Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Justin Paget/​Stone via Getty Images

Эпидемияга айланган жалгыздык. Күрөшкөнгө эмне жардам берет?

Эпидемияга айланган жалгыздык. Күрөшкөнгө эмне жардам берет?
  •   «АКШда жашаган чоң кишилердин жарымы жалгызсыраарын билдиришкен. Айрыкча, 18ден 25 жашка чейинкилер абдан жалгызсыраары айкын болгон» («Our Epidemic of Loneliness and Isolation: The U.S. Surgeon General’s Advisory on the Healing Effects of Social Connection and Community, 2023»).

  •   «[Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму] атайын бир топ түзүп, ага учурда адамдардын ден соолугуна чоң коркунуч туудуруп жаткан „жалгыздык“ деген көйгөйдү изилдөө ишин тапшырды. Ал топтун ишине элди башкалар менен мамиле түзгөнгө, ошого көңүл топтогонго үндөө да кирет. Ошондой эле ал топ дүйнө жүзү боюнча жалгыздык менен алпурушуп жаткан адамдарды, алар бай өлкөдө жашайбы же кедей өлкөдөбү, сакайтуунун мүмкүн болушунча көбүрөөк жана эң мыкты жолдорун табууга милдеттендирилди» (Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, 15-ноябрь, 2023-жыл).

 Ыйык Китепте дос күткөнгө жардам берген сонун кеңештер бар. Алар жалгызсырабаганга көмөк кылат.

Ыйык Китептеги кеңештер

 Башкалардан обочолонто турган иштериңерди азайткыла. Мындай иштерге соцтармактарды өтө көп колдонуу кирет. Анын ордуна, башкалар менен жүзмө-жүз көрүшкөнгө, чогуу убакыт өткөргөнгө жана достошконго мүмкүнчүлүк издегиле.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Чыныгы дос ар убак сүйөт, ал кыйын мезгил үчүн төрөлгөн бир туугандай» (Накыл сөздөр 17:17).

 Башкаларга жардам берүүнүн жолдорун издегиле. Бирөөгө жакшылык кылсак, ортодогу мамилебиз чыңдалгандан тышкары, көңүлүбүз көтөрүлүп, өзүбүздү жакшы сезип калабыз.

  •   Ыйык Китептеги принцип: «Алганга караганда берген бактылуу» (Элчилер 20:35).

 Ыйык Китепте дос күтүүгө жардам берген дагы кандай кеңештер бар экенин билгиңер келсе, веб-сайтыбызга кирип көргүлө.