Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Mary_Ukraine/stock.adobe.com

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Ишеничтен чыккан саясат. Ыйык Китепте эмне делет?

Ишеничтен чыккан саясат. Ыйык Китепте эмне делет?

 2024-жылы дүйнө жүзү боюнча шайлоолордун саны болуп көрбөгөндөй көп болот деп күтүлүүдө. Ошентсе да көптөрдүн саясатка болгон ишеними азайгандан азайып баратат.

  •   Америкада жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү «саясатчылардын көбү» элдин камын ойлогондун ордуна, «өз көмөчүнө күл тартарын» айтышкан a («Пю» изилдөө борбору, 2023-жыл, 19-сентябрь).

 Көптөгөн жаштар да саясатка ишенбей калды.

  •   «Бир сурамжылоодон өспүрүмдөрдүн маанилүү маселелердин чечилишине кызыкдар экени айкын болгон. Бирок ал өспүрүмдөр бийликтегилердин ошол маселелерди чечпей жатканын айтышкан» («Нью-Йорк таймс», 2024-жыл, 29-январь).

  •   «Бир билдирүүгө ылайык, жаштар саясий төбөлдөргө караганда, ютуберлерге көбүрөөк ишенет» («The Korea Times», 2024-жыл, 22-январь).

 Саясатчылар жашоону жакшы жакка өзгөртө аларына ишенсек болобу? Деги кимге таянсак болот?

Кимге ишенериңерге маани бергиле

 Адамдар кимге таянып жатканына жеңил ойлуу карабашы керек. Себеби Ыйык Китепте: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 14:15).

 Канчалык чынчыл, канчалык ниети жакшы болбосун, саясатчылар ойлогон оюнун баарын ишке ашыра албайт. Ошон үчүн Ыйык Китепте мындай деп айтылат:

  •   «Аттуу-баштууларга, куткара албай турган адам баласына таянбагыла» (Забур 146:3).

Таянса боло турган жол башчы

 Ыйык Китепте Кудай жөндөмү жагынан теңдеши жок, эң эле ишеничтүү башкаруучуну дайындаганы айтылат. Ал — Иса Машаяк (Лука 1:32, 33). Иса — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы. Кудайдын Падышалыгы — асмандан бийлик жүргүзгөн өкмөт (Матай 6:10).

a Pew Research Center, “Americans’ Dismal Views of the Nation’s Politics,” September 2023.