СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Кимге ишенсеңер болот? Ыйык Китепте эмне делет?
Ишеничтүү деп эсептелген кишилер элдин ишеничин актабай калганда, көптөрдүн көңүлү кайт болот. Эл төмөнкүлөргө ишенбей калды:
өз көмөчүнө күл тарткан саясий төбөлдөр,
бурмаланган, так эмес маалыматты жайылткан маалымдоо каражаттары,
элди ойлобогон илимпоздор,
Кудайдын өкүлү болгондун ордуна, саясатты кош колдоп колдогон диний жетекчилер.
Кимдир бирөөгө ишеним артууда көптөрдүн сак болгону туура. Ыйык Китепте төмөнкүдөй эскертүү камтылат:
«Аттуу-баштууларга, куткара албай турган адам баласына таянбагыла» (Забур 146:3).
Ишенсе боло турган бирөө бар
Кудайдын Сөзүндө кимге ишенсек болору жазылган. Ал — Иса Машаяк. Иса тек гана байыркы заманда жашаган жакшы киши болгон эмес. Кудай аны Падыша кылып дайындап, «анын Падышалыгынын акыры болбой» турганын айткан (Лука 1:32, 33). Ооба, Иса — Кудайдын Падышалыгынын Падышасы. Анын Падышалыгы, Өкмөтү, учурда асмандан башкарып жатат (Матай 6:10).
Иса Машаякка эмне үчүн ишенсеңер болорун билиш үчүн төмөнкү макалаларды окуп көргүлө: «Кудайдын Падышалыгынын Падышасы ким?» жана «Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?»