Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СЕРГЕК ТУРГУЛА!

COVID-19 илдети 6 миллион кишинин өмүрүн алып кетти. Ыйык Китепте эмне делет?

COVID-19 илдети 6 миллион кишинин өмүрүн алып кетти. Ыйык Китепте эмне делет?

 Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) билдирүүсүнө ылайык, 2022-жылдын 23-майына чейин дүйнө жүзү боюнча COVID-19 оорусунан 6 270 000ден ашуун киши көз жумган. Анткен менен 2022-жылдын 5-майында чыккан жаңылыктарда ДССУ өлгөндөрдүн саны андан да көп болушу мүмкүн экенин билдирген. Ошондой эле анда 2020—2021-жылдар аралыгында «өлүмүнө COVID-19 илдети себеп болгон адамдардын саны 14 900 000ге чукулдаганы» айтылган. Жүрөк сыздаткан ушундай каргашалар тууралуу Ыйык Китепте эмнелер жазылган?

Ыйык Китепте көптөрдүн өмүрүн алып кете турган пандемиялар болору алдын ала айтылган

  •    Иса пайгамбар «акыркы күндөрдө» жугуштуу ооруулардын, башкача айтканда, коркунучтуу илдеттердин эпидемиялары болорун алдын ала айткан (Лука 21:11; 2 Тиметей 3:1).

 Анын пайгамбарлыгынын аткарылып жатканына бүгүн биз күбө болуп жатабыз. Бул тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, «Кайсы белги „акыркы күндөрдө“ же „акыркы убакта“ жашап жатканыбызды көрсөтүп турат?» деген макаланы окуп көргүлө.

Кудайдын Сөзүндөгү соороторлук кабар

  •    «Ар кандай жагдайда сооротуучу Кудай... кандай кыйынчылыкка кабылбайлы, сооротот» (2 Корунттуктар 1:3, 4).

 Жакындарынан айрылган көптөгөн адамдар Ыйык Китептеги кабарды окуп соороно алышат. Бул тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Күйүттү кантип көтөрүп кетүүгө болот?» жана «Күйүт тарткандарды жубаткан кабар» деген макалаларды окуп көргүлө.

Кудай жакында оору-сыркоонун баарын жок кылат

  •   «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын» (Матай 6:10).

 Жакында «Кудайдын Падышалыгы» оору аттуунун баарын жок кылат. Ошондо жер бетинде жашаган бир да адам: «Ооруп жатам»,— дебей калат (Марк 1:14, 15; Ышая 33:24). Асмандагы ал өкмөт тууралуу жана ал эмнелерди ишке ашырары тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, «Кудайдын Падышалыгы деген эмне?» деген видеону көргүлө.

 Ыйык Китепте жазылган кеңештер жана Кудайдын убадалары силерге жана үй-бүлөңөргө чоң пайда алып келет. Андыктан силерди ошол тууралуу көбүрөөк билүүгө чакырабыз.