Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Chris McGrath/Getty Images

АТАЙЫН ӨНӨКТҮК

Согуш. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

Согуш. Кудайдын Падышалыгы эмнелерди ишке ашырат?

 Согуш дүйнөнүн чакчелекейин чыгарып, далайларды азапка малып жатат. Төмөндөгү маалыматка көңүл бурсаңар:

  •   «Акыркы жылы негизинен Эфиопиядагы жана Украинадагы согушта каза болгондор 1994-жылдан берки жаңжалдардан курман болгондорго караганда көбүрөөк болду» («Тынчтык илимин изилдөө боюнча Осло университети», 7-июнь, 2023).

  •   «Украинадагы согуш 2022-жылы барган сайын күч алган кагылышуулардын бири болду. Акыркы жылы дүйнө жүзү боюнча саясий агрессия 27 пайызга өскөн. Анын запкысы 1,7 миллиарддай кишиге тийген» («Куралдуу согуштар жөнүндө маалымат чогултуу долбоору», 8-февраль, 2023).

 Ыйык Китепте үмүт бере турган кабар жазылган. Ал жакта: «Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот»,— делген (Даниел 2:44). Ошол Падышалык же өкмөт башкарганда, Кудай «жердин учу-кыйырына чейин согуштарды токтотот» (Забур 46:9).