Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Жахабанын Күбөлөрү жана Холокост. Ыйык Китепте эмне делет?

Жахабанын Күбөлөрү жана Холокост. Ыйык Китепте эмне делет?

 2023-жылдын 27-январында көптөр Эл аралык Холокостту эскерүү күнүн белгилешет. Холокосттун болгонуна 75тен ашуун жыл өттү. «Мыкаачылык менен жасалган, төбө чачты тик тургузган ошол иштерге Кудай эмне үчүн жол берген?» деген суроо туулат.

 Жүйүт эли барып турган таш боордуктун — Холокосттун — курмандыгы болгон. Миллиондогондор атайын бир белгилүү план боюнча өлтүрүлгөн. Башкалар да куугунтукталып, Холокост учурунда өмүрүнөн айрылышкан. Алардын арасында Ыйык Китепте жазылгандарга ишенгени үчүн кордук көргөн Жахабанын Күбөлөрү да бар.

«Келечек менен үмүт»

 Көптөр Холокост сыяктуу мыкаачылык кайра кайталанышы мүмкүн деп коркушат. Бактыга жараша, Ыйык Китепте келечекте азап-кайгыга малган ушундай окуялар эч качан болбой турганы айтылат.

  •   «Мен силерге байланышкан ой-ниетимди жакшы билем,— дейт Жахаба.— Силерге алаамат эмес, тынчтык берүүнү, келечек менен үмүт берүүнү ниет кылып жатам» (Жеремия 29:11) a.

 Жахаба Кудай жамандыкты толугу менен жок кылып, анын кесепетин жойгондо, бул үмүт ишке ашат. Ал жакында...

  •   Башкаларга ырайымсыз мамиле кылгандарды жок кылат (Накыл сөздөр 2:22).

  •   Жапа чеккендердин жараланган жүрөгүн сакайтат (Аян 21:4).

  •   Өлгөндөрдү кайра жер бетинде жашаш үчүн тирилтет (Жакан 5:28, 29).

 Ыйык Китепте жазылган бул үмүт жубатат. Буга ишеним артсаңар болот. Эмне үчүн? Муну билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнүн бири менен Ыйык Китепти акысыз изилдеп көрсөңөр болот.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).