Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

YURI LASHOV/AFP via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Машаяктын жолдоочулары жана согуштар. Ыйык Китепте эмне делет?

Машаяктын жолдоочулары жана согуштар. Ыйык Китепте эмне делет?

 Украинада согуш оту тутангандан бери христиан диний төбөлдөрү элдерди кайсы бир тарапты ээлөөгө тынбай үгүттөп келет. Эки тараптын тең диний жетекчилери согушту кандай жолдор менен колдоп жатканына көңүл бурсаңар:

  •   «Украинаны баскынчылардан эр жүрөктүк менен коргоп жаткан жоокерлерибиздин баарына ыраазычылык жана терең урмат-сый. Силер биздин жүрөгүбүздөсүңөр, силер үчүн жалындуу тиленебиз жана силерди колдош үчүн дайыма жаныңардабыз» (Киев метрополити Епифаний I, «Жерусалим Пост», 2022-жыл, 16-март).

  •   «Орус православие чиркөөсүнүн башчысы орус аскерлери үчүн жекшемби күнү атайын диний кызмат өткөрдү. Ошол кызмат учурунда ал аскерлерди: „Москванын Украинага каршы аскердик өнөктүгү дагы деле уланып жаткандыктан өлкөңөрдү накта орустардай коргогула!“ — деп үндөгөн» («Рейтер» маалымат агенттиги, 2022-жыл, 3-апрель).

 Машаяктын чыныгы жолдоочулары согушушу керекпи? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

Ыйык Китепте чынында эмне деп айтылган?

 Ыйык Китепте Иса Машаяктын жолун жолдогондор согушка эч кандай жол менен катышпашы керектиги ачык эле жазылган.

  •   «Кылычыңды кынына сал, анткени кылыч көтөргөндөрдүн баары кылычтан өлөт» (Матай 26:52).

     Согушка катышкан адамды Исанын ушул буйругуна жараша иш кылып жатат деп айтууга болобу?

  •   «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жакан 13:34, 35).

     Иса Машаяктын чыныгы жолдоочуларын ушундай сүйүү айырмалап турмак. Ал эми согушту колдоп жаткан адамды Иса осуят кылгандай сүйүү көрсөтүп жатат деп айтканга болобу?

 Көбүрөөк билиш үчүн «Машаяктын жолдоочулары менен согуштардын жалпылыгы барбы?» (ор.) деген макаланы окуп көргүлө.

Бүгүнкү күндөгү Машаяктын жолдоочулары жана согуштар

 Бүгүнкү күндө Машаяктын жолдоочулары согуштарга катышпай коё алабы? Ооба. Ыйык Китепте «акыркы күндөр» деп белгиленген убакыт аралыгында, тагыраак айтканда, биздин күндөрдө бардык улуттардан бир эл чыкмак. Алар Машаяктын окууларына бек карманып, «согушууга үйрөнүшмөк» эмес (Ышая 2:2, 4).

 Жакында Жахаба a — «тынчтыктын Кудайы» — асмандагы өкмөтү аркылуу адамдарды «кысымдан, зордук-зомбулуктан» куткарат (Филипиликтер 4:9; Забур 72:14).

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).