Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

Латын Америкасындагы жергиликтүү жамааттагылардын укугун коргоо

Латын Америкасындагы жергиликтүү жамааттагылардын укугун коргоо

1-МАЙ, 2021

 Жүз миллиондогон киши жашаган Латын Америкасында өз эне тили, каада-салттары бар миллиондогон адамдар, мындайча айтканда, түпкү тургундар жашайт. Алардын көбү — өз маданий мурасын баалаган Жахабанын Күбөлөрү. Алар жергиликтүү элге Кудай жөнүндөгү чындыкты таанып-билүүгө жардам бериш үчүн бүт күчүн жумшашат. Ошол максатка жетиш үчүн Латын Америкасындагы 130дан ашуун тилге Ыйык Китепке негизделген адабияттарды которуп, таратышат a. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрүнүн айрымдары Жахабага кызмат кылууну чечкен үчүн жана өздөрүнүн жамаатындагы Кудайга жакпаган салттарды аткаруудан баш тартканы үчүн куугунтукталып келишет. Силердин тартууңар аларга жардам бериш үчүн кандайча колдонулуп жатат?

Үйлөрүнө кайтып барууга жардам беришкен

 Мексиканын тоолуу аймагында жайгашкан Халиско штатынын уичоль жамаатындагы ишенимдештерибиз абийири жол бербегендиктен диний каада-салттарга катышпай турганын сылыктык менен билдиришкен b. Буга жамааттагылардын ачуусу келген. Ошентип, 2017-жылы, 4-декабрда жаалдуу топ Жахабанын Күбөлөрүнө жана алар менен Ыйык Китепти изилдеген бир нече кишиге кол салган. Алар Жахабанын Күбөлөрүн жамааттан кууп, үй-жайын талкалап салышкан. Ошондой эле кайра кайтып келе турган болсо, өлтүрөбүз деп коркутушкан.

 Жакынкы шаарлардагы Жахабанын Күбөлөрү ал ишенимдештерине жардамга келип, аларды зарыл нерселер менен камсыз кылышкан. Бирок алар эми кайра үйлөрүнө кайтып барыш үчүн эмне кылышы керек эле? Августин деген бир ишенимдешибиз өздөрүнүн жагдайы тууралуу: «Жактоочу жалдаганга акчабыз жок болчу. Укугубузду коргой турган кандай мыйзамдар бар экенин кимден сурасак болорун да билбей, башыбыз маң болду»,— деген.

 Бул учурда ишенимдештерибиздин дин тутуу эркиндигине байланыштуу курч маселе көтөрүлүп жаткандыктан, Борбордук Америкадагы филиал дароо иш-аракет кылган. Филиалдагы жооптуу бир туугандар адегенде жергиликтүү бийликтегилерден ошол ишти иликтеп чыгууну суранышкан. Андан соң бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктагы юридикалык бөлүм менен кызматташыш үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңешинин Координаторлор комитетинен уруксат алышкан. Мунун аркасында уичоль жамаатындагы бир туугандардын укугун коргош үчүн сотко документтер даярдалган. Бул иш боюнча алар акыры Улуттук Жогорку акыйкаттык сотуна, Мексикадагы эң жогорку сотко, кайрылышкан.

 Эл аралык жактоочулардан турган топ ишенимдештерибизди коргош үчүн жүйөлүү далилдерди камтыган документтерди даярдашкан. Ал документтерде башкалар жергиликтүү жамааттагылардын маданиятын сыйлоого тийиш болгондой эле, ошол жамааттагылар да өз ара бири-бирин урматтап-сыйлап, жамааттагы ар бир адамдын укугун коргошу керектиги, ошондой эле бардык адамдардын, алар каякта жашабасын, укуктары тебеленбеши керектиги баса белгиленген.

 2020-жылы 8-июлда Мексиканын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасына бир добуштан чечим чыгарган. Ал чечимге ылайык, жамааттан куулуп чыгарылгандарга кайра үйлөрүнө кайтууга жолтоо кылынбашы керек болчу. Жогоруда сөз кылынган Августин бул чечимге ал да, башкалар да ыраазы экенин билдирип: «Ишенимдештерибиздин бизге жардам бергенине аябай ыраазы болуп жатабыз. Сүйүнгөнүбүздөн кубанычыбыз койнубузга батпай турат. Эгер алар жардам бербесе, биздин колубуздан эч нерсе келбейт болчу»,— деген.

«Алакандай элге албан жардам»

 Ошол кезде Эквадордогу Сан-Хуан де Илуман кыштагында, отовало жамааты жашаган кыштакта, ишенимдештерибиз ушул сыяктуу каршылыкка туш болушкан. Алар 2014-жылы уруксат кагазын алып, Падышалык залын кура башташкан. Бирок бир диний жетекчи 100дөн ашык кишини ээрчитип келип, курулушту күчкө салып токтотуп салган. Ошондон кийин жамаат Жахабанын Күбөлөрүнө жолугушууларын өткөргөнгө салып койгон.

 Ал жактагы жыйналыш Жахабага эркин сыйына алышы үчүн, Эквадордогу филиалдагы жана башкы башкармалыктагы юридикалык бөлүмдөр чогуу кызматташып, сотко кайрылышкан. Мунун аркасында жамааттагылар бир туугандарыбызга каршылык көрсөтпөй калган. Ошентип, алар кайрадан жолугушууларды өткөрө башташкан, Падышалык залын да куруп бүтүшкөн. Бирок ошол аймакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктарына келечекте да коркунуч туулбашы үчүн, жооптуу бир туугандарыбыз жогорку соттордон: «Жергиликтүү жамааттар адам укуктары боюнча эл аралык мыйзамдарды сыйлашы керекпи?» — деген суроого байланыштуу абдан маанилүү чечим чыгарып беришин суранышкан.

 2020-жылдын 16-июлунда Эквадордун Конституциялык соту, тагыраак айтканда, өлкөдөгү эң жогорку сот ошол ишти караган. Сотто жыйналыштагылардын укугун жактоочу болуп кызмат кылган жергиликтүү бир туугандар коргошкон. Андан тышкары, ал сотко эл аралык сот иштеринде тажрыйбасы бар төрт ишенимдешибиз катышкан. Алар да жактоочулар. COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам алар сот отурумуна ар кайсы өлкөлөрдөн видеобайланыш аркылуу туташышкан. Соттордун Жахабанын Күбөлөрүнүн жактоочуларына сотко ушундай жол менен катышканга уруксат бергени буга чейин болгон эмес c. Сотто биздин жактоочулар башка өлкөлөрдөгү юридикалык чечимдерди далил катары келтиришкен. Ошол чечимдерде кимдир бирөөнүн инсандык укуктары ал кайсы бир жамааттын мүчөсү болгону үчүн эле тебеленбеши керектиги баса белгиленген.

Эл аралык жактоочулардын тобу видеобайланыш аркылуу ишенимдештерибиздин укуктарын коргоп жатышат

 Отовало жамаатындагы ишенимдештерибиз Конституциялык соттун чечимдерин чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Уюм жардам көрсөтүп жатканы үчүн, алардын жүрөктөрү ыраазычылыкка толгон. «Илуман кечуа» жыйналышында аксакал болуп кызмат кылган Сезар: «Бир гана Жахаба уюму аркылуу алакандай элге албан жардам берет»,— деген.

 Сот иштерине катышкан жактоочулардын баары — Жахабанын Күбөлөрү. Алар ишенимдештеринин укугун чын жүрөктөн коргошот. Бул үчүн акы алышпайт. Ошентсе да документтерди чогултуу, сот иштерине даярдануу жана сот отурумдарына катышуу үчүн убакыт жана каражат талап кылынат. Мексикадагы сот отурумдарына катышкан жактоочулар жана башка бир туугандар даярдык көрүш үчүн 380ден ашуун саат жумшашкан. Ошол документтерди которгонго болсо 240 саат сарпталган. Ал эми Эквадордогу сот иштерине жардам берүүгө дүйнө жүзүндөгү 40ка жакын жактоочунун жүздөгөн сааттары кеткен. Ишенимдештерибиздин укугун коргоо үчүн сот иштерине кеткен чыгымдар эмненин эсебинен жабылат? Ал чыгымдар силердин donate.pr418.com сайтында айтылган жолдордун бирин колдонуп жөнөткөн тартууңардын эсебинен жабылат. Силердин марттыгыңарга чоң ыраазычылык билдиребиз.

a Жахабанын Күбөлөрү адабияттарын Латын Америкасындагы инди-европа тобуна кирген тилдердин көбүнө да которот. Мындан тышкары, ошол аймактагы эле эл сүйлөгөн жаңдоо тилдерине да которушат.

b Уичоль эли виксаритари эли деп да белгилүү. Алардын тилин көбүнчө виксарика деп аташат.

c Биздин уюм ал сот отурумуна расмий түрдө катышпаса да, соттор бир туугандарыбызга адистер (amicus curiae «соттун досу» дегенди билдирет) катары катышканга уруксат беришкен.