Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Украинадагы согуш дүйнөнү ачарчылыкка кептеши мүмкүн

Украинадагы согуш дүйнөнү ачарчылыкка кептеши мүмкүн

 2022-жылдын 19-майында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине жогорку кызматты ээлеген 75тен ашык адис каржы каатчылыгы боюнча оюн билдирген. Алар мындай дешкен: «COVID-19 пандемиясынын, климаттын өзгөрүшүнүн айынан дүйнөдө тамак-аш жетишсиз болуп жатат. Украинадагы согуш болсо жагдайды ого бетер курчутуп, дүйнө жүзү боюнча ачарчылыкка алып келиши мүмкүн». Ошондон көп өтпөй эле «Экономист» журналында ушул сыяктуу ой баса белгиленген. Ал жерде: «Ансыз деле көйгөйлөр чачтан көп болуп турган маалда согуш дүйнөнүн чар тарабында ачарчылыктан жабыр тарткандардын санынын көбөйүшүнө алып келет»,— делген. Ыйык Китепте биз жашап жаткан убакта тамак-аш тартыш болору алдын ала айтылган. Ошол эле учурда ушундай кыйынчылыктарга карабай кантип жан сактасак болору да жазылган.

Тамак-аш тартыш болору Ыйык Китепте алдын ала айтылган

  •    Иса пайгамбар: «Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт, жер-жерлерде ачарчылык... болот»,— деп айткан (Матай 24:7).

  •    Ыйык Китептин Аян деп аталган китебинде каймана мааниси бар төрт чабандес жөнүндө айтылат. Алардын биринчиси согушту билдирет. Анын артынан чаап чыккан чабандес ачарчылыкты билдирет. Ал азык-түлүк ушунчалык жетишсиз болуп, өлчөнүп кала турган, баалар асмандай турган замандын жышааны болчу. Аян китебинде ошол тууралуу мындай делет: «Мен карап, кара атты көрдүм. Үстүндө отургандын колунда тараза бар экен. Ошондо мен ...үндүн: „Бир өлчөм буудай бир динар [бир күндүк эмгек акы], үч өлчөм арпа бир динар,болсун...“,— дегенин уктум» (Аян 6:5, 6, шилт.).

 Тамак-аштын тартыштыгы жөнүндө айтылган бул сөздөр бүгүнкү күндө аткарылып жатат. Ыйык Китепте болсо биздин күндөр «акыркы күндөр» деп аталган (2 Тиметей 3:1). «Акыркы күндөр» жана Аян китебиндеги төрт чабандес жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн «Дүйнө 1914-жылдан бери кыйла өзгөрдү» деген видеону көргүлө жана «Төрт чабандес эмнени билдирет?» деген макаланы окугула.

Ыйык Китепте жазылгандар кантип жардам берет?

  •    Анда камтылган даанышман кеңештер оор кыйынчылыктар менен күрөшкөнгө жардам берет. Мисалы, андан кымбатчылык, атүгүл ачарчылык болгондо кантип жан бакса болорун биле аласыңар. Буга байланыштуу пайдалуу кеңештерди «Акча тартыш болгондо, кантип күн көрсө болот?» деген макаладан окуй аласыңар.

  •    Ыйык Китепте заман оңолору жөнүндө үмүт жандырган кабар да камтылган. Алсак, анда «дан жер бетинде мол болуп», эч ким тамак-аштан өксүбөй турганы айтылган (Забур 72:16). Келечектен үмүт үзбөгөнгө жардам берген Ыйык Китептеги ошол убадалар жөнүндө жана алардын сөзсүз ишке ашарына эмне үчүн ишенсек болору жөнүндө «Жаркын келечекке негиз берген үмүт» деген макаладан көбүрөөк биле аласыңар.