Саясаттагы жемкорчулук. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?
Адамдар өзүлөрү таянган, ишеничтүү өкмөттүн болушун каалашат. Алар алдым-жуттум саясатчылардан чарчашты. 2023-жылы дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн сурамжылоодо көптөрдүн бийликтегилерге ишенбей турганы анык болгон a.
Ыйык Китепте бир өкмөт жөнүндө айтылат. Анын башчысы чынчыл, ишенүүгө татыктуу, пара алууну көздөбөйт. Ал өкмөт — Кудайдын Падышалыгы. Анын башчысы — Иса Машаяк (Ышая 9:7).
Иса адамдардын камын ойлорун иш жүзүндө көрсөткөн (Матай 9:35, 36). Ал Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары анын бийлигин колдогондорду тынчтыкка бөлөп, адилеттикти орнотот (Забур 72:12—14).
a «2023 Edelman Trust Barometer Global Report»