Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Rui Almeida Fotografia/Moment via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Саясий зомбулук. Ыйык Китепте эмне делет?

Саясий зомбулук. Ыйык Китепте эмне делет?

 Саясий зомбулуктун толкуну дүйнөнү каптады.

  •   Мексикада 39 саясатчынын өлтүрүлүшү жана дагы башка саясий зомбулуктардын эпкини 2023—2024-жылдардагы шайлоого таасирин тийгизди.

  •   Акыркы учурда Европада саясий зомбулук күч алып баратат. Алсак, 2024-жылдын 15-майында Словакиянын премьер-министрине кол салуу болду.

  •   2024-жылдын 13-июлунда Америка Кошмо Штаттарынынын мурдагы президенти Дональд Трампка кол салынганы бүт элди дүрбөттү.

 Саясий зомбулук эмне үчүн мынчалык күч алып жатат? Бул качандыр бир убакта токтойбу? Ыйык Китепте эмне делет?

Саясий бөлүнүүчүлүктүн болору алдын ала айтылган

 Ыйык Китепте биз жашаган учурда, «акыркы күндөрдө», зордук-зомбулукчул жана талашып-тартышкан адамдардын көп болору алдын ала айтылган.

  •   «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар... жакшылыкты билбеген, ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген,.. ырайымсыз,.. чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер... болушат» (2 Тиметей 3:1—5).

 Ошондой эле Ыйык Китепте саясий төңкөрүлүш сыяктуу баш аламандыктар акыркы күндөрдүн белгилеринин бири экени да алдын ала айтылган (Лука 21:9). Бирок саясий зомбулук жана бөлүнүүчүлүк түбөлүккө созулбайт.

Саясий зомбулуктун жок болушу

 Ыйык Китепте Кудай азыркы адамдар башкарган өкмөттөрдүн ордуна өзүнүн өкмөтүн орнотору жазылган.

  •   «Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот... Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат» (Даниел 2:44).

 Кудайдын Падышалыгы адамдар арасындагы бөлүнүүчүлүктү жок кылып, бүт жер бетине тынчтыкты орнотот.

  •   Ошол Падышалыктын Падышасы Иса Машаяк «Тынчтык төрөсү» деп аталат жана анын «падышалыгында тынчтык чексиз болот» (Ышая 9:6, 7).

  •   Ал Падышалыктын жарандары азыртан эле кантип тынчтыкта жашаса болорун үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу Ыйык Китепте мындай делет: «Алар кылычтарынан соконун тишин, найзаларынан багбандын бычагын жасашат. Эл элге каршы кылыч көтөрбөйт, алар согушууга үйрөнүшпөйт» (Ышая 2:3, 4).

 Көбүрөөк билиш үчүн «Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?» деген макаланы окугула жана «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деп аталган видеону көргүлө.