Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Ишенимди чыңдаган, ишенсе боло турган жаңылыктар

Ишенимди чыңдаган, ишенсе боло турган жаңылыктар

1-ДЕКАБРЬ, 2021

 Жахабанын Күбөлөрү ишенимдештеринин эмне болуп жатканына кызыкдар (1 Петир 2:17). Көптөрүбүз Кениядагы Таннистин сезимдерине ортоктошпуз. Ал мындай дейт: «Дүйнө жүзүндөгү сүйүктүү боордошторум тууралуу билип турган мага жагат». Таннис жана дүйнө жүзүндөгү миллиондогон башка Жахабанын Күбөлөрү кантип маалымдар болуп турушат? 2013-жылдан бери jw.org сайтына чыгып келген «Жаңылыктар» куржунунан.

 «Жаңылыктар» куржунуна Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө ар кайсы темага байланыштуу такталган, так жаңылыктар чыгып турат. Алсак, ал жактан Ыйык Китептин кайсы тилдерде чыкканын, табигый кырсыктан жапа чеккендерге кандай жардам көрсөтүлүп жатканын, курулуш долбоорлору жөнүндө жана дагы башка маанилүү жаңылыктарды окуй аласыңар. Ошондой эле ишеними үчүн түрмөдө отурган бир туугандарыбыз жөнүндө да маалымат ала алабыз. Андан тышкары, «Жаңылыктар» куржунунан кабар айтуу өнөктүгүндө жана Эскерүү кечесинде кандай кызыктуу окуялар болгонун таба алабыз. Ал маалыматтарды ким изилдейт, ким чогултат? Макала кантип даярдалат?

Жаңылыктар кантип даярдалат?

 Жаңылыктардын чыгып турушуна Жалпыга маалымдоо бюросу жооптуу. Ал бюро башкы башкармалыкта жайгашкан жана Жетектөөчү Кеңештин Координаторлор комитетинин жетекчилиги астында иш алып барат. Жалпыга маалымдоо бюросунда 100дөн ашык бир тууганыбыз эмгектенет. Алардын көбү — алыстан жардам берген ыктыярчылар. Арасында жазуучулар, изилдөөчүлөр, сүрөтчү-дизайнерлер жана котормочулар бар. Дагы башкалары бийлик өкүлдөрү, профессорлор жана журналисттер менен байланышышат. Жалпыга маалымдоо бюросу дүйнө жүзүндөгү 80ден ашык филиалдардагы Жалпыга маалымат берүү үстөлдөрү менен биргеликте иш алып барат.

 Жаңылыктар даярдалып жатканда Жалпыга маалымдоо бюросу Жалпыга маалымат берүү үстөлдөрү менен тыгыз кызматташат. Жаңылыктын темасы тандалгандан кийин бир туугандар изилдеп, так маалымат чогулта башташат. Бул өз ичине дил маек алууну же адистер менен кеңешүүнү камтышы мүмкүн. Бардык маалыматтар чогултулгандан кийин бир туугандар макаланы жазышат, зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишет, бир нече жолу окушат жана сүрөттөрдү кошушат. Ошондон кийин макулдук алыш үчүн Координаторлор комитетине жөнөтүшөт.

Ыраазы болгон окурмандар

 Дүйнө жүзүндөгү боордошторубуз «Жаңылыктар» куржунуна карата кандай ойдо? Филиппиндеги Черил мындай дейт: «Мен күнүмдү сайтыбызга кирип, Жахабанын уюму жөнүндө жана бир туугандарым жөнүндөгү жаңылыктарды окугандан баштайм».

 Көптөр jw.org сайтындагы жаңылыктар менен жалпыга маалымдоо каражаттарындагы башка жаңылыктарын айырмасын байкашкан. Казакстандагы Татьяна мындай дейт: «jw.org сайтындагы жаңылыктар ишеничтүү болгондуктан, алардын тактыгынан эч шектенбейм». Мексикадан болгон Альма мындай деп айткан: «Жаңылыктарды уккандан кийин көбүнчө тынчым кетип, бушайман болом. Ал эми биздин сайттагы жаңылыктарды окуганда кадимкидей жанданып калам».

 Биздин сайттагы жаңылыктарда тек гана так маалымат камтылбайт. Алар ишенимибизди чыңдайт. Кениядагы Бернард мындай деп ой бөлүшөт: «„Жаңылыктар“ куржунун окуп тургандын аркасында өзүмдү дүйнө жүзүндөгү ишенимдештериме жакыныраак сезип калдым. Алар каякта жашабасын, биз бир үй-бүлөбүз. Тиленгенде аларды атынан атап, кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатышканын айта алам». Кениядан болгон дагы бир ишенимдешибиз Биброн мындай дейт: «Ыйык Китептин башка тилдерде чыкканы кулактандырылган макалаларды чыдамсыздык менен күтөм. Мындан Жахабанын, кайсы улуттан болбосун, баарын жакшы көрөрүн биле алам».

«Жаңылыктар» куржунун окугандын аркасында кыйынчылыктарга туш болуп жаткан дүйнө жүзүндөгү ишенимдештерибизди атынан айтып тилене алабыз

 Атүгүл ишенимдештерибиздин куугунтукталганы жөнүндөгү жаңылыктар да бизге жакшы таасир этиши мүмкүн. «Алардын кайраттуулугу жөнүндө окуганда менин да ишенимим чыңдалат,— дейт Кениядагы Жаклин.— Мен дайыма аларга чыдаганга эмне жардам бергенин байкаганга аракет кылам. Аларга тиленүү, Ыйык Китепти окуу жана ырдоо сыяктуу жөнөкөйдөй эле сезилген нерселер куугунтукка чыдаганга жардам берип келет».

 Коста-Рикадагы Биятрис деген ишенимдешибиз табигый кырсыктан жапа чеккендерге кандай жардам көрсөтүлгөнү жөнүндөгү макалаларды окуганды жакшы көрөт. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «„Жаңылыктар“ куржунунан биздин уюмдун табигый кырсыктан жабыр тарткандарды сүйүүгө бөлөп, тез жана уюшкандыкта көмөк көрсөткөнү жөнүндө окуй алам. Ошонун аркасында бул Жахабанын уюму экенине ынанам».

 Биз дүйнөнүн чар тарабында жашаган ишенимдештерибизден кабар алып турганыбызга абдан ыраазыбыз. Жаңылыктар силердин тартууңардын аркасында сайтка чыгып турат. Алардын көбү donate.pr418.com сайты аркылуу жөнөтүлөт. Силердин марттык менен берген тартууңарга терең ыраазычылык билдиребиз!