Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

alfa27/stock.adobe.com

ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИНЕ ЧАКЫРУУ ӨНӨКТҮГҮ

Иса кылмыштуулукту жоёт

Иса кылмыштуулукту жоёт

 Иса кылмыштуулуктун, адилетсиздиктин айынан азап тартуу эмне экенин жакшы билет. Ага жалган жалаа жабылган, мыйзамсыз түрдө ур-токмокко алынган, аны адилетсиз түрдө кыйнап, соттошкон жана азаптуу өлүм менен өлгөн. Эч кандай күнөөсү жок болсо да, Иса өмүрүн аябай, даярдуулук менен «көптөр үчүн жанын кун катары берген» (Матай 20:28; Жакан 15:13). Жакында ал Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары жер бетине адилеттүүлүктү орнотуп, кылмыштуулукту түп тамыры менен жок кылат (Ышая 42:3).

 Иса иш-аракет кыла баштаганда жашоо кандай болору жөнүндө Ыйык Китепте мындай делет:

  •   «Дагы бир аздан кийин ыймансыз жок болот, ордун карап, аны таппай каласың. Ал эми мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (Забур 37:10, 11).

 Исанын биз үчүн кылган жана келечекте кыла турган жакшылыктарына ыраазы экенибизди кантип көрсөтө алабыз? Лука 22:19да Иса жолдоочуларына анын өлүмүн эскерип турушу керектигин айткан. Ошол себептен Жахабанын Күбөлөрү жылына бир жолу анын өлүмүн эскериш үчүн чогулушат. Биз силерди 2024-жылы 24-мартта, жекшемби күнү, өткөрүлө турган Иса пайгамбардын өлүмүн эскерүү кечесине чакырабыз.

Эскерүү кечеси өткөрүлө турган жерди табуу