Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ahmad Gharabli/AFP via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Улуттар биригип, климаттык кыйроону токтото алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

Улуттар биригип, климаттык кыйроону токтото алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

 2022-жылдын 20-ноябрында, жекшемби күнү, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан уюштурулган COP27 Климаттык өзгөрүү боюнча конференция аяктады. Ал конференцияда климаттын кескин өзгөрүшүнөн улам эң көп жапа чеккен жакыр өлкөлөргө жардам берүү боюнча фонд түзүлдү. Анткен менен көптөр мындай иш-чара көйгөйдүн тамырын чечпей турганын айтышууда.

  •   БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш 2022-жылдын 19-ноябрында мындай деген: «Климаттын өзгөрүшүнөн жабыр тарткандарга жардам берүү үчүн фонд түзүү демилгесин колдойм. Бирок, албетте, бул жетиштүү эмес... Биздин планетабыз дагы деле ыкчам жардам берүү бөлүмүнөн чыга элек».

  •   «Дүйнө дагы деле климаттык кыйроонун алдында турат» (Мэри Робинсон, Ирландиянын мурунку президенти жана БУУнун адам укуктары боюнча мурунку жогорку комиссары, 20-ноябрь, 2022-жыл).

 Планетабыздын келечегин ойлоп, өзгөчө жаштар сарсанаа болушат. Жер планетасын сактап калыш үчүн улуттар бириксе, климаттык кыйроо токтойбу? Алар берген убадаларын аткара алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

Улуттар биригип, ийгиликке жете алабы?

 Ыйык Китепте бийлик өкүлдөрүнүн климаттын өзгөрүшүнө себеп болуп жаткан көйгөйлөрдү чечкенге колунан келишинче аракет кылса да, аларды толугу менен чече албаары айтылат. Буга кандай эки себеп бар экенине көңүл бурсаңар:

  •   «Ийри түздөлбөйт» (Насаатчы 1:15).

     Бул эмнени билдирет? Өкмөттөрдүн мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, анткени адамдар өздөрүн өздөрү башкара алгыдай кылып жаратылган эмес (Жеремия 10:23). Андыктан улуттар биригип алып болгон күчүн жумшаса да, дүйнө жүзүндөгү көйгөйлөрдү чечкенге кудурети жетпейт.

  •   «Адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн,.. эпке-сөзгө келбеген... болушат» (2 Тиметей 3:2, 3, 5).

     Бул эмнени билдирет? Ыйык Китепте биздин күндөрдө көптөгөн адамдардын өзүмчүл болору, башкалардын пайдасы үчүн чогуу-чараан бир нерсе кылайын деп ниет кылбай турганы алдын ала айтылган.

Үмүттөнүүгө негиз бар

 Белгилей кетчү нерсе, планетабыздын келечеги, адамдык өкмөттөрдүн убадаларынан көз каранды эмес. Кудай дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чече ала турган эң мыкты Башкаруучуну — Иса Машаякты — дайындаган. Ал тууралуу Ыйык Китепте мындай делген:

  •   «Анын ийнине бийлик артылат. Аны Кереметтүү кеңешчи, Күчтүү кудай, Түбөлүк ата, Тынчтык төрөсү деп аташат» (Ышая 9:6).

 Иса — Кудайдын Падышалыгынын, асмандагы өкмөттүн, Падышасы (Матай 6:10). Анда планетабызга жана анын тургундарына кам көрүүгө каалоо да, күч да, акылмандык да бар (Забур 72:12, 16). Ал башкарган өкмөт жакында «жерди кыйраткандарды кыйратып», планетабызды толугу менен калыбына келтирет (Аян 11:18; Ышая 35:1, 7).

 Климаттын өзгөрүшүнө себеп болуп жаткан көйгөйлөр биротоло кантип чечилери жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, «Климаттын өзгөрүшү жана келечегибиз. Ыйык Китепте эмне делет?» деген макаланы окуп көргүлө.