СЕРГЕК ТУРГУЛА!
Согуштун, климаттын айынан болгон дүйнөдөгү азык-түлүк кризиси. Ыйык Китепте эмне деп айтылат?
Украинадагы согуш жана климаттын өзгөрүшү азык-түлүктүн тартыштыгына себепкер болуп жатат. Бул көйгөй дүйнө жүзүн кучагына алды. Айрыкча, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө таасирин тийгизип жатат. Анткени андай өлкөлөрдө көптөр тамак-ашка жетпей кыйналышат.
«Азык-түлүктүн өндүрүлүшүнө жана жеткиликтүү болушуна согуш-жаңжалдар, климаттын өзгөрүшү, энергиянын кымбатташы жана башка себептер бөгөт коюуда» (Антониу Гутерриш, БУУнун башкы катчысы, 17-июль, 2023).
«Адистер Орусиянын данды экспорттоо боюнча келишимден баш тартканы дүйнө жүзү боюнча азык-түлүк кризисинин күч алышына себепкер болорун айтып жатышат. Ошондой эле бул жакыр өлкөлөрдө, өзгөчө, Түндүк Африкада жана Ортоңку Чыгышта, азык-түлүктүн укмуштуудай кымбатташына алып барышы мүмкүн» (Atalayar.com, 23-июль, 2023).
Азык-түлүктүн кризиси жана келечек жөнүндө Ыйык Китепте эмне деп айтыларына токтололу.
Ыйык Китепте азык-түлүктүн жетишсиз болору алдын ала айтылган
Иса Машаяк: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык... болот»,— деп пайгамбарлык кылган (Матай 24:7).
Ыйык Китептеги Аян китебинде каймана төрт чабандес жөнүндө айтылат. Ошол төрт чабандестин бири согушту билдирет. Анын артынан ачарчылыкты билдирген дагы бир чабандес чаап чыкмак. Ошол кезде тамак-аш тартыш болуп, азык-түлүктүн баасы асмандын башы болмок. Ыйык Китептин «Азыркы англис котормосунда» мындай делет: «Мен карап, кара атты көрдүм. Үстүндө отургандын колунда тараза бар экен. Ошондо мен үндүн: „Бир өлчөм буудайдын баасы бир күндүк эмгекке тете болот. Үч өлчөм арпанын да баасы бир күндүк эмгекке тете болот“,— дегенин уктум» (Аян 6:5, 6).
Ачарчылык жөнүндөгү бул пайгамбарлыктар Ыйык Китепте «акыркы күндөр» деп аталган азыркы учурда аткарылып жатат (2 Тиметей 3:1). «Акыркы күндөр» жана Аян китебиндеги чаап чыккан төрт чабандес жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, «Дүйнө 1914-жылдан бери кыйла өзгөрдү» деген видеону көргүлө жана «Төрт чабандес эмнени билдирет?» деген макаланы окуп көрсөңөр болот.
Ыйык Китеп кантип жардам берет?
Ыйык Китепте даанышман кеңештер жазылган. Алар азык-түлүктүн кымбатташы же тамак-аштын тартыштыгы сыяктуу кыйынчылыктарды көтөрүп кеткенге жардам берет. Айрым кеңештерди «Акча тартыш болгондо, кантип күн көрсө болот?» деген макаладан окуй аласыңар.
Ыйык Китепте жаркын келечекке канат байлаткан жакшы сөздөр да жазылган. Анда келечекте «дан жер бетинде мол болуп», ар бир киши тоё жей турганы убадаланган (Забур 72:16). Ушул үмүт жана ага эмне үчүн ишенсек болору жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Жаркын келечекке негиз берген үмүт» деген макаланы окуп көргүлө.