Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

kovop58/stock.adobe.com

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Олимпиада оюндары чындап эле биримдикке өбөлгө түзө алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

Олимпиада оюндары чындап эле биримдикке өбөлгө түзө алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

 2024-жылкы жайкы Олимпиада оюндарын дээрлик 5 миллиарддай киши көрүп жатат. Ага 206 өлкөдөн келген спортчу катышууда. Эл аралык Олимпиадалык комитеттин президенти Томас Бах мындай деп бөлүшкөн: «Биз дүйнөнү бириктирген иш-чарага катышып жатабыз. Олимпиада оюндары ар улуттан болгон адамдарды бириктирип, тынчтыкка үндөп жатат. Андыктан бул сыймыктуу ишти кош колдоп берели».

 Олимпиада ушул максатка жете алабы? Чынында эле тынчтыктын, биримдиктин болоруна үмүттөнсөк болобу?

Тынчтыкка жана биримдикке өбөлгө түзө алабы?

 Бул жылкы Олимпиада оюндары спорт менен эле чектелген жок. Ал иш-чарада адамдарды бөлүп-жарган коомдук жана саясий көйгөйлөргө да көңүл бурулуп жатат. Ал көйгөйлөр өз ичине адам укуктарын, расизмди, диний басмырлоону жана гендердик теңсиздикти камтыйт.

 Олимпиада сыяктуу эл аралык спорттук иш-чаралар көңүл ачуу менен коштолот. Анткен менен андай иш-чараларда адамдардын ой жүгүртүүсүнөн жана иштеринен бөлүнүп-жарылганга жакын экени айкын көрүнүп калат. Ушундай мелдештер чыныгы тынчтыкка, биримдикке үндөбөй эле, тескерисинче, андан ары да бөлүнө бергенге өбөлгө түзүп коёт.

 Ыйык Китепте адамдардын жүрүм-турумунун кескин өзгөрүшү биримдикке салым кошпой эле, ага бөгөт коёру алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:1—5). Ал пайгамбарлык тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Ыйык Китепте адамдардын бузулары алдын ала айтылды беле?» деген макаланы окуп көргүлө.

Тынчтыктын жана биримдиктин чыныгы булагы

 Ыйык Китепте тынчтык, биримдик болоруна байланыштуу чыныгы үмүт камтылат. Муну «Кудайдын Падышалыгы» деп аталган асмандагы өкмөт ишке ашырат жана ал адамдардын баарын бириктирет (Лука 4:43; Матай 6:10).

 Ал Падышалыктын Падышасы Иса Машаяк жерге тынчтык орнотот. Ыйык Китепте мындай делген:

  •   «Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт,.. тынчтык мол болот» (Забур 72:7).

  •   «Ал жардам сурап жалбарган жакырды... кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:12, 14).

 Исанын айткан насааттары азыртадан эле 239 өлкөдө жашаган миллиондогон адамдардын башын бириктирүүдө. Анын жолдоочулары, дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү, тынчтыкты сактаганга үйрөнүп жатышат. Кантип? Бул тууралуу «Күзөт мунарасы» журналынын «Жек көрүүчүлүктүн айлампасынан чыга алабыз!» деп аталган чыгарылышын окуп көргүлө.