ХЕСУС МАРТИН | ӨМҮР БАЯН
«Жахаба мени кыйынчылыктын кара булутунан сууруп чыкты»
Мен 1936-жылы Мадридде төрөлгөм. Ошол жыл испандар үчүн эстен кеткис жыл болгон. Анткени так ошол жылы өлкөнү канга боёгон жарандык согуш башталган.
Үч жылга созулган ошол жарандык согуш Испаниядагы көптөгөн адамдарды азапка салган. Эл ушунчалык жабыркап, жан дүйнөсү да жараланган. Албетте, согуш атамдан да кыя өткөн эмес. Негизи, ал Кудайга бүт жүрөгү менен ишенген киши болгон. Бирок католик дин кызматчыларынын согушка баш оту менен кирип кеткенине ачууланып, алардан көңүлү калып калыптыр. Ошон үчүн иним экөөбүздү католик катары чөмүлтпөйм деп чечиптир.
1950-жылы эки Жахабанын Күбөсү эшигибизди такылдатып калды. Атама алардын айткандары жагып, жума сайын Ыйык Китепти изилдегенге макул болду. Ошондо мен 14тө болчумун, футбол дегенде жанымды берчүмүн. Атам мага Жахабанын Күбөлөрү таштап кеткен бир нече адабиятты окуп көрсөң деп берген. Бирок мен кызыккан эмесмин. Бир күнү түштөн кийин футболдон келсем, үйдө кишилер бар экен. Апамдан: «Апа, Ыйык Китеп жөнүндө айткан тиги кишилер дагы келиштиби?» — деп сурасам, ал: «Ооба, атаң менен конок бөлмөсүндө отурушат»,— деп жооп берди. Ошондо мен шарт бурулуп, эшикке чыгып кетип калдым.
Менин Ыйык Китепке кызыкпаганым атамдын шаабайын сууткан жок. Чындык ушунчалык жүрөгүнө жаккандыктан, 1953-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болду. Мен атамдын чөмүлгөнүнө таң калып, аябай кызыгып, көп суроолорду бере баштадым. Окуп көрөйүн деп Ыйык Китеп да сурадым. Атам Максимо Мурсия деген бир жигиттен мени менен изилдешин суранды. Эки жылдан кийин, 19га чыкканда, Мадриддин чыгышында жайгашкан Харама дарыясында чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болдум.
Диктатор Франконун тушунда кабар айтуу
1950-жылдары кабар айтуу, жыйналыш өткөрүү абдан оор болчу. Испанияны кыңк эттирбей башкарып турган Франциско Франко өлкөдөгү ар бир жарандын католик динин гана тутушун каалаган. Ошонун айынан полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн артынан сая түшүп алышкан. Биз бир туугандардын үйлөрүндө чогулчубуз. Кошуналар билип калып, полиция кызматкерлерине айтып койбосун деп, сак болор элек. Үймө-үй кабар айтканда өзгөчө эстүүлүк көрсөтчүбүз. Мисалы, бир көчөдөн эки-үч эле үйгө кирип, анан көпкө турбай башка аймакка кетип калчубуз. Көптөр айткан кабарыбызды угушчу, бирок баары эле жактырышчу эмес.
Бир жолу кабар айтып жүрсөм, эшикти католик дин кызматчысы ачып калды. Ага эмне үчүн келгенибизди түшүндүрүп бергенден кийин, ал: «Силерге кабар айтканга ким уруксат берди? Мен азыр полиция чакырам!» — деп кесе сүйлөдү. Ошондо мен: «Негизи, биз буга даярбыз. Анткени Иса Машаяктын душмандары деле аны камаганга аракет кылышкан. Анда анын жолдоочулары деле ошондой мамилеге туш болушу мүмкүн да»,— дедим. Дин кызматчы сөздөрүмдү жактырбай, полицияга телефон чалганы үйүнө кирип кетти. Ошондо аркамды карабай, качкан бойдон кеттим.
Кабар айтып жүргөнүбүздө көптөр каршы болсо да, Испаниядагы жүздөгөн жарчылар Ыйык Китептеги чындыкты билгиси келген көптөгөн кишилерди табышкан. 1956-жылы февралда атайын пионер болуп дайындалдым a. Ошондо дагы деле 19да болчумун. Пионерлердин көбү жаш, тажрыйбасыз болчубуз. Бактыга жараша, бизди окутуп-үйрөтө турган, дем-күч берген бир нече миссионер бар болчу. Мен башка бир жаш пионер менен чогу Жахабанын Күбөлөрүнүн буту баса элек Аликанте шаарына дайындалдым. Бир нече айдын ичинде эле көп киши менен Ыйык Китепти изилдей баштадык, жүздөгөн адабияттарды тараттык.
Албетте, элдин көзүнө урунбай койгон жокпуз. Аликантеге келгенибизге бир нече ай болгондон кийин эле полиция кызматкерлери бизди камап, Ыйык Китептерибизди алып коюшту. Түрмөдө 33 күн отурдук. Анан бизди Мадридге алып барып, ал жактан коё беришти. Көрсө, ошол түрмө алдыдагы азаптын чекеси эле болуптур.
Кыйынчылыктын кара булуту каптаган мезгил
21ге чыкканда аскерге чакырылдым. Ошондо Марокконун түндүгүндө жайгашкан Надор шаарындагы аскердик бөлүккө барышым керек болду. Ал кезде Марокко Испанияга карачу. Ал жактан башкы лейтенантка эмне үчүн аскер кызматын өтөбөй турганымды, эмне үчүн аскер кийимин кийбей турганымды сылыктык менен түшүндүрүп бердим. Аскер полициясы мени Мелилья шаарындагы Рострогордо түрмөсүнө алып барды. Аскер сотунун алдына барганга чейин ошол түрмөдө болдум.
Мароккодогу испан аскеринин жетекчиси сотко чейин эле мени эсиме келтириш үчүн сабатайын деп ойлонуштуруп коюптур. Ошон үчүн мени аябай кордоп, 20 мүнөт камчы менен сабашты, эс-учуман танганга чейин тепкилешти. Аскер башчы ушуга да ыраазы болбой, оор аскер батинкеси менен башымды тебелеп, кан акканга чейин басып турду. Анан мени анын кеңсесине алып барышканда, ал: «Ушуну менен эле бүттү деп ойлобо. Күн сайын таяк жейсиң, көрбөгөн кордукту көрсөтөм!» — деп кыйкырды. Анан сакчыларга мени жер төлөдөгү камерага камагыла деп буйрук берди. Камера сыз, капкараңгы экен. Эртеңки күнүм андан да караңгы болчудай туюлду.
Башыман кан дагы деле шорголоп агып жаткан. Ошондо тизелеп отуруп алып тиленгеним күнү бүгүнкүдөй эсимде. Камерада жупжука жамынчы жана ары-бери чуркаган келемиштерден башка эчтеке жок экен. Жахабадан күч, туруктуулук сурап тилинип жаттым. Дарманым ошого эле жетти. Көзгө сайса көрүнгүс, сыз камерада Жахабага жалбарып, кайра-кайра тилинип жаттым. b
Эртеси күнү мени дагы сабашты. Бул жолкусунда башка офицердин колуна түштүм. Ал мени «болушунча жанчкыла» деп карап турду. Чынын айтсам, мындай кордукка чыдай албайм го деген ойлор келген. Ошол түнү: «Жахаба жардам берчи»,— деп жалбардым.
Үчүнчү күнү мени аскер башынын кеңсесине кайра алып барышты. Мен дагы таяк жейм го деп коркуп бараттым. Жахабадан улам-улам тиленип жаттым. Кеңседе мени аскердик соттун катчысы Дон Эстебан c күтүп туруптур. Ал мага каршы кылмыш ишин козгогону келиптир.
Дон Эстебан башымдын байланганын көрүп: «Эмне болду?» — деп сурады. Мен эгер чындыкты айтсам, дагы сабашабы деп корктум. Бирок болгонун болгондой айтып бердим. Ошондо ал: «Мен сени аскердик соттон куткара албайм. Бирок бир нерсеге кепилдик бере алам. Бүгүндөн баштап сени эч ким сабабайт!» — деди.
Ал сөз бергендей эле, ошол түрмөдө канча отурсам, ошончо убакыт бою мага эч ким тийген жок. Ал кишинин мени менен сүйлөшкөнү эмне үчүн так ошол күнү келгени азыркыга чейин табышмак. Бил билгеним, Жахаба менин тилегиме укмуштуудай жол менен жооп берди. Жахаба мени кыйынчылыктын кара булутунан сууруп чыгып, көтөрө албай калганчалык сыналышыма жол берген жок (1 Корунттуктар 10:13). Ошондон кийин Жахабага толугу менен таянып, аскердик сот алдына бардым.
Аскердик сот мени 19 жылга кести. Кийинчерээк баш ийбестик кылды деп, үстүнө дагы үч жыл кошуп коюшту. Мароккодо 15 айдай отургандан кийин, калган мөөнөтүмдү өтөшүм үчүн, Мадридден анча алыс эмес жайгашкан Оканья түзөтүү абагына которушту. Оканьяга которулганым Жахабанын эле батасы болду. Рострогордодогу түрмөгө салыштырмалуу, ал жак жөн эле бейиш экен. Камерада керебет, матрац, анча-мынча шейшептер бар экен. Бир нече убакыт өткөндөн кийин мени түрмөдө эсеп-кысап ишин жүргүзгөнгө дайындашты. Түрмөдө кечке эле отура берсең, жалгыздык жаныңа батат. Кудай кошкон бир туугандарым менен чогуу боло албаганым мен үчүн эң чоң кыйынчылык болду.
Ата-энем анда-санда келип турчу, ошентсе да күч-кайрат бере турган ишенимдештеримдин жардамына аябай муктаж болчумун. Ата-энем жыйналыштагы башка бир туугандар да аскер кызматынан баш тартканы үчүн түрмөгө камала баштаганын айтып калды. Ошондо мен Жахабадан, жок дегенде, ошолордун бирөө мен отурган түрмөгө түшсө экен деп сурана баштадым. Жахаба менин жалындуу тилегимди жоопсуз калдырган жок. Анын ушунчалык марттык менен жооп берерин күткөн эмесмин. Көп өтпөй Альберто Контиок, Франсиско Диас жана Антонио Санчес деген ишеними күчтүү үч бир тууган мен отурган Оканья түрмөсүнө кесилишти. Түрмөдө төрт жыл жалгыз отургандан кийин Жахабага берилгендигин сактаган ушундай бир туугандар менен чогуу болуп, кайраттанып калдым. Төртөөбүз чогу изилдечүбүз, түрмөдөгү башка кишилерге кабар айтчубуз.
Азаттыкка чыгып, кайрадан кабар айта башташым
Акыры1964-жылы мени мөөнөтүмөн мурда шарттуу бошотушту. 22 жылдык мөөнөтүм 6 жарым жылга кыскартылды. Түрмөдөн чыккан күнү эле жыйналышка бардым. Ошондо сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Болгон акчамды таксиге берип, Мадридге жөнөдүм. Жыйналыш мына башталайын дегенде кирип бардым. Кайрадан Кудай кошкон бир туугандарымдын арасында болгонум мен үчүн чоң бата болду. Мындан сырткары, пионердик кызматымды да дароо баштагым келди. Полиция кызматкерлеринин кысымына карабай, эл жакшы кабарды угуп атты. Ооба, алдыда иш али көп эле.
Ошол учурда атайын пионер болуп кызмат кылган Мерседес деген ынталуу кыз менен таанышып калдым. Ал аябай момун, ар бир кишиге кабар айтканга мүмкүнчүлүк издеген кыз болчу. Анын боорукердиги, берешендиги мага абдан жаккан. Бири бирибизди жакшы көрүп калдык. Бир жылдан кийин баш коштук. Жубайым мага бүгүнкү күнгө чейин жөлөк-таяк болуп келет. Ал — Жахабанын белеги.
Үйлөнгөнүбүзгө бир нече ай болгондон кийин кыдыруучулук кызматка дайындалдык. Жума сайын ар кандай жыйналыштарды кыдырып, бир туугандар менен чогуу кызматташып кубанчубуз. Испаниядагы жыйналыштар улам барган сайын көбөйө бергендиктен, бир туугандар дем-шык берип, көмөк көрсөтө тургандарга муктаж болчу. Ошол кездерде бир нече убакытка Жахабанын Күбөлөрүнүн Барселонадагы филиалына жардам берип калдым. Бирок ал жактагы иштер купуя болчу.
1967-жылы Испания өкмөтү дин тутуу эркиндигине өбөлгө түзгөн мыйзам чыгарды. Ошондон кийин Жахабага эркин кызмат кылып калдык. Ал эми 1970-жылы болсо биз — Жахабанын Күбөлөрү — мыйзамдуу түрдө катталдык. Ошондон кийин өзүбүздүн Падышалык залдарыбызда эркин чогула баштадык. Атүгүл филиалыбыз да расмий түрдө ачылды.
Кызматтын жаңы түрлөрүн аркалашым
1971-жылы Мерседес экөөбүз Барселонадагы филиалга чакырылдык. Бирок бир жылдан кийин Мерседестин боюнда болуп калды. Ошентип, Абигейил деген жакшынакай кызыбыз төрөлдү. Ошон үчүн Бейтелден кетип, жаңы кызматты баштадык. Тагыраак айтканда, кызыбызды тарбиялап-чоңойтушубуз керек болду.
Абигейил өспүрүм куракка келип калганда, филиал бизден кыдыруучулук кызматты уланта албайт белеңер деп сурады. Адатыбызча эле Жахабадан жалындуу тиленип, рухий жактан жетилген бир туугандар менен кеңештик. Бир аксакал: «Хесус, эгер филиалдагылар силерди кыдыруучулук кызматка кайра чакырып жатышса, анда „макул“ дешиң керек»,— деди. Ошентип кызматты баштап, дагы көп баталарды ала баштадык. Башында үйүбүзгө жакын жердеги жыйналыштарды кыдырып жаттык. Анткени кызыбыз Абигейилге кам көрүшүбүз керек болчу. Убактын өтүшү менен кызыбыз чоңоюп, уядан учту. Ошондо атайын толук убакыт кызматты баштаганга эшик ачылды.
Мерседес экөөбүз кыдыруучулук кызматты 23 жыл аркаладык. Жаш бир туугандарымды кайраттандырганга өбөлгө түзгөн ошол кызматымды аябай баалачумун. Анткени аларга башыман өткөндөрүмдү да айтып берип жардам бере алдым. Бир жолу аксакалдарды жана толук убакыт кызмат кылган бир туугандарды окуткан мектепке нускоочу болуп дайындалып калдым. Ошондо Мадриддеги Бейтелде жашадык. Кызыктуусу, Бейтелден 3 чакырымдай алысыраак жерде Харама дарыясы агып өтөт. Мен так ошол дарыяда 1955-жылы чөмүлгөм. Ондогон жылдардан кийин кайра ошол жерге кайтып барып, Жахаба дегенде ичкен ашын жерге коё койгон жаштарды окутуп-үйрөтүү ишине катышам деп ойлогон эмесмин.
2013-жылдан бери атайын пионер болуп кызмат кылып келе жатабыз. Чынын айтсам, кыдыруучулук кызматты токтотуп, пионердик кызматты башташ оңой болгон жок. Бирок бул эң туура болуптур. Анткени көп өтпөй ден соолугум начарлап, жүрөгүмө чоң операция жасаганга туура келди. Ошондой оор учурларда Жахабага толугу менен таяндым. Ал мени мурун кандай колдоп келсе, ошондо да колдоду, таштаган жок. Мага кандай кызмат тапшырылбасын, жубайым Мерседес 56 жылдан бери мени берилгендик менен колдоп келатат. Ал — менин жан шеригим.
Нускоочу болуп кызмат кылган күндөрүмдү көп эстейм. Ошондо мектепте окуган ынталуу жаштардын жүздөрү көз алдыма тартыла түшөт. Жүрөгү Жахаба деп соккон ошол жаштарды көргөндө өзүмдүн жаш кезим, ыйык кызматымды баштаган кездеги жүрөгүмдөгү жалын эсиме келет. Албетте, жашоомдо кара булут каптаган учурлар болбой койгон жок. Бирок кызматтагы кызыктуу окуялар алардан ашып түшөт. Башыма түшкөн кыйынчылыктардан көп маанилүү нерселерди үйрөндүм. Эң негизгиси, эч качан өзүмдүн күчүмө таянбашым керек экенине ынандым. Кыйынчылыктар желкемен басканда, Жахабанын күчтүү колун көргөнгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлчү. Ал мени ошол кубаттуу колу менен дайыма, атүгүл турмуштун кара булуту каптаган күндөрдө да колдоп келди (Филипиликтер 4:13).
a Атайын пионер — кызматка бүт убактысын арнаган ыктыярчы. Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалы атайын пионерлерди Ыйык Китептеги жакшы кабарды жарыялаганга кайсы жерде көбүрөөк жардам керек болсо, ошол жакка жөнөтөт.
b Дааратканасы жок төрт чарчы камерада жети ай отургам. Ошол кир, сыз жерде жука эле жамынчы менен жатчумун.
c Испан тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдө «Дон» деген сөз наамды билдирет. Ал наамды кишинин ысымына чейин айтып, аны урматтап-сыйлаарын көрсөтүшөт.