Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

Эмне үчүн саясат коомду бөлүп-жарууда? Ыйык Китепте эмне делет?

Эмне үчүн саясат коомду бөлүп-жарууда? Ыйык Китепте эмне делет?

 Дүйнө-жүзү боюнча улуттар саясий жактан бөлүнүп-жарылып келет. «Пю» изилдөө борборунун 2022-жылы өткөргөн сурамжылоосуна ылайык, «19 өлкөдөгү бойго жеткен кишилердин 65 пайызы өздөрүнүн өлкөсүндөгү элдин ар кайсы саясий партияларды колдоорун, ошонун аркасында чоң талаш-тартыштардын же абдан чоң талаш-тартыштардын келип чыгарын айтышкан».

 Силер жашаган жакта да эл саясаттын айынан улам барган сайын бөлүнүп жатканын байкап жатасыңарбы? Себеби эмнеде? Муну кантип чечсе болот? Келгиле, Ыйык Китепте эмне делерин карайлы.

Бөлүнүп-жарылуунун себеби

 Биз, Ыйык Китепте алдын ала айтылгандай, «акыркы күндөрдө» жашап жатабыз. Ушул акыркы күндөрдө адамдардын кулк-мүнөзү кескин өзгөргөндүктөн, ынтымак ыдырап, коомдо биримдик жок болуп жатат.

  •   «Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн,.. эпке-сөзгө келбеген... адамдар болушат» (2 Тиметей 3:1—3, 5).

 Өкмөттүн иши ийгиликтүү жүрсүн деп көптөр болгон күчүн жумшаса да, алардын аракетинен эч кандай майнап чыкпай келет. Бири-бирине карама-каршы пикирдеги адамдарга бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарыш кыйынга турат, атүгүл мүмкүн эмес. Мунун натыйжасы Ыйык Китепте мурун эле айтылган төмөнкү сөздөрдүн калетсиз экенин тастыктап турат.

  •   «Адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келет» (Насаатчы 8:9).

 Бирок Ыйык Китепте коомго салмагын салган көйгөйлөрдүн баарын чече турган өкмөт жана анын падышасы тууралуу айтылган.

Бардык жагынан төп келген Өкүмдар

 Кудайдын Сөзүндө адамзатты кыйынчылыктын чеңгелинен сууруп чыкканга кудурети жете турган эң мыкты Өкүмдар жөнүндө айтылган. Ал — Иса Машаяк. Иса адамзаттын башын бириктирип, тынчтык орното алат. Муну кылганга анда күч да, бийлик да, каалоо да бар.

  •   «Анын күндөрүндө адил адам гүлдөйт, ай жарыгын бербей калганча, тынчтык мол болот» (Забур 72:7).

  •   «Бардык элдер ага кызмат кылышат» (Забур 72:11).

 Иса — эң мыкты Падыша. Анткени ал адамдарды жакшы көрөт жана аларга, айрыкча, адилетсиздикке туш болуп келаткандарга жардам бергиси келет.

  •   «Ал жардам сурап жалбарган жакырды, бечараны жана жардамчысы жоктордун баарын куткарат. Бечара менен жакырды аяйт, кембагалдардын жанын сактайт. Алардын жанын кысымдан, зордук-зомбулуктан куткарат» (Забур 72:12—14).

 Иса башкарган асмандагы өкмөт, тагыраак айтканда, Кудайдын Падышалыгы жөнүндө көбүрөөк билгиле. Ал Падышалыктын пайдасын көрүш үчүн эмне кылсаңар болот? Аны кантип колдой аласыңар?