Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Санаага баткан эркектерге жардам берген кеңештер

Санаага баткан эркектерге жардам берген кеңештер

 Сарсанаага a баткан адам жөнүндө ойлонгондо дароо эле кандай адамды элестетесиңер? Коркунучка алдырып, тушалып калган кимдир бирөөнүбү? Эртең менен өзүн кыйнап, төшөктөн араң турган бирөөнүбү? Же болбосо бушайман кылган нерселерин кечке эле айта берген кишиниби?

 Айрымдар санаа тартканда ушундай болушат. Бирок изилдөөчүлөр байкагандай, кээ бирөөлөр, өзгөчө эркектер, такыр башкача иш-аракет кылышат. Бир журналга ылайык, эркектер «бушайман кылган ойлорун басыш үчүн ичимдик ичкенге, баңгизат колдонгонго жакын келишет. Демек, кимдир бирөө ичимдикти кыянат пайдаланып жүрсө, бул анын убайым тартып жүргөнүнөн кабар берет. Ошондой эле сарсанаага баткан эркектер ачуулуу болот жана тез кыжырданат».

 Албетте, эркектердин баары эле ушинте бербейт. Бирок, кандай болбосун, «өзгөчө оор мезгилде» жашап жаткандыктан тынчсызданбай коюу мүмкүн эмес (2 Тиметей 3:1). Санааркап жүргөндөргө Ыйык Китептеги кеңештер жардам бере алабы?

Ыйык Китептеги даанышман кеңештер

 Ыйык Китеп көп тынчсызданбаганга жардам берген колдонорлук кеңештерге бай. Алардын үчөөнө токтололу.

  1.  1. «Эч качан эртеңки күндү ойлоп тынчсызданбагыла, анткени эртеңки күндүн өз түйшүгү болот. Ар бир күндүн түйшүгү өзүнө жетиштүү» (Матай 6:34).

     Мааниси: Келечекте болушу (же болбошу) мүмкүн болгон нерселер жөнүндө өтө эле тынчсыздана бербесек, акылдуулук кылган болобуз. Көп учурда биз корккон нерселер болбой калат. Айрым учурларда жагдайыбыз күтүлбөгөн жерден жакшы жакка өзгөрүп кетиши мүмкүн.

     Сунуш: Сөзсүз жаман болот деп ойлогон, бирок андай болбой калган учурларды эстеп көргүлө. Анан силерди тынчсыздандырган нерсени ар тараптан талдагыла. Балким, ал силер элестеткенчелик чоң көйгөйгө айланып кетпеши мүмкүн.

  2.  2. «Темирди темир курчуткандай, адамды адам курчутат» (Накыл сөздөр 27:17).

     Мааниси: Эгер башкалардан жардам сурасак, алар бизге тынчыбызды алган ойлор менен күрөшкөнгө көмөк кылышы мүмкүн. Алар башынан өткөндөрүн айтып, иш жүзүндө колдонорлук кеңеш бериши ыктымал. Же, жок дегенде, жагдайга башкачараак караганга жардам бериши этимал.

     Сунуш: Жакшы кеңеш бере ала турган кимдир бирөө жөнүндө ойлонуп көргүлө. Балким, силердикиндей кыйынчылыктарды башынан кечирген досуңарга кайрылаттырсыңар. Андан эмне кылса болорун, эмнеден качыш керектигин сурагыла.

  3.  3. «Бардык түйшүгүңөрдү [же тынчсыздандырган нерселериңерди] ага арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 Петир 5:7).

     Мааниси: Кудай кыйналып жаткандарга кайдыгер карабайт. Ал жүрөгүбүздү түпөйүл кылган нерселерди ага айтып, тиленишибизди каалайт.

     Сунуш: Силерди кабатыр кылып жаткан нерселерди тизмелеп чыккыла. Анан аларды Кудайга айткыла. Ар бир көйгөйдү өзүнчө түшүндүрүп, аларды чечкенге жардам сурагыла.

Санаадан арыла турган заман келет!

 Ыйык Китепте санааны жеңгенге жардам берген кеңештер эле камтылбайт. Анда бүгүнкү күндө бизди бушайман кылган нерселер жакында түбөлүккө жок болору да жазылган. Ал эмненин аркасында болот?

 Кудайдын Падышалыгы биздин тынчсызданышыбызга себеп болуп жаткан нерселердин баарын жок кылат (Аян 21:4). Кудайдын Падышалыгы башкарган заманда көкөйүбүзгө из калтырган жаман нерселер атүгүл эскерилбей да калат (Ышая 65:17).

 «Тынчтыктын булагы болгон Кудай» силердин так ушундай келечекте жашашыңарды каалайт (Римдиктер 16:20). Ал: «Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем... Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам»,— деп ынандырат (Жеремия 29:11).

a Бул макаладагы «сарсанаа» деген сөз дарыланууну талап кылган тынчсызданууга карата колдонулбайт. Ал өз ичине адамдын жан дүйнөсүнө бүлгүн салган, күнүмдүк түйшүктөн улам пайда болгон стрессти же бушайман кылган ойлорду камтыйт. Дарыланууну талап кылган тынчсыздануунун түрүнө чалдыккандар доктурга кайрылышы керек (Лука 5:31).