Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Thai Liang Lim/E+ via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Соцтармактар балаңарга терс таасир этип жатабы? Ыйык Китеп ата-энелерге кандайча жардам берет?

Соцтармактар балаңарга терс таасир этип жатабы? Ыйык Китеп ата-энелерге кандайча жардам берет?

 «Жаштардын арасында акыл-эс саламаттыгынын кризиси барган сайын күч алууда. Мунун негизги себептеринин бири — соцтармактар» (АКШнын башкы хирургу Доктор Вивек Мурти, «Нью-Йорк таймс», 17-июнь, 2024-жыл).

 Ата-энелер балдарын соцтармактардын залакалуу таасиринен кантип калкалай алышат? Ыйык Китептен буга байланыштуу даанышман кеңештерди таба алабыз.

Ата-энелер эмне кылса болот?

 Төмөнкү Ыйык Китептеги принциптер тууралуу ой жүгүрткүлө:

 «Баамчыл өз кадамдарына көңүл бурат» (Накыл сөздөр 14:15).

 Соцтармактар балаңарга терс таасир этет. Андыктан аны колдонгонго сөзсүз уруксат беришим керек деп ойлобогула. Уруксат бергенге чейин мындай деп ойлонуп көргүлө: «Балам соцтармактарды чеги менен колдонобу? Жакшы чөйрө тандай алабы? Жаман нерселерди четке кагабы?»

 «Убакытты пайдалана билгиле» (Эфестиктер 5:16).

 Балаңарга соцтармактарды колдонгонго уруксат бергенге чейин белгилүү бир эрежелерди киргизип, ошол эрежелердин аларды кандайча коргоорун түшүндүрүп бергиле. Эгер балаңардын жүрүм-туруму жаман жакка өзгөрүп баштаганын байкасаңар, балким, кошумча чектерди киргизишиңер керек болоттур.

Көбүрөөк билиш үчүн

 Ыйык Китепте айтылгандай, биз «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1—5). Ошондай эле анда убакыт сынагынан өткөн, иш жүзүндө колдонорлук кеңештер жазылган. Алсак, сайтыбыздагы бир макалада 20дан ашык шилтеме келтирилет. Анда балдардын акыл-эс саламаттыгына байланыштуу Ыйык Китепке негизделген кеңештер камтылат. Алар ата-энелерге да, балдарга да пайдалуу.