Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

«Исанын жашоосунда болгон окуялар». Көшөгөнүн артында

«Исанын жашоосунда болгон окуялар». Көшөгөнүн артында

1-ОКТЯБРЬ, 2024

 Жахабанын Күбөлөрү быйыл баарынан да күткөн нерсе «Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген видеонун 1-сериясы болду. Аны миллиондогондор көрүштү. Ал серия — 18 сериянын биринчиси эле. Ушул видео тартылып жатканда көшөгөнүн артында эмнелер болду? Силер бул ишти кантип колдодуңар?

Каармандарга жана видеону тарткан топко кандай кам көрүлдү?

 «Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген видеонун серияларынын көбү Австралазия филиалында тартылды. a Видеонун ар бир көрүнүшүн тартканга 50дөн 80ге чейин киши катышып жатты. Каармандарга жана видеону тарткан топко түшкү тамак, кечки тамак жана шам-шум эткенге тамак даярдалып жатты. Эмне тамак жасалары алдын ала ойлонуштурулган. Тамак-аш бөлүмүндө кызмат кылган Эстер мындай дейт: «Сапаттуу азык-түлүктөрдү арзаныраак баада алыш үчүн аларды ар кайсы жерлерден алып жаттык. Тамак-аш ысырап болбошу үчүн, канча кишиге тамак жасаш керектигин аныктап, ошого жараша иш кылып жаттык». Күн сайын бир кишинин тамак-ашына болжол менен 4 доллар сарпталып жатты.

 Каармандарга жана видеону тарткан топко тамак-аштан сырткары, башка жагынан да кам көрүш керек болду. Мисалы кайсы жагынан? Австралияда көбүнчө асман чайыттай ачык, күн ысык болот. Ошон үчүн видео тартканга катышкандардын баарын ультракызгылт көк нурлардан коргош керек болду. Аларга күн өтүп кетпеши үчүн же күнгө күйүп калбашы үчүн, чатырлар тигилип, салкындата турган жайлар орнотулуп жатты. Ошондой эле күндөн коргой турган бет майлардын, кол чатырлардын жана суунун жетиштүү болушуна кам көрүлүп жатты. Аудио/видео кызматында иштеген Кевин: «Видео тартууга катышкандарга кам көргөндөрдүн көбү — Бейтелге келип-кетип кызмат кылган кызматчылар. Алар ушул жана башка иштерди момундук менен кубанып аткарышат. Алар болбогондо биз бул долбоорду бүтүрө алмак эмеспиз»,— дейт.

Башка жерлерден тартуу

 Видеодогу айрым көрүнүштөрдү видео тартыла турган жерден же студиядан тартканда табигый көрүнбөй калышы мүмкүн. Ошондой жагдайларда видео тарткан топ башка жактарга барып тартат. Байыркы убактагы жашоону чагылдырыш үчүн көбүнчө электр чубалгылары, асфальт жолдор, заңгыраган үйлөр жок алыскы жердеги айылдарга барганга туура келет. Андайда каармандардын кийимдерин, видеодо колдонула турган буюм-тайымдарды, шаймандарды чогултуп, жеткирип, түшүрүп, жайгаштырыш керек. Видео тартыла баштаганга чейин атайын дайындалган ага/инилер генераторлордун, ичкенге таза суунун жана дааратканалардын болушуна кам көрүшөт. Каармандар жана видео тарткан топ ошол жерде жашаган меймандос Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө, авточиркемелерге, мейманканаларга же чакан конок үйлөрүнө жайгаштырылат.

Видеону алыскы жерлерге барып тартуу кыйынчылыктар менен коштолот

 Алыскы аймакта видео тартуу кымбатка турат. Ага көп убакыт кетет жана катышкандар да аябай чарчап калышат. Ошон үчүн 2023-жылы Жетектөөчү Кеңеш 2,5 миллион доллар (АКШ) турган видеодубал сатып алганга уруксат берген. Анын жардамы менен студияда туруп эле башка жакта жүргөндөгүдөй кылып тартса болот. Видеодубалдын экрандары ушунчалык тунук көрсөткөндүктөн, экрандагы жарык менен студиядагы жарык бири-бирине шайкеш келип, видео табигый чөйрөдө тартылгандай көрүнөт. Көп акча үнөмдөлөт жана алыскы аймактарга барып тартуунун зарылдыгы жок болуп калат. Австралазия филиалынын комитетинин мүчөсү Даррен мындай дейт: «Видеодубалды колдонгондо каармандар көп чарчабайт. Видео тарткан топ дагы бир эле көрүнүштү бир нече жолу тарта алат. Эгер видеону сыртта тартып жаткан болсок, анда күн батар алдындагы кайсы бир көрүнүштү тартканга бир нече эле мүнөтүбүз болмок. Ал эми видеодубал менен күндүн батышын өзүбүз ыраазы болгонго чейин канча керек болсо, ошончо жолу тарта алабыз».

Жаңы орнотулган видеодубалды жөндөп, текшерип жаткан учур

«Мен көп нерсени курмандыкка чалдым деп айтпайт болчумун»

 «Исанын жашоосунда болгон окуялар» деген видеонун ар бир сериясына жүздөгөн каармандар катышат. Аларды тартканга болсо андан да көп киши керек. Аларга Бейтелдеги бир туугандар кандай кам көрүп жатышат? Муну алардын өз ооздорунан угалы.

 Мельбурнда жашаган Эмбер долбоорго катышыш үчүн 700дөн ашык чакырым жол жүрүп келген. Ал мындай дейт: «Аэропортко келип конгондон тартып Бейтелдеги бир туугандар аябай сонун кам көрүштү. Көптөгөн бейтелдиктер тамакка, чайга чакырышты. Студияда болсо жагымдуу маанай өкүм сүрөт, сүйүүгө чулганасың. Долбоорго катышып жаткан учурда Жахаба мага батасын мол төктү. Мен көп нерсени курмандыкка чалдым деп айтпайт болчумун».

 Видео тартканга катышкан Дерэк мындай деп ой бөлүшөт: «Долбоор башталган күндөн тартып Бейтелдеги көп бөлүмдөр бизге колдоо көрсөтүштү. Долбоорго салым кошуш үчүн убактысын, акча-каражатын, күчүн аябаган бир туугандарыма абдан ыраазымын. Ал бейтелдиктер боорукер, жардам бергенге, колдогонго дайыма даяр турушат. Жахаба аларга да, бизге да батасын берди. Жахабанын эмгегибиздин натыйжасына эле эмес, анын кантип аткарылып жатканына да кызыкдар болгону сезилди».

 Силер бул видеонун тартылышын тартууңар менен колдоп жатасыңар. Айрымдар тартуусун donate.pr418.com сайты аркылуу жөнөтүп жатат. Акчалай колдоп жатканыңар үчүн силерге чоң рахмат айткыбыз келет.

a Австралазия филиалы көптөгөн өлкөлөргө көзөмөл кылат. Анын карамагына Австралия жана Тынч океандын түштүгүндөгү бир нече өлкө кирет. Филиал Сиднейдин (Австралия) чет жакасында жайгашкан.