Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

JenkoAtaman/stock.adobe.com

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

2023-жылы жакшылыктан үмүттөнсөк болобу? Ыйык Китепте эмне делет?

2023-жылы жакшылыктан үмүттөнсөк болобу? Ыйык Китепте эмне делет?

 2023-жыл жаңы башталып жаткандыктан, баарыбыз тең бул жылдан өзүбүзгө да, үй-бүлөбүзгө да жакшы нерселерди күтүп жатабыз. Эмне үчүн келечекке жакшы үмүт менен карасак болот?

Ыйык Китеп үмүт берет

 Ыйык Китепте азыркы учурда кабылып жаткан кыйынчылыктарыбыз убактылуу экени жана келечекте алардан биротоло арыларыбыз тууралуу жакшы кабар камтылат. Анткени «Ыйык Жазмадан алган сооронуч аркылуу үмүткө ээ болушубуз үчүн,.. жазылгандын баары бизге насаат катары жазылган» (Римдиктер 15:4).

Үмүттүн күчү

 Ыйык Китепте камтылган үмүт «жаныбыз үчүн кеме казык сыяктуу» (Еврейлер 6:19). Ал үмүт бизге бекем болгонго, учурдагы кыйынчылыктарыбызды жеңгенге, көңүлүбүздү чөгөрбөгөнгө жана бактылуу болгонго жардам берет.

  •   Ыйык Китептеги үмүт жаман адаты менен күрөшкөн бир кишиге кантип жардам бергенин «Жашоомо тоюп кеткем» деген видеодон көргүлө.

  •   Жакшы көргөн жакындарыбыздан айрылганда, Ыйык Китептеги үмүт бизди кандайча соороторун билиш үчүн «Күйүт тартып жаткандарга» деген видеону көргүлө.

Үмүтүңөрдү чыңдагыла

 Көптөгөн адамдар жакшы нерселерге үмүттөнөт. Бирок алардын качандыр бир убакта ишке ашарына көзү жетпейт. Ал эми Ыйык Китептеги убадалар жөнүндө минтип айтууга болбойт. Эмне үчүн? Анткени ал убадаларды «жалган сүйлөй албаган» Жахаба a Кудай өзү берген (Тит 1:2). Бир гана Жахаба убадаларынын баарын жүзөгө ашырганга кудуреттүү. Ал «эмнени кааласа», ошонун баарын ишке ашыра алат (Забур 135:5, 6).

 Кудай убада кылган үмүт сөзсүз ишке ашат. Силердин да ошондой үмүткө ээ болушуңарды каалайбыз. Ага болгон ишенимиңерди чыңдаш үчүн «Ыйык Жазманы... кылдат изилдегиле» (Элчилер 17:11). Изилдөө акысыз. Кааласаңар, силер да баштап көргүлө. 2023-жылы жакшылыктан үмүтүңөрдү үзбөгүлө.

a Жахаба — бул Кудайдын ысымы (Забур 83:18).