Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МИЛТИАДИС СТАВРО | ӨМҮР БАЯН

«Жахабанын камкордугун, жетекчилигин сезчүбүз»

«Жахабанын камкордугун, жетекчилигин сезчүбүз»

13 жаштарымда, менин курагымдагы балдардай эле, көчөдөн ары-бери өткөн машинелерди караганды жакшы көрчүмүн. Мен жашаган Триполи (Ливан) шаарында бир нече эле машине бар болчу.Мага, өзгөчө, америкалыктар чыгарган бир кызыл машине жакчу. Аны бир сириялык киши айдачу. Бир жолу православие чиркөөсүнүн дин кызматчысы бизге: «Ал машинени таш менен ургула»,— деп айтты. Анткени анын ээси Жахабанын Күбөсү болчу экен. Ошондо аябай таң калгам.

 Биз дин кызматчыга: «Таш айдоочуга тийсечи?» — деп сурадык. Ал болсо: «Аны өлтүргүлө. Колуңардагы канды менин кийимиме арчыгыла»,— деди. Мен грек православие чиркөөсүнө таандык болгонума сыймыктанчумун. Ошентсе да дин кызматчынын ошол заар сөздөрүнүн айынан кийинчерээк чиркөөдөн чыгып кеткем. Ойлонуп көрсөм, ошол окуя Жахаба жөнүндө чындыкты издегенге түрткү болуптур.

Жахаба жөнүндө чындыкты билишим

 Мен чоңоюп-өскөн Триполи шаары деңиздин жээгинде жайгашкандыктан, ал жакта маданияты, тили, дини ар башка болгон кишилер көп болчу. Биздин үй-бүлө дагы, бардык үй-бүлөлөрдөй эле, өзүнүн ата-теги менен сыймыктанчу. Мен байкелерим менен Жахабанын Күбөлөрүнө каршы иш жүргүзгөн Ишенимдин жоокерлери a деген топко кошулганбыз. Биз Жахабанын Күбөлөрүн эч качан көргөн эмеспиз. Бирок дин кызматчыбыз: «Алар — грек православие чиркөөсүнө каршы чыккан кылмыштуу топ. Алардын башчысы — Жахаба деген киши»,— деп айткан. Дин кызматчыбыз: «Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуп калсаңар, аларга кол салгыла»,— деп кулагыбызга куйчу.

 Үч байкем Жахабанын Күбөлөрүнө жолугуптур. Мен ал жөнүндө билген эмесмин. Бирок байкелерим кол салгандын ордуна, алардыкы туура эмес экенин далилдеш үчүн Ыйык Китепти изилдей башташыптыр. Бир жолу кечинде келсем, үйдө толтура Жахабанын Күбөлөрү бар экен. Алар үйдөгүлөр, кошуналар болуп Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүп жатышыптыр. Ошондо туугандарым православие динин сатып жибериштиби деп аябай жаман болгом. Чыгып кеткенге шашкам. Бирок Жахабанын Күбөсү болгон кошунам «отуруп, угуп көрсөң» деди. Ал белгилүү тиш доктур болчу. Үй-бүлөбүз менен дос болуп жүргөн бир байке менин Ыйык Китебимен Забур 83:18ди окуп берди. Ошондо дин кызматчынын бизди алдап жүргөнүн түшүндүм. Жахаба кылмыштуу топтун башчысы эмес, жалгыз, чыныгы Кудай экен.

Чөмүлгөнүмөн көп өтпөй

 Мен Жахаба жөнүндө көбүрөөк билгим келди. Ошондуктан Мишел Абауд деген байке менен изилдей баштадым.Ал үйүбүзгө келип, баарыбыз менен Ыйык Китепти изилдечү. Биз жолу изилдөөгө катышкан досум бүйүрдү кызыткан бир суроо берди. Мен ал тууралуу бала кезимен бери ойлонуп жүргөм. Ал: «Кудайды ким жараткан? Айтып берчи»,— деди. Мишел байке диванда керилип жаткан мышыкты мисал кылды. Ал: «Мышык биздин сөздөрүбүздү, ойлорубузду түшүнбөйт. Ошо сыяктуу эле, биз да Кудай жөнүндө көп нерсени түшүнө албайбыз»,— деп айтты. Ошол мисалдын жардамы менен Жахабанын табиятын толугу менен түшүнө албасымды аңдадым. Ошондон көп өтпөй өмүрүмдү Жахабага Кудайга арнап, 1946-жылы 15 жашымда чөмүлдүм.

Пионердик кызмат жашоомду маңызга толтурду

 1948-жылы Ханна деген байкеме кошулуп, фотоаппарат менен сүрөткө тартып, чыгарып иштей баштадым. Анын ишканасы боёкчу болуп иштеген Нагиб Салим b деген ишенимдешибиздин устаканасынын жанында жайгашкан. Нагиб байке кайраттуу, тайманбас кабарчы болчу. Ал жүзгө чыгып көз жумганга чейин ошонусунан жазган эмес. Аны менен айылдарды кыдырып кабар айтып калдым. Ал каршылыктарга карабай эр жүрөктүк менен кабар айта берер эле. Ким кайсы динди тутпасын, баары менен Ыйык Китеп жөнүндө сөз баштап кетчү. Анын ынталуулугу мага күчтүү таасир эткен.

Нагиб Салим (арткы катар оң жакта) мага күчтүү таасир эткен

 Бир жолу жумушта отурсак, түбү ливандык, бирок Кошмо Штаттарда жашаган Мери Шая деген эже келип калды. Ал балдары бар болсо да, жалындап пионер болуп кызмат кылчу экен. Анын келиши жашоомду аңтарып салды. Мэри эже кызматында болгон окуяларды кобурап отуруп, эки саат өтүп кетиптир. Ал кетип баратып: «Милто, сен бойдок турбайсыңбы, эмнеге пионер эмессиң?» — деп сурады. Мен: «Жанымды багыш үчүн иштешим керек, ошон үчүн пионер боло албай»,— деп актандым. Ошондо ал: «Силер менен бул жакта отурганыма канча саат болду?» — деп сурады. Мен: «Эки сааттай»,— дедим. Мери эже: «Сен ушул эки саат бою эч нерсе кылбай эле отурдуң го. Эгер күнүгө ушунча эле убакыт кабар айтсаң, пионер боло аласың. Бир эле жыл пионер болуп көр. Анан өзүң чечесиң, улантасыңбы же токтотосуңбу»,— деди.

 Негизи, биздин элде эркектер аялдардын кеңештерине кулак какпайт. Бирок анын айткандары акылга сыярлыктай сезилди. Ошентип, эки айдан кийин, 1952-жылы январда, пионер болуп кызмат кыла баштадым. Ошондон бир жарым жылдай өткөндөн кийин Гилат мектебинин 22-классына чакырылдым.

1953-жылы Гилат мектебине кетип баратканымда, үй-бүлөм менен досторум узатышкан

 Мектепти аяктагандан кийин Ортоңку Чыгышка дайындалдым. Бир жылга жетип-жетпей эле миссионер болуп кызмат кылган англиялык Дорис Вуд деген жакшынакай кызга үйлөндүм. Ал дагы Ортоңку Чыгышта кызмат кылчу.

Сирияда кабар айтышыбыз

 Үйлөнгөнүбүздөн көп өтпөй Дорис экөөбүз Сириянын Алеппо шаарына дайындалдык. Ал жакта ишибизге тыюу салынгандыктан, Ыйык Китепти изилдегиси келгендерди тааныштар аркылуу тапчубуз.

 Бир жолу Ыйык Китепке кызыгып калган бир эжеге бардык. Ал калтырап-титиреп эшикти ачып: «Абайлагыла! Жаңы эле полиция кызматкерлери келип кетти. Алар силердин каякта жашаарыңарды сурады»,— деди. Көрсө, жашыруун полициянын кызматкерлери Ыйык Китепти кимдер менен, каякта изилдээрибизди билишчү экен. Ошондо Ортоңку Чыгыштагы кабар айтуу ишин көзөмөлдөгөн байкелерге чалдык. Алар мүмкүн болушунча өлкөдөн дароо чыгып кеткиле дешти. Биз Ыйык Китепти изилдеп жаткандарды калтырып кетип жатканыбызга жаман болдук. Ошентсе да Жахабанын коргоп жатканын сезип жаттык.

Жахаба Иракта да жетекчиликсиз калтырган жок

 1955-жылы Ирактагы Багдад шаарына дайындалдык. Биз Ирактагы бардык адамдарга эстүүлүк менен кабар айтсак да, көбүнчө христиан динин туткандарга көңүл топтодук.

Иракта кызмат кылган миссионерлер менен

 Ошондой эле базарларда же көчөлөрдө мусулмандар менен да жылуу-жумшак сүйлөшкөнгө аракет кылчубуз. Дорис алар менен кызыктуу маек курчу. Мисалы, ал: «Менин атам баары Жараткандын алдына барат деп көп айтар эле»,— деп сөз баштачу (Римдиктер 14:12). «Ушул ой мага өмүр бою жардам берип келатат. Сиз кандай ойдосуз?» — деп сөзүн улачу.

 Багдадда үч жылдай кызмат кылып, жергиликтүү бир туугандарга кабар айтуу ишин эстүүлүк менен уюштурганга жардам бердик. Биз жашаган миссионерлер үйүндө араб тилиндеги жолугушуулар өтүп турчу. Ал жакка ассириялыктардын жамаатынан Ыйык Китепке чын жүрөктөн кызыккан кишилер келип калганда, аябай сүйүнчүбүз. Негизи, алар христиан динин тутушчу. Ортобуздагы сүйүүнү, биримдикти көргөндө биздин Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди түшүнүшчү (Жакан 13:35).

Багдаддагы миссионерлер үйүндө жолугушуулар өткөрүлчү

 Кабарды дароо эле угуп, кабыл алгандардын арасында Николас Азиз деген үй-бүлөлүү бир киши бар болчу. Ал жумшак, момун киши эле. Өзү ассириялык болсо да, Арменияда жашап, ошол жактан көчүп келиптир. Николас жубайы Хелен экөө Ыйык Китептеги Жахаба менен Уулу Иса жөнүндөгү чындыкты кандай укса, ошондой кабыл алышкан. Алар Жахаба менен Иса эки башка экенине дароо ишенишкен (1 Корунттуктар 8:5, 6). Николас менен дагы 20 киши Эфрат дарыясында чөмүлгөн күн күнү бүгүнкүдөй эсимде.

Жахабанын бизди Иранда колдошу

Иран, 1958-жыл

 Иракта көтөрүлүш чыгып, 1958-жылы 14-июлда ал жактын падышасы Файсал II көз жумгандан кийин, бизди Иранга депортация кылышты. Ал жерде сактык менен кызмат кылып, чет өлкөлүктөргө кабар айтып алты айдай жүрдүк.

 Ирандын борбор калаасы Тегерандан кетер алдында мени суракка алыш үчүн полицияга алып барышты. Ошондо алардын бизди аңдып жүргөнүн түшүндүм. Суракка алынгандан кийин Дорис менен байланышып, полициянын бизди аңдып жүргөнүн айттым. Коопсуздугубузду ойлоп өлкөдөн чыгып кеткенге чейин «мен үйгө барбай турайын, экөөбүз да жолукпай туралы» деп сүйлөшүп алдык.

 Экөөбүз аэропорттон жолукканга чейин Дорис коопсуз жерде баш калкалап турду. Аэропортко полициянын көзүнө илинбей кантип жетти дебейсиңерби? Ал иштин чоо-жайын айтып Жахабадан тиленген экен.

 Бир маалда туруп туруп эле жаан төгүп баштаптыр. Баары тең, анын ичинде полиция кызматкерлери да баш калкалап ар кайсы жакка кирип-кирип кетишиптир. Көчөлөр аңгырап бош калганда, Дорис аэропортко ээн-эркин жетип алыптыр. Ал: «Ошол жамгыр керемет эле болгон»,— деп айтып калат.

 Ирандан кеткенден кийин башка аймакка дайындалдык. Ал жакта да тек-жайы, дини ар кандай кишилерге кабар айттык. 1961-жылга чейин Ортоңку Чыгыштын ар кайсы жерлериндеги жыйналыштарды кыдырып, райондук кызматты аркаладык.

Жахабанын ыйык рухунун күчүнө күбө болуп келатабыз

 Ортоңку Чыгышта кызмат кылып жүргөндө Кудайдын руху адамдарды бириктирерин көп жолу көрдүк. Палестиналык Эдди жана Николас деген эки жигит менен Ыйык Китепти изилдечүмүн. Изилдөө аябай кызыктуу өтөр эле. Ошол күндөр дагы деле эсимде. Экөөнө тең жыйналышка барган жакчу. Бирок саясий көз карашынын айынан изилдегенин бат эле токтотуп коюшкан. Мен Жахабадан «алардын жүрөгүн ача көрчү» деп тиленчүмүн. Алар Кудай палестиналыктардын эле эмес, бүт адамзаттын көйгөйлөрүн чечерин түшүнгөндө Ыйык Китепти кайрадан изилдей башташкан (Ышая 2:4). Алар Палестиналык болгонуна аябай сыймыктанышчу. Бирок кийинчерээк көз карашын өзгөртүп, чөмүлүшкөн. Кийин Николас ынталуу райондук көзөмөлчү болду.

 Улам бир өлкөгө дайындалып кызмат кылып жүргөндө Дорис экөөбүз, жагдай-шарты кандай болбосун, берилгендигинен жазбаган ишенимдештерибизге таң берчүбүз. Алардын кыйынчылыктары чачтан көп болчу. Андыктан жыйналыштарды кыдырып жүргөндө ошондой бир туугандарга дем-шык бергенге аракет кылчумун. Ошону максат кылып алгам (Римдиктер 1:11, 12). Бул максатыма жетиш үчүн өзүмдү ал бир туугандарыман артык көрбөгөнгө күч жумшачумун (1 Корунттуктар 9:22). Боордошторума арка-бел боло алганыма аябай сүйүнчүмүн.

 Биз менен Ыйык Китепти изилдегендердин Жахабага ишенимдүүлүгүнөн жазбай кызмат кылып жатканын көргөндө терибизге батпай сүйүнөбүз. Айрымдары согуштун айынан үй-бүлөлөрү менен башка өлкөлөргө качып кеткенге аргасыз болушкан. Бирок Жахаба муну батага айлантты. Алар барган жерлеринде — Австралияда, Канадада, Европада жана Кошмо Штаттарда — араб тилиндеги жыйналыштарда кызмат кылып жатышат. Акыркы жылдары алардын балдарынын айрымдары Ортоңку Чыгышка кайтып барып кызмат кылып жатышат. Ал жакка кайраттуу жарчылар аябай керек. Кудай Дорис экөөбүзгө ушундай көп рухий уулдарды, неберелерди берди. Биз буга абдан сүйүнөбүз.

Жахабадан түбөлүккө үйрөнө беребиз

 Жахаба бизге өмүр бою ар кандай жолдор менен кам көрүп, жетекчилик берип келатат. Жаш кезимде улутчул, бет карама болчумун. Ушунун баарынан арылганга жардам бергени үчүн Кудайга миң мертебе ыраазымын. Эч кимди тилине, динине, улутуна карап бөлбөгөн кайраттуу ишенимдештерим менен кызматташтым. Алардан баарына, тек-жайына карабай, Ыйык Китептеги жакшы кабарды жарыялаганды үйрөндүм. Дорис экөөбүз далай өлкөлөрдү кыдырдык. Баштан көп кыйынчылыктар өттү. Кээде эртең эмне болорун билчү эмеспиз. Бирок бул бизди өзүбүзгө эмес, Жахаба Кудайга толугу менен таянганга үйрөттү (Забур 16:8).

 Кудайга кызмат кылган ондогон жылдарымды артка түрдүргөндө асмандагы Жахаба Атама карыздар экенимди түшүнөм. Сүйүктүү жубайым Дорис: «Өлүм менен беттешкенде да, Жахабага берилгендигибизди сакташыбыз керек»,— деп көп айтып калат. Мен ага толугу менен кошулам. Жахабага Ортоңку Чыгышта тынчтык жөнүндөгү кабарды жарыялаганга мүмкүнчүлүк бергени үчүн чексиз ыраазыбыз (Забур 46:8, 9). Биз келечекте эмне болуп кетет деп коркпойбуз. Анткени Жахаба ага таянгандардын баарын мындан ары да жетектеп, коргой берет (Ышая 26:3).

a Ушул топ жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн 1980-жылы чыккан «Жылдык китебинин» 186—188-беттерин карагыла.