Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Photo by Zhai Yujia/China News Service/VCG via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Кыян. Ыйык Китепте эмне делет?

Кыян. Ыйык Китепте эмне делет?

 Дүйнө жүзү боюнча көптөр кыяндан, селден жапа чегип жатышат. Төмөнкү билдирүүлөргө көңүл бурсаңар:

  •   «Кытайдын борбор калаасында бир нече күндүн ичинде эле жаан челектеп төктү. Мындай көрүнүш акыркы 140 жылдын ичинде болуп көргөн эмес... Ишембиден шаршембиге чейин жааган жаандын катмары 744,8 милиметрди түздү» («AP News», 2-август, 2023).

  •   «„Ханун“ тайфунуна куйрук улаш жааган нөшөрлөгөн жамгыр менен катуу шамал экинчи эле күнү, бейшемби күнү, Жапониянын түштүгүн бүлгүнгө учуратты. Бери дегенде, эки киши набыт болду... Ушул катуу шамалдын айынан борбордук Тайвандын тоолуу аймагына 0,6 метр калыңдыктагы жамгыр жаашы күтүлүүдө» («Deutsche Welle», 3-август, 2023).

  •   «Дем алыш күндөрү Канаданын Атлантикалык аймагында жаан болуп көрбөгөндөй нөшөрлөп жаады. Акыркы 50 жылда мынчалык катуу жаан болгон эмес. Кесепетинде Жаңы Шотландияда сел жүрдү» («BBC News», 24-июль, 2023).

 Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

«Акыркы күндөрдүн» белгиси

 Ыйык Китепте биз жашап жаткан убакыт «акыркы күндөр» деп аталат (2 Тиметей 3:1). Иса биздин күндөрдө «коркунучтуу көрүнүштөрдүн» же жүрөктүн үшүн алган окуялардын болорун айткан (Лука 21:11). Климаттын өзгөрүшү аба ырайынын күтүүсүз, кескин өзгөрүшүнө алып келип, кесепеттүү болуп жатат.

Үмүттөнүүгө негиз барбы?

 Ыйык Китепте жазылгандай, учурда жер бетинде болуп жаткан ушундай коркунучтуу окуялар үмүттөнүүгө негиз берет. Кандайча? Иса: «Булардын болуп жатканын көргөнүңөрдө Кудайдын Падышалыгынын жакындап калганын билгиле»,— деп айткан (Лука 21:31; Матай 24:3).

 Көз алдыбызда болуп жаткан окуялар Кудайдын Падышалыгы жакында табият күчтөрүн, анын ичинде жаратылыштагы суунун айланышын толугу менен көзөмөлгө аларын көрсөтүп турат (Аюп 36:27, 28; Забур 107:29).

 Кудайдын Падышалыгы кандайча жерди калыбына келтирери жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Жерди ким сактап кала алат?» деген макаланы окуп көргүлө.