Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашообуз мурункудай болуп кадимки калыбына түшөбү? Пандемия дүйнөнү чалды-куйду кылды. Ыйык Китеп кандайча жардам берет?

Жашообуз мурункудай болуп кадимки калыбына түшөбү? Пандемия дүйнөнү чалды-куйду кылды. Ыйык Китеп кандайча жардам берет?

 «Баарыбыз жашообуздун кайра мурункудай калыбына келип, кадимки нукка түшүшүн каалайбыз» (Ангела Меркель, Германиянын канцлери).

 COVID-19 пандемиясынан дүйнө жүзүндөгү адамдар дагы деле жабыркап жаткандыктан, силер да, Ангела Меркелдей болуп, ойлонгон учурларыңар болот болуш керек. Жашоонун кадимки нугу деп эмнени айткыбыз келип жатат? Адамдар эмнеге үмүт артышууда?

  •   Жашоосу пандемияга чейинкидей болушун каалашат. Айрымдар башкалар менен коркпой кучакташып, кол алышып жана ээн-эркин саякаттаган күндү күтүп келишет. Доктор Энтони Фаучи a айткандай, алар үчүн «жашоонун кадимки нугуна түшүү» «ресторандарга, театрларга жана башка ушу сыяктуу жерлерге барууну» камтыйт.

  •   Жашоосун жакшыртууну көздөшөт. Айрымдар пандемияны, жашоонун мурунку нугуна эле түшпөстөн, андан да жакшыртуу мүмкүнчүлүгү катары көрүшөт. Алар көп нерсе өзгөрүшү керек деп эсептешет. Алсак, бүт убакытты, күчтү соргон жумуш, коомдогу теңсиздик, барган сайын көптөр чалдыгып жаткан депрессия артта калышы керек деп ойлошот. Бүткүл Дүйнөлүк Каржы Форумунун негиздөөчүсү Клаус Шваб мындай деген: «Пандемия бизге бүтүндөй жашообузду, кандай жашап жатканыбызды жана эмнени өзгөртсөк болорун талдаганга мүмкүнчүлүк берди. Мындай мүмкүнчүлүк дайыма эле боло бербейт».

 Пандемия айрымдардын жашоосун бүлгүнгө учуратты. Ошондуктан алар жашоонун кайра мурункудай нукка түшөрүнө деги эле үмүттөнбөй калышты. Мисалы, көптөр жумушсуз, үйсүз калышты, ден соолугу кетти, андан да жаманы, жакындарынан айрылышты.

 Албетте, пандемия бүткөндөн кийин жашоо кандай болорун эч ким так айта албайт (Насаатчы 9:11). Анткен менен Ыйык Китеп көптү күтпөй келечекке туура караганга жана жашоо кандай болуп өзгөрүп кетпесин, ал кыйынчылыктарды көтөргөнгө жардам берет. Баарынан маанилүүсү, Ыйык Китепте жаркын келечекке үмүттөнсөк болору жазылган. Силер андай жашоону күтпөшүңөр деле мүмкүн, бирок ал сөзсүз ишке ашат.

COVID-19 пандемиясына туура өңүттөн кароо

 Байыркы убакта эле Ыйык Китепте дүйнө «аяктап бараткан» маалда бүт дүйнөнү каптай турган «жугуштуу оорулар» болору алдын ала айтылган (Лука 21:11; Матай 24:3). COVID-19 пандемиясына ушул өңүттөн караганда Ыйык Китепте айтылган маанилүү пайгамбарлыктардын аткарылып жатканына ынанабыз. Алсак, биздин күндөрдө согуштар, катуу жер титирөөлөр, тамак-аштын жетишсиздиги сыяктуу нерселер болмок.

 Муну билгенибиздин кандай пайдасы бар? Пандемиядан кийин жашоо бир аз оңолушу мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте биздин «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатканыбыз айтылат (2 Тиметей 3:1). Муну билгенибиз кыйынчылык желкеден басып турган азыркы маалда жашоодон көптү күтүп алып көңүл кайттыкка учурабаганга жардам берет.

 Ыйык Китеп бардыгына туура көз карашта болгонго көмөк кылат. Биз азыр кыйынчылык үстөккө-босток басып, жашоо барган сайын оорлой бере турган учурда жашап жатабыз. Бирок жакында чоң өзгөрүү болот. Ал эмне болгон өзгөрүү?

Көптөр күтпөгөн келечек

 Ыйык Китепте бизди түйшөлткөн кыйынчылыктарга туш болорубуз эле эмес, жашоонун жакында жакшы жакка өзгөрөрү да айтылган. Аны адамдар башкарган бир да өкмөт кыла албайт. Бул бир гана Жараткан Кудайыбыздын колунан келет. Ал убак тууралуу Ыйык Китепте: «Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт»,— деп айтылган (Аян 21:4).

 Жахаба b Кудай: «Мына, мен бардыгын жаңы жаратып жатам»,— деп убада берет (Аян 21:5). Ал адамзаттын бардык кыйынчылыктарын, анын ичинде пандемиядан улам пайда болгон көйгөйлөрдү толугу менен чечет. Ошондо жашообуз кандай болот?

  •   Ден соолугубуз, акыл-эс саламаттыгыбыз чың болот. Эч ким оорубайт, эч ким өлбөйт (Ышая 25:8; 33:24).

  •   Ар биринин кубаныч тартуулаган жумушу болот. Эч кимге күн көрүш үчүн эртеден кечке жанын сабап иштегенге туура келбейт (Ышая 65:22, 23).

  •   Баарынын жашоосу телегейи тегиз болот. Жакырчылык, ачарчылык деген көйгөйлөр артта калат (Забур 72:12, 13; 145:16).

  •   Көкүрөктө так калтырган окуяларды эстеп эч ким кыйналбайт. Жаратканыбыз көзү өтүп кеткен жакындарыбызды кайра тирилтип берет (Ышая 65:17; Элчилер 24:15).

 Буларды билгенибиздин кандай пайдасы бар? Кудайдын Сөзүндө: «Ал үмүт жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу»,— деп жазылган (Еврейлер 6:19). Ооба, жаркын келечекке болгон үмүт бизге дем-күч берет. Ал башыбызга мүшкүл түшкөндө чөгүп кетпегенге, санаага батпаганга, көңүл чөгөттүккө алдырбаганга жардам берет.

 Бирок Ыйык Китепте жазылган ушундай убадаларга чындап эле ишенсе болобу? Бул суроого жооп алыш үчүн «Ыйык Китеп — чындыктын булагы» деген макаланы карагыла.

Пандемиянын кесепетинде пайда болгон кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берген Ыйык Китептеги кеңештер

  •   Өмүрдү баалагыла

     Аят: Акылмандык ага «ээ болгондордун өмүрүн сактайт» (Насаатчы 7:12).

     Иш жүзүндө: Оору жугузуп алуу ыктымалдуулугун азайтканга аракет кылгыла. Силер жашаган аймакта оору канчалык күч алып жатканынан, калктын канча пайызы эмделгенинен жана сактык чараларына байланыштуу кандай көрсөтмөлөр берилип жатканынан кабардар болуп тургула.

  •   Сак болгула

     Аят: «Кыраакы киши кырсыкты көрүп жашынат, ал эми тажрыйбасыздар түз эле барып жазаланат» (Накыл сөздөр 22:3).

     Иш жүзүндө: Адистердин айтымында, коронавирус илдети дагы бир топ убакытка чейин созулат. Андыктан ооруп калбаш үчүн колуңардан келишинче сактана бергиле.

  •   Маалыматты ишеничтүү булактан алгыла

     Аят: «Тажрыйбасыз ар бир сөзгө ишене берет, ал эми баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат» (Накыл сөздөр 14:15).

     Иш жүзүндө: Берилген кеңештердин баарына кулак каккандан сак болгула. Себеби туура эмес маалыматка негизделген чечимдер ден соолугуңарга чоң зыян алып келиши мүмкүн.

  •   Оң маанай сактагыла

     Аят: «„Эмне үчүн азыркы күндөргө караганда өткөн күндөр жакшы эле?“ — дебе. Анткени антип сураганың акылмандыкка жатпайт» (Насаатчы 7:10).

     Иш жүзүндө: Азыркы жагдайыңардын жакшы жактарына көңүл топтоп, ошого жараша иш кылганга умтулгула. Өткөн күндөрдү кайрый албагандыктан, пандемияга чейинки жашоону эстеп капа боло бербегиле. Пандемиядан улам кыла албай калган иштериңерге көңүл топтобогула.

  •   Башкаларды урматтап-сыйлагыла

     Аят: «Бардык адамдарды урматтагыла» (1 Петир 2:17).

     Иш жүзүндө: Адамдар пандемияга, анын кесепеттерине карата ар кандай көз карашта болууда. Башкалардын оюн өзгөрткөнгө аракет кылбагыла. Эң негизгиси, өзүңөр чыгарган туура чечимдерге бек кармангыла. Эмделбегендерге, улууларга, олуттуу оору менен алпурушуп жаткандарга түшүнүү менен мамиле кылгыла.

  •   Сабырдуу, чыдамдуу болгула

     Аят: «Сүйүү чыдамкай, боорукер» (1 Корунттуктар 13:4).

     Иш жүзүндө: Жашоонун мурункудай болбой калганына нааразычылыгын айтып кыжырдангандарга жумшактык менен мамиле кылгыла. Силер жашаган жерде чектөөлөр алынып, мүмкүнчүлүктөр көбөйгөндө баарын бир учурда кылганга умтулбай, сабыр сактагыла.

Ыйык Китептеги кеңештер пандемия учурунда кыйынчылыктарды көтөргөнгө кантип жардам берип жатат?

 Ыйык Китептеги жаркын келечек жөнүндөгү убадалар Жахабанын Күбөлөрүн сооротуп келет. Ошондой эле бул аларга пандемиянын айынан болуп жаткан кыйынчылыктарга көңүл топтобогонго көмөк кылат. Андан сырткары, алар Кудайга чогуу сыйынууга карата берилген Ыйык Китептеги буйрукка баш ийишет. Мунун аркасында бири-бирине көңүл буруп, колдоп турушат (Еврейлер 10:24, 25). Каалагандардын баары Жахабанын Күбөлөрүнүн жолугушууларына катышса болот. Пандемия учурунда алар онлайн өткөрүлүүдө.

 Андай жолугушуулардан Жахабанын Күбөсү эместер да пайда алып жатышат. Мисалы, COVID-19 илдетин жуктуруп алган бир аял Жахабанын Күбөлөрүнүн видеобайланыш аркылуу өткөрүлгөн жолугушууларына катыша баштаган. Коронавирустан улам аябай кыйналса да, ошол жолугушуулар аркылуу бир топ дем-күч алып турган. Кийинчерээк ал мындай деген: «Мен өзүмдү ушул үй-бүлөнүн мүчөсү катары сезип калдым. Ыйык Китепти окугандан бери жан дүйнөмө, акылыма тынчтык орноду. Ошонун аркасында көйгөйлөрүмө эмес, келечекке болгон үмүтүмө көбүрөөк көңүл топтой алдым. Мен өмүр бою Кудайга жакын болгум келчү. Ушул адамдардын арасында ошондой кыялым орундалды».

a АКШнын Аллергия жана жугуштуу оорулар боюнча улуттук институтунун деректири

b Ыйык Китепте Кудайдын ысымы Жахаба экени айтылат (Забур 83:18).