Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Дүйнө жүзүндөгү ок атылган окуялар. Ыйык Китепте эмне делет?

Дүйнө жүзүндөгү ок атылган окуялар. Ыйык Китепте эмне делет?

 2022-жылдын июль айынын ичинде дүйнө жүзү боюнча дене бойду дүркүрөткөн ок атылган окуялар:

  •   Жапониянын белгилүү саясатчысынын [мурунку премьер министр Шинзо Абе] өлүмү бүтүндөй өлкөнү эле эмес, бүт дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүрдү. Өзгөчө, бул кылмыштуулук сейрек кездешкен жана курал жарак катуу көзөмөлгө алынган өлкөдө болгону таң калыштуу болду» («Жапон Таймс» гезити, 2022-жыл, 10-июль).

  •   «Копенгагендеги чоң дүкөндө куралчан кишинин 3 кишини атып салганы даниялыктардын үрөйүн учурду» («Рейтер» маалымат агенттиги, 2022-жыл, 4-июль).

  •   «Түштүк Африка: Соуэто шаарчасындагы кафе-барга куралчан топ киши кирип келип, ок чыгарышкан. Натыйжада 15 киши каза тапкан» («Гардиан» 2022-жыл, 10-июль).

  •   «4-июлда, улуттук майрам өткөрүлүп жатканда, АКШнын ар кайсы жерлеринде ок атылган. Анын кесепетинде 220дан ашуун киши көз жумган» («Сибиэс Ньюс», 2022-жыл, 5-июль).

 Ушундай төбө чачты тик тургузган иштер токтойт деп үмүттөнсөк болобу? Ыйык Китепте бул тууралуу эмне делет?

Зомбулуктун күнү бүтөт

 Ыйык Китепке ылайык, азыр биз «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз. Анда акыркы күндөрдө адамдар ырайымсыз, мыкаачы, таш боор болору алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:1, 3). Үрөйдү учурган ушундай окуялар адамдарды коркуп жашаганга мажбур кылууда (Лука 21:11). Бирок Ыйык Китепте ырайымсыздык болбой турган убак келери айтылат. Ошондо адамдар «бейпил жерде, коопсуздук өкүм сүргөн турак жайларда, тынч жерлерде жашайт» (Ышая 32:18). Ырайымсыздыкка жаткан иштер кантип токтотулат?

 Жаратканыбыз ыймансыздарды жок кылып, бардык курал-жарактарды талкалайт.

  •   «Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат» (Накыл сөздөр 2:22).

  •   «[Кудай] жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот, жааны сындырып, найзаны талкалайт, согуш арабаларын отко жагат» (Забур 46:9).

 Кудай адамдарды тынчтыкта жашоого үйрөтүп, ырайымсыздыкты тамыры менен жулат.

  •   «Бүт ыйык тоомдо алар эч кандай зыян келтиришпейт, залака тийгизишпейт. Анткени, деңиз сууга толгондой, жер Жахаба жөнүндөгү билимге толот» (Ышая 11:9).

  •   Кудай азыртадан эле дүйнө жүзү боюнча адамдарды зомбулукка барбоого, куралдарынан «соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасоого» үйрөтүүдө (Микей 4:3).

 Кудайдын бейкут заманды орнотору жөнүндөгү убадасы тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Коркуу сезиминен арылуу мүмкүнбү?» деген макаланы окуп көргүлө.

 Зомбулуктун биротоло жок кылынары тууралуу «Акыры дүйнөгө орнотула турган тынчтык!» (ор.) деген макаладан көбүрөөк биле аласыңар.