Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Солдо: «Иэн» куюну, Флорида (АКШ), сентябрь, 2022 (Sean Rayford/Getty Images); ортодо: уулу менен эвакуацияланган аял, Донецк (Украина), июль, 2022 (Alex Chan Tsz Yuk/SOPA Images/LightRocket via Getty Images); оңдо: COVID-19 илдетине жапырт тест тапшыруу, Пекин (Кытай), апрель, 2022 (Kevin Frayer/Getty Images)

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

2022-жыл — көкөйдө так калтырган жыл. Ыйык Китепте эмне делет?

2022-жыл — көкөйдө так калтырган жыл. Ыйык Китепте эмне делет?

 2022-жылы согуш, экономикалык каатчылык, экологиялык апааттар жаңылыктардын негизги темасына айланды. Бул окуялардын чыныгы мааниси Ыйык Китепте гана так-айкын түшүндүрүлөт.

2022-жылы болгон окуялардын чыныгы мааниси

 Үстүбүздөгү жылы болгон окуялар биздин, Ыйык Китепте айтылгандай, «акыркы күндөрдө» жашап жатканыбызды айкын көрсөтүп турат (2 Тиметей 3:1). «Акыркы күндөр» 1914-жылы башталган. Ыйык Китепте алдын ала айтылгандар биздин күндөрдө болуп жаткан окуяларга кандайча дал келип жатканын байкап көргүлө:

 «Согуштар» (Матай 24:6).

  •   «2022-жылы согуштун соккусу Европанын үрөйүн кайрадан учурду» a.

 «Орусия Украинага чабуул коюуда» деген макаланы карагыла.

 «Ачарчылык» (Матай 24:7).

  •   «2022-жыл тамак-аштын жетишсиздиги туу чокусуна жеткен жыл болду» b.

 «Жугуштуу оорулар» (Лука 21:11).

  •   «Полиомиелиттин кайтып келиши, маймыл чечеги оорусунун күч алышы, COVID-19 илдетинин тынбай жайылышы адамзаттын азабын арбытууда. Мындай кейиштүү жагдай ушул сыяктуу жугуштуу оорулардын канчалык коркунучтуу экенин жана адамзат ага туруштук бере албай турганын көрсөтүүдө» c.

 «Коркунучтуу көрүнүштөр» (Лука 21:11).

  •   «2022-жылдын жай айында болгон аптаптуу ысык, кургакчылык, өрт жана суу ташкындары сыяктуу апааттар көкөйдөн кеткис из калтырды. Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн пайда болгон ушундай жаратылыш каргашаларынын айынан көп жерлер бүлгүнгө учурады, миңдегендер өмүрүнөн айрылды жана дүйнө жүзү боюнча миллиондогондор үй-жайсыз калды» d.

 «Дүйнөнүн шайын оодарган аптап» деген макаланы карагыла.

 «Баш аламандыктар» (Лука 21:9).

  •   «Экономикалык көйгөйлөр, өзгөчө, инфляциянын күч алышы элдин нааразычылыгын туудурууда. Мунун натыйжасында 2022-жылы өкмөткө каршы көтөрүлүштөр эң эле көп катталды» e.

 «Күч алып бараткан бүткүл дүйнөлүк инфляция» деген макаланы карагыла.

Келерки жылдан эмнени күтсөк болот?

 Албетте, 2023-жылдын кандай болорун эч ким так айта албайт. Бир билгенибиз, жакында Кудайдын Падышалыгы — асмандагы өкмөт — жерде чоң өзгөрүүлөрдү кылат (Даниел 2:44). Ал өкмөт адамдарды азапка салып жаткан көйгөйлөрдү жок кылып, жерде Кудай каалагандай эң жакшы шарттардын болушуна кам көрөт (Матай 6:9, 10).

 Кымбаттуу окурман, биз сизди Иса Машаяктын: «Сергек болгула»,— деген кеңешине кулак кагып, азыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялардын Ыйык Китепте айтылгандар менен кандай байланышы бар экенине көңүл бурууга чакырабыз (Марк 13:37). Ыйык Китепте бүгүнкү күндө туш болуп жаткан көйгөйлөр менен күрөшкөнгө жардам берген кеңештер бар. Ошондой эле андан жаркын келечекке үмүттөнүүгө кандай негиз бар экенин биле аласыз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн биз менен байланышыңыз.

a AP News, “2022 Was Year the Horror of War Returned to Europe,” by Jill Lawless, December 8, 2022.

b World Food Programme, “A Global Food Crises.”

c JAMA Health Forum, “Living in an Age of Pandemics—From COVID-19 to Monkeypox, Polio, and Disease X,” by Lawrence O. Gostin, JD, September 22, 2022.

d Earth.Org, “What’s Behind the Record-Breaking Extreme Weather Events of Summer 2022?” by Martina Igini, October 24, 2022.

e Carnegie Endowment for International Peace, “Economic Anger Dominated Global Protests in 2022,” by Thomas Carothers and Benjamin Feldman, December 8, 2022.