Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Manuel Reino Berengui/DeFodi Images via Getty Images

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат дүйнөнү бириктире алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат дүйнөнү бириктире алабы? Ыйык Китепте эмне делет?

 2022-жылдын 20-ноябрынан тарта футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталган. Ал 18-декабрга чейин уланат. Дүйнө жүзү боюнча аны 5 миллиарддай киши көрүүдө. Көптөр ушундай иш-чаралар спортту жакшы көргөн ар кайсы өлкөдөгү адамдардын башын бириктирет деп ишенишет.

  •   «Спорт дүйнөнү өзгөртө алат. Анын адамга бир башкача дем-шык бере турган касиети бар. Футбол улуттардын ортосундагы биримдикти жаратат. Башка эч бир нерсе адамдарды мынчалык бириктире албайт» (Нельсон Мандела, Түштүк Африканын мурунку президенти).

  •   «Футбол... ар кошкон адамдардын башын кошот. Алардын кубанычы да, үмүтү да, алып учкан сезимдери да, жакшы көргөн нерселери да бир болуп калат» (Жанни Инфантино, ФИФАнын a президенти).

 Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын же башка спорт мелдештеринин аркасында эл аралык биримдикке жетүү мүмкүнбү?

Спортту биримдиктин ачкычы десе болобу?

 Бул жолку чемпионатта футболдон тышкары, социалдык жана саясий көйгөйлөр кызуу талкууга алынды. Көңүл чордонунда адам укуктары, улутчулдук жана экономикалык теңсиздик сыяктуу маселелер болду.

 Кандай болбосун, көптөр футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттарды жана башка спорттук иш-чараларды көргөндү жакшы көрүшөт. Бирок, чын-чынына келгенде, мындай иш-чаралар биримдиктин түйүнүн чыңдай албайт. Тескерисинче, андай спорт оюндары адамдардын бөлүнүп-жарылышына алып келет. Себеби Ыйык Китепте «акыркы күндөрдө» адамдардын терс сапаттарды чагылдырары алдын ала айтылган (2 Тиметей 3:1—5).

Дүйнөнүн биригишине негиз берген үмүт

 Ыйык Китепте бүткүл дүйнөдөгү адамдар бир кишидей ынтымактуу болуп жашарына үмүт бар экени айтылат. Анда жер жүзүндөгү адамдардын баары «Кудайдын Падышалыгы» деп аталган асмандагы өкмөткө баш иери убада кылынган (Лука 4:43; Матай 6:10).

 Ал Падышалыктын Падышасы — Иса Машаяк — дүйнө жүзү боюнча тынчтыкты орнотот. Бул тууралуу Ыйык Китепте мындай делет:

  •   «Адил адам гүлдөйт,.. тынчтык мол болот» (Забур 72:7).

  •   «Ал жардам сурап жалбарган жакырды... куткарат. Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:12, 14).

 Атүгүл азыртан эле Исанын окуулары 239 өлкөдө жашаган миллиондогон адамдарды бириктирүүдө. Анткени алар башкаларды жек көрбөгөнгө үйрөнүп жатышат. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Жек көрүүчүлүктүн айлампасынан чыга алабыз!» деген темадагы катар макалаларды окуп көргүлө.

a Эл аралык Футбол федерациясы (Fédération Internationale de Football Association, кыскартылышы FIFA).