ДЭРЕЛ МЕНЕН СЮЗАН ШАРП | ӨМҮР БАЯН
«Биз артка кетенчиктегендерден эмеспиз»
«Бул бир ай да пионер боло албайт!» 1956-жылы өргүү пионери болгонго арыз толтурганымда, жыйналыштагы айрым бир туугандар мен тууралуу ушинтип айтышкан. Ал кезде 16 жашта болчумун. Досум айткан үчүн эле 12 жашымда чөмүлгөм. Ал учурда аксакалдар чөмүлгүсү келгендерге аларга коюлган талаптарга жооп берер-бербесин карашчу эмес.
Бир туугандардын пионердик кызматты аркалап кетериме шектенгени жөндүү болчу. Анткени чындык жолунда бекем тура элек болчумун. Кабар айткан жакчу деле эмес. Кызматка чыкпаш үчүн жекшемби күнү жаан жаап калса экен деп тиленер элем. Жаан жаабай калса, жөн эле журнал таратып жүрө берчүмүн. Ыйык Китебимди алып чыгып, кабар деле айтчу эмесмин. Сүйүктүү апам жыйналыштан сахнага Ыйык Китепти окуу тапшырмасы менен чыгышым үчүн мага акча төлөп бере турган. Изилдегенди анча жактыра берчү эмесмин, рухий максаттарым деле жок болчу.
Ошол жылы жайында Кардиффте (Уэльс) облустук жыйын (азыркы боюнча региондук жыйын) болгон. Ошондо жашоом толугу менен өзгөргөн. Баяндамачылардын бири ойлонгонго түрткү берген бир нече суроо узаткан. Ал угуучуларга мындай деп кайрылган: «Өмүрүңдү Жахабага арнап, чөмүлдүң беле?» Мен ичимен: «Ооба»,— дедим. «Жахабага бүт жүрөгүң, бүт жаның, бүт акылың жана бүт күчүң менен кызмат кылам деп убада бердиң беле?» «Ооба». «Пионер болуп кызмат кылганга тоскоолдук кылган ден соолук жагынан кыйынчылыктарың же үй-бүлөлүк милдеттериң барбы?» «Жок». «Пионер болуп кызмат кылганга жолтоо болгон кандайдыр бир олуттуу себеп барбы?» «Жок». «Эгер акыркы суроого жок деп жооп берсең, анда эмне үчүн дагы деле пионер эмессиң?!»
Ошондо көзүм ачыла түшкөндөй эле болду. Мен: «Жашоом куру бекер өтүп жаткан турбайбы. Жахабага өмүрүмдү арнап, ага бүт жүрөгүм менен кызмат кылам деп убада берип коюп, ал убадамды аткарбай жаткан турбаймынбы»,— деп ойлондум. Эгер Жахаба мага берген убадасын аткарышын кааласам, анда мен да сөзүмө турушум керек экен дедим. Ошентип, 1956-жылдын октябрынан баштап өргүү пионери болуп кызмат кыла баштадым. Азыр өргүү пионерлери көмөкчү пионерлер деп аталат.
Кийинки жылы үзгүлтүксүз пионер болуп, 19 жарчыдан турган жыйналышка которулдум. Ал жакка баргандан тартып эле жума сайын баяндама айтканга дайындалдым. Баяндамаларым маңыздуу, чебер айтышым үчүн, бир туугандар мага чыдамдуулук менен жардам беришти. Эки жылдан кийин, 1959-жылы, Шотландиянын алыскы түндүгүндө жайгашкан Абердин шаарына атайын пионер болуп дайындалдым. Бир нече айдан кийин Лондондогу Бейтелде кызмат кылууга чакырылдым. Ал жерде жети жыл басмаканада кызмат кылганыма аябай сыймыктанам.
Бейтелде кызмат кылган мага жакчу, бирок атайын пионердик кызматты да жакшы көрүп калдым. Ошол учурда күчкө толуп турган, таш чайнап турган кезим болчу. Жахабага каякта болбосун кызмат кылганга даяр болчумун. Андыктан 1965-жылдын апрелинде миссионерлерди дайындаган Гилат мектебине арыз толтурдум.
Ошол эле жылы мени менен чогуу жашаган шеригим менен Берлиндеги (Германия) жыйынга катышып, биротоло бир нече жыл мурун курулган Берлин дубалын көрүп келели дедик.
Жыйындын бир күнүндө кабар айтуу кызматына катышканга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Кабар айтканга Сюзан Бэндрок экөөбүздү бөлүп коюшту. Экөөбүз 1966-жылы баш коштук. Эки жылдан кийин Гилат мектебинин 47-классына чакырылдык. Бул биз үчүн чоң бата болду! Беш айлык окуу көз ачып-жумгуча эле өтүп кетти. Бизди Заирге дайындашты, азыр ал Конго Демократиялык Республикасы деп аталат. Ал жакка дайындалабыз деп такыр ойлогон эмеспиз! Ал өлкө тууралуу бир аз эле билчүбүз. Коркуп, тынчсызданбай койгон жокпуз. Ошентсе да Жахабага таянып, дайындалган жерге жөнөп кеттик.
Аэропортто жана учакта бир топ саат болдук. Анан тоо кени казылган Колвези деген чакан шаарга келдик. Бизди эч ким тосуп албаганына таң калдык. Көрсө, бир туугандар биздин келерибиз тууралуу жазылган телеграмманы эки күндөн кийин гана алышыптыр. Муну кийинчерээк эле билдик. Бир аздан кийин жаныбызга аэропорт кызматкери келип, французча сүйлөдү. Ал кезде француз тилин билчү эмеспиз. Алдыбызда турган аял бизге бурулуп: «Силер камалдыңар»,— деп тиги кишинин айтканын которуп берди.
Бизди кармап кеткен полиция кызматкери эскилиги жеткен эки орундук кенедей спорт машинесине отургула деди. Анын кыймылдаткычы артта, ал эми жүк салган жери астында экен. Сюзан, мен, шопур, полиция кызматкери баарыбыз эптеп тыгылып батып кеттик. Күлкүлүү кинодогудай эле болдук. Машине жолдун өңгүл-дөңгүл жерлеринен өткөн сайын, төртөөбүз секирип бараттык. Ал эми жүк салган жердин оозу ачык болгондуктан, оозун араандай ачкан балыкка окшоп чемодандарыбызды чайнап баратты.
Ошентип отуруп миссионерлер үйүнө жетип калдык. Анын кайсы жерде жайгашканын биз билчү эмеспиз, бирок полиция кызматкери билчү экен. Үйдө эч ким жок, дарбаза бек экен. Миссионердин баары эл аралык жыйынга, өргүүгө кетип калышыптыр. Мээ кайнаткан ысыкта эмне кыларыбызды билбей туруп калдык. Анан ошол жакта жашаган бир бир тууган келип калды. Анын жылмайган жүзүн көргөндө бир топ жеңилдей түштүк. Ал полиция кызматкерин таанычу экен. Көрсө, полиция кызматкери бизден акча үмтөтүп жатыптыр. Тиги бир тууган аны менен сүйлөшкөндөн кийин, ал кетип калды. Биз болсо жайланыша баштадык.
Артка кетенчиктей турган убак эмес
Көп өтпөй биз жадырап-жайнап жүргөн, бири-бирине жан тарткан бир туугандардын арасында болуп калдык. Бирок алардын кыйынчылыктары чачтан көп экен. Анткени он жылдан бери өлкөдө төңкөрүштөр, ызы-чуу, чаң-тополоң тыйылбай келатыптыр. 1971-жылы болсо Жахабанын Күбөлөрүнүн расмий каттоосу жокко чыгарылды. «Эми эмне болот, кантебиз?» — деп сарсанаа болуп жаттык.
Коркуп, артка кетенчиктей турган убак эмес болчу. Кысым аябай катуу болгонуна карабай, бир туугандардын көбү коркунучка алдырышкан жок. Ошол учурда баары жанына партбилет алып жүрүп, партиянын төш белгисин тагынып жүрүшү керек болчу. Исанын жолдоочулары саясатка кийлигишпегендиктен бул алар үчүн чоң эле сыноо болду. Анткени белгиң жок болсо, эч кандай мамлекеттик кызматтан пайдалана албайт болчусуң. Анысы аз келгенсип, аскер же полиция кызматкери каалаган жерден сени токтотуп, каалагандай калчай алмак. Бир туугандарды жумуштан, балдарды мектептен кууп чыгарып жатышты. Жүздөгөн ишенимдештерибиз түрмөгө камалышты. Аябай эле коогалаңдуу учур болду. Ошого карабай бир туугандар кайратынан жазбай, жакшы кабар айтып жатышты.
Баарына чыдашыбыз керек болду
Ошол жылдар аралыгында Сюзан экөөбүз алыскы аймактарды кыдырып, убакытыбыздын көбүн райондук, облустук кызматка арнадык. Айылдагы жашоо бизге өөн болчу, ар кандай оор кыйынчылыктарга кабылдык. Кичинекей саман үйлөрдө жашадык. Бутту созуп кенен жата алчу эмеспиз. Канча жолу башымды эшиктин кашегине урганымды санай албай да калгам. Дарыядан, арыктардан аккан сууга жуунар элек. Кечинде шамды күйгүзүп алып окуп, тамакты отко бышырчубуз. Бирок, канчалык оор болбосун, миссионерлердин жашоосу ушундай болуш керек да деп өзүбүзгө эскертип турчубуз. Өзүбүздү согуш майданынын так ортосунда, башкача айтканда, теократиялык иштердин чордонунда жүргөндөй сезчүбүз.
Жергиликтүү бир туугандардын арасында жашап, мурун боло жүргөн нерселерди: тамак-ашты, сууну, кийим-кечекти жана баш калкалаган жайыбызды баалаганды үйрөндүк (1 Тиметей 6:8). Көрсө, жашоодогу калган нерселердин баары белек экен. Ушул жөнөкөй нерсени эч качан унутпайбыз.
Албетте, элчи Пабылдыкындай кыйынчылыктарга кабылбасак да, жол жүргөндө кээде ишенимибиз, ниетибиз сыналып жаткандай туюлчу. Жолдордун абалы аябай начар эле, атүгүл кээде такыр эле жол жок болчу. Таштак жолдордо машине катуу чайпалып, кээде баткакка тыгылып калчу. Жаан-чачын мезгилинде сазга малынгандай болуп, баткактан оңой менен чыга албай калчубуз. Бир жолу бир күн бою 70 чакырым эле жол жүргөнбүз, анткени машинебиз 12 жолу тыгылган.
Айылдарда оор шарттарда кызмат кылып жүргөндө Жахабага болуп көрбөгөндөй жакын болуп калганбыз. Анын жардамы баарына туруштук бере аларыбызга, атүгүл алыбыз жетпеген оор учурларда да багынбай, кубанычыбызды жоготпой кызмат кыла аларыбызга ынандык. Сюзан дегеле бир калыпта өткөн тынч жашоону жакшы көрөт. Бирок кыйын кезеңдерде бир да жолу наалыган жок. Ошол кубанычтуу күндөрдү жылуу сезимдер менен эстейбиз, анткени көп нерсени үйрөнүп, көп баталарды алдык.
Заирде жүргөн жылдары бир нече жолу түрмөгө камалдым. Бир жолу мага мыйзамсыз жол менен алмаздарды алып-сатат деген жалаа жабышкан. Албетте, буга тынчсызданбай койгон жокпуз. Бирок Жахаба кызматыбызды улантышыбызды кааласа, сөзсүз жардам берет деп ойлондук. Анан ошондой эле болду.
Алдыга илгерилейбиз
1981-жылы Киншасадагы филиалда кызмат кылууга чакырылдык. Бир жыл мурун биздин ишибиз ал өлкөдө расмий түрдө катталган экен. Ал жактагы бир туугандар чоңураак филиал салыш үчүн жер сатып алышкан. Бирок, күтүүсүздөн, 1986-жылдын март айында, өлкөнүн президенти Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салынышына кол койгон. Ошентип, куруу иши токтоп, көп өтпөй миссионерлердин көбү өлкөдөн кетишкен.
Биз болсо дагы бир аз убакытка калып калдык. Полиция кызматкерлери бизди аңдып эле турушчу. Ошого карабай андан ары да кабар айта бериш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып жаттык. Сак болгонубузга карабай изилдөө өткөрүп жаткан жеримен мени кармап кетишти. Жер төлөөдөгү көп киши отурган бир чоң камерага камап салышты. Анын ичи аябай ысык, караңгы болчу, сасык да экен. Жарык, таза аба жогору жакта турган кымындай эле терезеден кирип турчу. Камерада отургандардын айрымдары мени кармап алып, алардын үстүнөн караган чоңуна алып барышты. Ал: «Биздин улуттук гимнди ырда!» — деп буйруду. Мен болсо: «Аны билбейм»,— деп жооп бердим. «Анда өзүңдүкүн ырда!» — деди. Мен: «Аны да билбейм»,— деп айттым. Ошондо алар мени 45 мүнөт дубалды каратып тургузуп коюшту. Акыр-аягы жергиликтүү бир туугандар мени түрмөдөн чыгарып кетишти.
Өлкөдө жагдай жакшырбай турганына көзүбүз жетти. Көп өтпөй биз Замбияга дайындалдык. Чек арага келгенде кетип жатканыбызга жаман болдук, ошол эле учурда кадимкидей жеңилдей түштүк. Заирде ишенимдүү миссионерлер, жергиликтүү бир туугандар менен 18 жылдай кызмат кылдык. Ар кандай кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрсөк да, көп баталарга ээ болдук. Жахабанын дайыма биздин жаныбызда болгонун сездик. Биз суахили, француз тилдерин үйрөндүк, Сюзан болсо лингала тилин да бир аз өздөштүрүп алды. Биз менен изилдеген 130дан ашык киши чөмүлдү. Буга кубанычыбыз койнубузга батпай сүйүндүк. Андан тышкары, алдыда өсүш болуш үчүн бекем пайдубал курганга салым кошконубузга да абдан кубанабыз. Анан болуп көрбөгөндөй чоң өсүш болуп, көптөр чындык жолуна келишти. 1993-жылы Жогорку сот 1986-жылы ишибизге тыюу салынган чечимди жокко чыгарды. Азыркы учурда Конгодо 240 миңден ашуун Жахабанын Күбөсү бар.
Биз Замбияда кызмат кылган жылдары жаңы филиал салынды, кийинчерээк филиалыбыз кеңейтилди. Биз ал жакка 1987-жылы барганбыз. Андан бери жарчылардын саны үч эсе көбөйдү.
«Бул бир ай да пионер боло албайт!» — деп айтышкан баягы жаш жигит менен эмне болду? Жахабанын жана сүйүктүү жубайым Сюзандын жардамы менен 65 жылдан бери толук убактагы кызматты аркалап келатам. Забур 34:8де жазылгандай, «Жахабанын канчалык жакшы экенин» татып көрдүм.
Биз жөнөкөй, карапайым эле адамдарданбыз. Болгону, Жахабага ишенимдүү бойдон калып, ага өмүрүбүздү арнаганда берген убадабызга туруш үчүн колубуздан келгендин баарын кылып келебиз. Жахабанын «артка кетенчиктебей», «тескерисинче, жаныбызды сактап калыш үчүн» ишенимибизди бекемдегенге мындан ары да жардам бере берерине эч шектенбейбиз (Еврейлер 10:39).
Бул видеону көргүлө: «Дэрел менен Сюзан Шарп. Жахабага бүт жаныбыз менен кызмат кылабыз деп убада бергенбиз».