Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Паракорчулук качандыр бир убакта жоюлабы?

Паракорчулук качандыр бир убакта жоюлабы?

 Бийлик төбөлдөрүнүн паракорчулукка барганы дүйнө жүзүндөгү көйгөйгө айланып, кесепеттери да кейиштүү болууда a. Алсак, COVID-19 пандемиясынын учурунда ар кайсы өлкөлөрдөгү бийлик башындагылар паракорчулук кылганы үчүн айыпталышкан. Алар пандемия менен күрөшкөнгө жумшалышы керек болгон каражатты өз чөнтөгүнө салып алышкан. Мунун кесепетинде карапайым эл зарыл дары-дармектерге жетпей, канчалагандар азап тартып, атүгүл өмүрүнөн айрылышты.

 Өкмөттөрдүн жемкорлугунун терс таасири күн өткөн сайын күч алууда. Улуу Британиянын мурунку премьер-министри Дейвид Камерон бул туурасында: «Паракорчулук бир чоң чаташкан желеге окшош. Ага түшпөгөн бир да өлкө жок»,— деп айткан.

 Анткен менен жакында паракорчулук түп-тамыры менен жок болот деп бекем ишенсек болот. Эмне үчүн? Анткени буга Кудай өзү кийлигишет. Ыйык Китепте бул туурасында эмне делгенине көңүл бурсаңар.

Кудай жемкорлукту жоёрун кайдан билебиз?

 Ыйык Китепте Кудайдын b: «Мен, Жахаба, адилеттикти жакшы көрөм, тоноочулук менен ыймансыздыкты жек көрөм»,— деген сөздөрү жазылган (Ышая 61:8). Элдин паракорчулуктун запкысын тартып жатканын Кудай көрүп турат (Накыл сөздөр 14:31). Ал: «Кыйналгандар таланып-тонолуп... жаткандыктан, эми ордуман турам»,— деп убада берген (Забур 12:5).

 Анда Кудай эмнелерди кылат? Ал учурдагы өкмөттөрдү өзгөртүп, жакшыртпайт. Алардын ордуна өзүнүн асмандагы өкмөтүн орнотот. Ал «Кудайдын Падышалыгы» деп аталат (Марк 1:14, 15; Матай 6:10). Ыйык Китепте: «Асман Кудайы эч качан кыйратылбай турган Падышалыкты орнотот. Ал ушул падышалыктардын баарын талкалайт, жок кылат, өзү болсо түбөлүк турат»,— деп жазылган (Даниел 2:44). Мына, бүгүнкү күндөгү паракорчулукту Кудай ушинтип жоёт.

Жемкорлук жок өкмөт

 Кудай орноткон өкмөттө жемкорлук жок болорун кайдан билебиз? Төмөнкү нерселерге токтололу:

  1.  1. Бийлик. Кудайдын Падышалыгында башкара тургандарга бийликти Кудурети Чексиз Кудай өзү берет (Аян 11:15).

     Бул эмнеси менен көңүлгө аларлык? Адамдар башкарган өкмөттөр жарандарынын акчасынан көз каранды. Бул болсо пара берүүгө, уурулукка жана башкалардын эсебинен митаамдык менен пайда көрүүгө алып барат. Ал эми асмандан бийлик жүргүзө турган Падышалыкты Кудурети Чексиз Кудай өзү колдойт. Андыктан ал өкмөт жарандарын муктаж болгон нерселердин баары менен толук камсыз кылат (Забур 145:16).

  2.  2. Башкаруучу. Кудай өзүнүн Падышалыгына Башкаруучу кылып Иса Машаякты дайындаган (Даниел 7:13, 14).

     Бул эмнеси менен көңүлгө аларлык? Атүгүл эң мыкты башкаруучу болгон адамдар да терс таасирге алдырып коюшу мүмкүн (Насаатчы 7:20). Иса болсо жерде жашап жүргөндө эч кандай пара албай турганын далилдеген (Матай 4:8—11). Ага иш-аракет кылганга адамдарды чын жүрөктөн жакшы көргөнү түрткү берген жана дайыма алардын жыргалчылыгына кызыкдар болгон (Забур 72:12—14).

  3.  3. Мыйзамдар. Кудайдын Падышалыгынын мыйзамдарынын кынтыгы жок. Аларга баш ийип жашагандар алтургай кубаныч алышат (Забур 19:7, 8).

     Бул эмнеси менен көңүлгө аларлык? Адамдар ойлоп тапкан мыйзамдар көбүнчө татаал келет. Алар элге оор жүк сыяктуу болгондуктан, аткарыш оңойго турбайт. Ушунун айынан көптөр жеңилине качырып, паракорчулукка барышат. Ал эми Кудай болсо жашоого керектүү, пайда гана алып келген мыйзамдарды берген (Ышая 48:17, 18). Анын мыйзамдары иш-аракетти эле жөндөбөстөн, баарын туура ниет менен кылганга да түрткү берет (Матай 22:37, 39). Ооба, Кудай адамдардын жүрөгүндө эмне бар экенин көрө алат. Ошон үчүн ал мыйзамдарыма кыңк этпей баш ийгиле деп талап кыла бербей, ар бир кишинин жагдайын эске алат (Жеремия 17:10).

 Ыйык Китепте жемкорлук болбой турган өкмөт тууралуу дагы кандай убадалар жазылган? Биз силерди ошол жөнүндө көбүрөөк билүүгө чакырабыз.

  •   Кудайдын Падышалыгы башкарган маалда паракорчулук жок болбой турганына эмне үчүн ишенсек болот? Мунун үч себеби тууралуу «Кудайдын Падышалыгы — жемкорлугу жок өкмөт» деген макаладан окуп көргүлө.

  •   Кудайдын өкмөтү жана анын жерде кандай иштерди аткарары жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген видеону көргүлө.

  •   Кудайдын Ыйык Китепте жазылган убадаларынын силер үчүн кандай пайдасы бар? Бул жөнүндө көбүрөөк билгиңер келсе, Ыйык Китепти талкуу иретинде акысыз изилдеп көрсөңөр болот.

a Бир сөздүккө ылайык, «паракорчулук» өз кызыкчылыгын көздөп бийликти кыянат колдонуу дегенди билдирет.

b Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18). «Жахаба деген ким?» деп аталган макаланы карагыла.