Террорчулук качандыр бир убакта токтойбу?
Террордук чабуулдан кийин силерде мындай суроолор туулушу мүмкүн: «Кудайга баары бирби? Эмне үчүн ушундай нерселер болуп жатат? Террорчулук a качандыр бир убакта токтойбу? Мындай коркуу сезими менен мындан ары кантип жашайм?» Ыйык Китеп бул суроолорго ынандырарлык жооп берет.
Кудай террорчулукка кандай карайт?
Кудай зордук-зомбулук менен террорчулукту жек көрөт (Забур 11:5; Накыл сөздөр 6:16, 17). Иса Машаяк да бир жолу шакирти колуна кылыч алганда аны тыйган (Матай 26:50—52). Айрымдар Кудайдын атын жамынып алып террордук чабуул жасашат. Бирок Кудай аларга андай укук берген эмес. Керек болсо, ал алардын тилегин да кабыл кылбайт (Ышая 1:15).
Кудай азап тарткандардын баарына, анын ичинде террордук чабуулдан жабыр тарткандарга кам көрөт (Забур 31:7; 1 Петир 5:7). Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын зордук-зомбулукту түп-орду менен жок кылары айтылган (Ышая 60:18).
Террорчулуктун тамыры
Ыйык Китептен террорчулуктун негизги себебин биле алабыз. Бул туурасында анда: «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет»,— деп жазылган (Насаатчы 8:9). Тарых бою атка минерлер башкаларды эзиш үчүн террордук чабуулдарды жасап келишкен. Жабыр тарткан тарап болсо ок атып жооп кайтарган (Насаатчы 7:7).
Террорчулук жок боло турган күн келет!
Кудай зордук-зомбулукту жок кылып, жерге тынчтык орноторун убада кылган. Ошондо эч нерседен коркпой жашайбыз (Ышая 32:18; Микей 4:3, 4). Ушул ниетин ишке ашырыш үчүн Кудай эмнелерди кылат?
Террорчулуктун тамырын жулат. Кудай адамдардын өкмөтүнүн ордуна өзүнүн өкмөтүн орнотот. Ал бүт дүйнө жүзүн башкарат. Анын Өкүмдары Иса Машаяк баарына адилеттүүлүк менен мамиле кылып, кысымчылыкты, зордук-зомбулукту түп-тамыры менен жоёт (Забур 72:2, 14). Ошондо эч ким террордук чабуул жасабайт. Адам баласы «мол тынчтыкка ырахаттанып» жашайт (Забур 37:10, 11).
Террорчулуктун кесепеттерин жоёт. Кудай террордук чабуулдун залакасын тарткандардын жарааттарын айыктырат (Ышая 65:17; Аян 21:3, 4). Ал жадагалса өлгөндөрдү тирилтерин убада кылган. Тирилгендер тынчтык орногон жер бетинде жыргап-куунап өмүр сүрүшөт (Жакан 5:28, 29).
Кудай ушунун баарын жакында ишке ашырат. Буга бекем ишенгенге бизде жүйөлүү себептер бар. Анткени мунун баары Ыйык Китепте жазылган. Ошентсе да силер: «Эмне үчүн Кудай ушул убакка чейин террорчулукту жок кылган жок?» — деп ойлонушуңар мүмкүн. Бул суроонун жообун билгиңер келсе, «Кудай азап-кайгыга эмне үчүн жол берүүдө?» деген видеону көрсөңөр болот.
a «Террорчулук» деген сөз элди, айрыкча, тынч жашаган жарандарды коркутуп-үркүтүүнү жана аларга каршы күч колдонууну камтыган иш-аракеттерге карата колдонулат. Террорчулар максатына жетиш үчүн, тагыраак айтканда, өздөрү каалаган диний, саясий же коомдук өзгөрүүлөрдү ишке ашырыш үчүн элди коркутуп-үркүтүшөт же аларга зордук-зомбулук көрсөтүшөт. Бирок кандай иш-аракеттер террордук деп эсептелерине, кандайлары террордук деп эсептелбей турганына байланыштуу ар ким ар кандай ойдо.