Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Kim Steele/The Image Bank via Getty Images

Каржы каатчылыгы. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Каржы каатчылыгы. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

 Дүйнө жүзү боюнча көптөргө күн көрүш оңой эмес. Бирине тартса, экинчисине жетпей, заман тарып баратат.

  •    Төгөрөктүн төрт бурчундагы жагдайды таамай сүрөттөгөн бир отчётко ылайык a, «акчанын наркы түшүп, эч нерсеге жетпей калды». Ошол отчётто эскертилгенедей, эгер эч кандай чара көрүлбөсө, «коом чириген байларга жана кара таман жакырларга бөлүнүп», «көптөрдүн жашоо шарты» өтө төмөндөп кетиши мүмкүн.

 Өкмөттөр каржы системасындагы көйгөйлөрдү чече алабы? Же жок эле дегенде жагдайды жакшырта алабы?

 Ыйык Китепте бир өкмөт жөнүндө айтылат. Ал өкмөт каржы каатчылыгын чече алат жана сөзсүз чечет. Анын бийлиги астында коом бай-кедей болуп бөлүнбөйт. Ыйык Китепте: «Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот»,— деп жазылган. Бир гана ошол Падышалык Жер планетасына тиешелүү көйгөйлөрдү жоё алат (Даниел 2:44). Ал Падышалыктын бийлиги астында эч ким унутта калбайт (Забур 9:18). Анын жарандары керектүү нерселердин баары менен камсыз кылынып, бактылуу жашашат. Маңдай терин агызып эмгектенип, анын үзүрүн көрүшөт (Ышая 65:21, 22).

a Эл аралык эмгек уюмунун маяна боюнча бүткүл дүйнөлүк отчёту, 2022—2023