Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Мектептеги атышуу. Ыйык Китепте эмне делет?

Мектептеги атышуу. Ыйык Китепте эмне делет?

 2022-жылдын 24-майында АКШнын Техас штатынын Ювалд шаарчасында жүрөктүн үшүн алган окуя болгон. «Нью-Йорк таймс» гезитинин маалыматына ылайык, «Робб башталгыч мектебинде куралчан бала 19 окуучуну жана 2 мугалимди атып өлтүргөн».

 Өкүнүчтүүсү, төбө чачты тик тургузган мындай окуялар барган сайын боло жүргөн нерсеге айланууда. «Ю-Эс-Эй тудей» гезитинде белгиленгендей, Кошмо Штаттардын өзүндө эле «акыркы жылы мектепте ок атылган 249 учур катталган. Бери дегенде, 1970-жылдан бери, бир жылдын ичинде ушунчалык көп учур каттала элек болчу».

 Дене бойду дүркүрөткөн мындай кылмыштар эмне үчүн күч алып жатат? Канткенде коркунучка алдырбайбыз? Зордук-зомбулук болбой турган убак келет деп үмүттөнсө болобу? Ыйык Китепте ушул суроолордун жообу бар.

Дүйнөдө эмне үчүн зордук-зомбулук күч алууда?

  •   Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, биздин күндөрдө, тагыраак айтканда, «акыркы күндөрдө» «жакындарын сүйбөгөн», мыкаачылык менен зулум иштерди кылган «ырайымсыз» адамдар көп болмок. Андай адамдардын зөөкүрлүгү ашынып, «барган сайын бузула беришмек» (2 Тиметей 3:1—5, 13). Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китепте адамдардын бузулары алдын ала айтылды беле?» деген макаланы окуп көргүлө.

 Көптөр: «Эмне үчүн Кудай мектептеги атышуу сыяктуу ушундай каргашаларды токтотуп койбойт»,— деп бушайман болушат. Бул суроого Ыйык Китепте эмне деп жооп берилерин «Эмне үчүн жакшы адамдар жамандыкка кабылышат?» деген макаладан биле аласыңар.

Канткенде коркунучка алдырбайбыз?

  •   «Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн, мурун жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (Римдиктер 15:4).

 Ыйык Китептеги принциптер мыкаачылык күч алган заманда коркунучка алдырбаганга жардам бере алат. Буга байланыштуу көбүрөөк маалымат алыш үчүн «Зордук-зомбулук болбой турган күн келеби?» (ор.) деп аталган «Ойгонгула!» журналын окуп көргүлө.

 Ата-энелер балдарын жүрөктүн үшүн алган жаңылыктардан кантип коргосо болору «Жаңылыктар балаңарга кандай таасир этет?» деген макалада айтылат.

Зордук-зомбулук болбогон убак келеби?

  •    «Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:14).

  •    «Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, согушууга үйрөнбөйт» (Микей 4:3).

 Кудай адамдардын колунан келбей турган нерселерди ишке ашыра алат. Анын асмандагы өкмөтү курал-жарак аттуунун баарын жана зордук-зомбулуктун бардык түрүн жок кылат. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырарын билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы башкарганда, „тынчтык мол болот“» деген макаланы окугула.