалкөй, зулум Шайтан Ибилис себепкер. Ыйык Китепте «бүт дүйнөнүн Шайтандын бийлиги астында экени» жазылган (1 Жакан 5:19; Аян 12:9, 12).

 Анткен менен Ыйык Китепте Кудайдын жакында жек көрүүчүлүктү тамыры менен жулуп салары да айтылган. Ал эле эмес, Кудай анын кесепетин, азап-кайгыны, жоёт. Ал өзүнүн Сөзүндө мындай убада берген:

  •   «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:4).