Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Күч алып бараткан бүткүл дүйнөлүк инфляция. Ыйык Китепте эмне делет?

Күч алып бараткан бүткүл дүйнөлүк инфляция. Ыйык Китепте эмне делет?

 «Бүтүндөй дүйнөнүн экономикасы кайрадан коркунучта. Бул жолкусунда инфляция катуу күч алды. Товарлардын, кызматтардын баасы кыйла көтөрүлүп, акчанын куну болсо түшүп кетти»,— деп Дүйнөлүк банктын президенти 2022-жылдын июнь айындагы отчётунда эскерткен.

 Ал эми Эл аралык валюта фондунун билдирүүсүндө: «Күйүүчү майдын, азык-түлүктүн баасы бир паста эле асмандын башы болуп кетти. Мунун айынан, өзгөчө, жакыр өлкөлөрдөгү карапайым адамдар кыйналып жатышат»,— деп белгиленген.

 Ыйык Китепте дүйнөдө эмне үчүн ушундай экономикалык кыйынчылыктар болуп жатканынын себеби түшүндүрүлөт. Ошондой эле андан ал көйгөйлөр менен кантип күрөшсөк болорун жана алардын биротоло чечилерине үмүттөнсөк болорун биле алабыз.

«Акыркы күндөрдөгү» кымбатчылык

  •   Ыйык Китепте биз жашап жаткан убак «акыркы күндөр» деп аталат (2 Тиметей 3:1).

  •   Иса дүйнөнүн акырына аз калганда «коркунучтуу көрүнүштөр», башкача айтканда, жүрөктүн үшүн алган окуялар көп болорун алдын ала айткан (Лука 21:11). Бардык нерсе кымбаттап, инфляция күндөн күнгө күч алып бараткандыктан көптөр келечегин ойлоп коркушат. Үй-бүлөмдү бага аламбы деп тынчсызданышат.

  •   Аян китебинде акыркы күндөрдө азык-түлүктүн кымбаттай турганы алдын ала айтылган. Бул тууралуу Ыйык Китептин бир котормосунда мындай делген: «Мен мындай деп айткан үндү уктум: „Бир өлчөм буудай, үч өлчөм арпа бир күндүк эмгек акыны түзсүн!“» (Аян 6:6; «Easy-to-Read Version»).

«Акыркы күндөр» жана Аян китебиндеги пайгамбарлык жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн « Дүйнө 1914-жылдан бери кыйла өзгөрдү» деген видеону көргүлө. Ошондой эле «Төрт чабандес эмнени билдирет?» деген макаланы окуп көрсөңөр болот.

Экономикалык кыйынчылыктардын баарынын чечилиши

  •   «Адамдар үйлөрдү куруп, курган үйлөрүндө жашашат, жүзүм отургузуп, мөмөлөрүн жешет. Алар үйлөрүн башка бирөө жашасын деп курушпайт, жүзүмдөрүн башка бирөө жесин деп отургузушпайт» (Ышая 65:21, 22).

  •   «Дан жер бетинде мол болот, тоолордун чокусу эгинге толот» (Забур 72:16).

  •   «„Кыйналгандар таланып-тонолуп, жакырлар үшкүрүнүп жаткандыктан, эми ордуман турам“,— дейт Жахаба» (Забур 12:5) a.

 Кудай жакында бир өлкөдөгү эле эмес, бүткүл дүйнө жүзүндөгү экономикалык теңсиздикти жоёт. Анын муну кантип кыларын «Экономикалык теңсиздик жоюлабы?» деген макаладан окуп көргүлө.

 Ал убак келгенге чейин, Ыйык Китептеги кеңештер жокчулук жону жуканы желкелеген замандын кыйынчылыктары менен күрөшкөнгө жардам берет. Кантип? Алсак, анда акчаны канткенде туура колдоно аларыбызга байланыштуу даанышман кеңештер бар (Накыл сөздөр 23:4, 5; Насаатчы 7:12). Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Күнүмдүк турмушуңарды уланта бергиле» жана «Акча тартыш болгондо, кантип күн көрсө болот?» деген макалаларды окуп көрсөңөр болот.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).