Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?

«Согуш жүрүп жаткан» учурда көрсөтүлгөн жардам

«Согуш жүрүп жаткан» учурда көрсөтүлгөн жардам

27-МАЙ, 2022

 Ыйык Китепте акыркы күндөр жөнүндө: «Ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын угасыңар»,— деп жазылган (Матай 24:6). Бирок башынан согушту кечирип жаткан ишенимдештерибизге зарыл жардам көрсөтүлүп жатат. 2022-жылдагы Жетектөөчү Кеңештин 3-отчётунда айтылгандай, Украинадагы согуштан жапа чеккен Чыгыш Европадагыларга көмөк көрсөтүлүүдө. Жакын жерде согуш жүрүп жатканына карабай, жардам берүү иши кантип жүргүзүлүп жатат? Украинадагы боордошторубузга бул кандай таасир этүүдө?

Кандай жардам керек? Кантип жеткирилип жатат?

 2022-жылдын 24-февралында, Украинада согуш башталган күнү, Координаторлор комитети ал жактагы ишенимдештерибизге жардам берүүгө бөлүнгөн суммага макулдугун берген. Украинадагы филиал создуктурбай азык-түлүк жана башка керектүү нерселерди сатып ала баштаган. Анан Кырсык болгондо жардам берүү боюнча уюштурулган 27 комитеттин жардамы менен аларды бөлүштүрүүгө киришкен.

 Мындан сырткары, Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгындагы бир туугандарыбыз дароо эле дагы кантип колдоо көрсөтсө болорун ойлонуштура башташкан. Жетектөөчү Кеңештин Координаторлор жана Басма комитеттери Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо бөлүмүнөн Украинадагы жана Польшадагы филиалдын өкүлдөрү менен кызматташууну суранышкан. Алар кандай жардам зарыл экендигин жана кандай иш-аракеттер кылынышы керектигин аныкташмак. Ар бир филиалдагы камсыз кылуу, жөнөтүү жана юридикалык бөлүмдөгүлөр, Украинадагы филиалдын комитетинин мүчөсү жана Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо бөлүмүндөгүлөр күн сайын видеобайланыш аркылуу чогулуп турушту. Алар жардам көрсөтүү иштерин кантип уюштуруу керектигин талкуулап жатышты.

Азык-түлүк, гигиеналык каражаттар жана кол менен жасалган открыткалар салынган коробкалар

 Бүткүл дүйнөлүк камсыздоо бөлүмүндө кызмат кылган Жей Суинни мындай дейт: «Алгач эмне керек экендигин аныктап алышыбыз керек болду. Биз бир туугандарыбызга алар дайыма жеп жүргөн тамак-аш, колдонуп жүргөн гигиеналык каражаттарды жеткирүүнү кааладык. Бирок бул кылышыбыз керек болгон иштин башы эле болчу. Биз ошондой эле зарыл нерселерди кантип жеткиришибиз керектигин да чечишибиз керек болду. Анткени согуш болуп жаткандыктан, керектүү нерселерди Украинага тез жана коопсуз жол менен жеткиришибиз керек болчу».

 2022-жылдын 9-мартында жардам катары эмнелер жөнөтүлөрү аныкталган. Коробкаларга консерваланган эт менен балык, дан азыктары, күрүч жана буурчак сыяктуу азык-түлүктөр, самын, даарат кагазы сыяктуу негизги гигиеналык каражаттар салынган. Эсеп боюнча, бир кишиге төрт жумага жете турган негизги нерселер салынган ушундай коробка болжол менен 65 АКШ долларын түзгөн. Миңдеген бир туугандарда жардам керек болорун эске алып, Координаторлор комитети жардам көрсөтүү ишине чоң каражат бөлүнүшүнө уруксат берген. Бирок мындай гуманитардык жардам ишенимдештерибиздин өмүрүнө коркунуч туудурбай кантип жеткирилмек?

 13-мартта польшалык эки ишенимдешибиз Польшадагы филиалдан Украинанын Львов шаарына жакын жердеги кампага гуманитардык жардамды алып жөнөгөн. Бул канчалык коопсуз болорун аныкташ үчүн бир туугандар жөнөткөн алгачкы унаалар болчу. Алар жолго чыгардын алдында Польша менен Украинадагы филиалда кызмат кылган бир туугандарыбыз ал экөөнө сапарга даярданганга жардам беришкен. Филиал гуманитардык жардамды жеткириш үчүн чек арадан өткөнгө зарыл болгон документтерди даярдап берген. Унааларда гуманитардык жардам жүктөлгөнүн көрсөткөн белгилердин болушуна кам көрүшкөн. Ошондой эле Украинадагы бир туугандар менен сүйлөшүп, чек арадан кампага чейинки эң эле кыска жолду табышкан. Ушундай жакшы даярдыктын натыйжасында жана Жахабанын батасы менен бир туугандарыбыз гуманитардык жардамды 24 сааттын ичинде Львовдогу Кырсык болгондо жардам берүү комитеттерине жеткиришкен. Анан аман-эсен кайра Польшага кайтып барышкан.

 Гуманитардык жардам жүктөлгөн алгачкы унаалар аман-эсен барып келишсе да, ошол жолкусунда бир тоннага жетпеген эле жүк жеткирилген. Болжол менен дагы 200 тонна алып барыш керек болчу. Ушундай чоң өлчөмдөгү жүк тез арада кантип жеткирилмек?

«Элиң даяр турат»

 Ар кайсы өлкөдө жашаган адамдар jw.org сайтынан Украинадагы кырдаалдын ишенимдештерибизге тийгизген залакасы жөнүндө окуп, жардам берүүнү каалашкан. Алыста жашагандарды көбү Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк ишине акчалай тартуу кылышкан. Алар уюмубуздун тартуу кылынган каражаттарды абдан туура жол менен пайдалана турганын билишкен. Кошуна өлкөлөрдө жашагандар болсо убактысын, күчүн, каражатын аябастан көмөк көрсөтүшкөн. Төмөндө бир нече мисал келтирилди.

 Польшадагы ыктыярчылар зарыл нерселер салынган он миңдеген баштыктарды даярдашкан. Балдар болсо өз колдору менен открыткаларды жасап беришкен. Польшадагы филиалдын камсыз кылуу бөлүмүндө кызмат кылган Бартош Косьцельняк: «Мен Забур 110:3төгү: „Элиң даяр турат“,— деген сөздөрдү көп жолу окугам. Бирок жүздөгөн ыктыярчылардын даярдуулук менен келип, колунан келген жардамын аябай, жан үрөп иштеп жатканын көргөндө бул сөздөрдүн чындык экенине дагы бир жолу ынандым»,— деген.

 Эл аралык логистикалык компаниясы бар бир Жахабанын Күбөсү жүк ташуучу унааларын берип, күйүүчү майды тартуу кылган. Ал мындай деген: «Мен муну бир туугандарымды жана Жахабаны жакшы көрөрүмдү далилдегенге мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Жардамым тийип жатканына абдан кубанып жатам». Эсептөөлөр боюнча, 7 700 литрден ашык күйүүчү май тартуу кылынган. Ишенимдештерибиз убактысын жана күчүн аябай, гуманитардык жардамды жеткириш үчүн дээрлик 48 000 километр жол жүрүшкөн!

 Колдон-буттан алганга даяр турган, сүйүүсү ашып-ташкан бир туугандарыбыздын жардамы менен 28-мартта — гуманитардык жардам биринчи жолу жеткирилгенден 15 эле күн өткөндөн кийин — тамак-аш, гигиеналык каражаттар жана дары-дармектер, баш-аягы, 100 тонна жүк Украинага жеткирилген. Бир туугандарыбыз жана башкалар марттык менен тартуу бергендиктен, зарыл нерселер салынган баштыктардын даярдалышына кеткен сумма кыйла азайган. Ушул күнгө чейин Жахабанын Күбөлөрү Украинага 190 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөтүштү. Бул ишенимдештерибизге кандай таасир эткен?

«Ичине сүйүүңөрдү да салып коюптурсуңар!»

 Баштыктар Львовго жеткирилгенден кийин, Украинадагы Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери аларды муктаж болгондорго таратып беришкен. Ал баштыктар ар кайсы шаарларга жеткирилген. Алардын айрымдары Львовдон 1 300дөн ашуун километр алыс жайгашкан. Бул иш мүмкүн болушунча уюшкандыкта жүргүзүлсө да, буга бир топ убакыт кеткен a.

 Украинадагы филиалдын комитетинин мүчөсү Маркус Рейнхард мындай деген: «Ушул кыйын кезеңде ишенимдештерибиз Жахабанын аларды жакшы көрөрүн өз көздөрү менен көрүштү. Ошондой эле уюмдан келген көрсөтмөлөргө, оор кырдаалга туш болгонго чейин эле, тыгыз кармануу канчалык маанилүү экенине ого бетер ынанышты. Мисалы, баарына тең бир нече жумага жеткидей тамак-аш, суу камдап алышы керектиги айтылган. Ушул көрсөтмө туурасында Киев шаарында аксакал болуп кызмат кылган Антон деген ишенимдешибиз: „Жахабанын уюму бизди оор жагдайларга даярдап келет. Ошон үчүн аябай ыраазыбыз. Тамак-аш, суу камдап койгонубуз жана радиону даярдап алганыбыз сөздүн түз маанисинде өмүрүбүздү сактап калды“,— деп ой бөлүшкөн. Бир туугандарыбыздын ушул көрсөтмөгө кулак какканына абдан ыраазыбыз. Анткени ушунун аркасында филиалдын зарыл жардамды уюштурганга жетиштүү убактысы болду».

 Жардам алган бир туугандарыбыз кандай сезимдерге чулганышкан? Харьковдо жашаган Мыкола менен Зинаида мындай дешкен: «Силердин комкордугуңар жүрөгүбүздү көзөп өттү. Азык-түлүк, дары-дармек алып келип бергениңерге чоң рахмат. Бизге Жахаба өзү кам көрүп жаткандай эле болду». Валентина да ошол жакта жашайт. Ал мындай деген: «Согуш башталгандан тартып эле дүкөндөрдө узун кезектер боло баштады. Дайыма эле керектүү нерсебизди ала алчу эмеспиз. Бирок Жахаба муну көрүп турган. Ошон үчүн ал кыйынчылыгыбызды чечип берди. Атайын дайындалган бир туугандарыбыз гуманитардык жардамды үйлөрүбүзгө алып келип беришти. Баштыктарда так бизге керектүү нерселер бар экен. Ошондой кысталышта үмүтүң үзүлгөндөй сезилет экен. Бирок Жахабанын жана анын уюмунун камкордугун өзгөчө жол менен сезип-туят экенсиң... Жардамдын өз убагында көрсөтүлгөнү, эң зарыл нерселер менен камсыз болгонубуз жүрөгүбүздү козгоду».

 Мариуполдон качып чыккан Евген, Ирина жана Микиталар мындай дешкен: «Үй-бүлөбүзгө кам көрүп, жөлөк-таяк болгонуңарга чексиз ыраазыбыз. Чыпчын айтабыз, баары өз убагында болду. Башында коробкаларда азык-түлүк эле бар болуш керек деп ойлогонбуз. Көрсө, ичине сүйүүңөрдү да салып коюптурсуңар!»

Евген, Ирина жана Микита

 Ооба, Жахаба ыйык руху аркылуу жетекчилик берип жаткандыктан, «согуш жүрүп жаткан» маалда элине зарыл жардам көрсөтүлдү. Мындан анын сүйүүсү айкын көрүнүп турат. Бүткүл дүйнөлүк ишке donate.pr418.com сайты аркылуу тартуу жөнөтүп жатканыңардын аркасында ушундай чоң иштер бүтүп жатат. Силерге марттыгыңар үчүн абдан ыраазыбыз!

Мүмкүн болушунча тез жана коопсуз жол менен жардам көрсөтүү

  1. 24-февраль, 2022. Координаторлор комитети Украинага жардам берүү үчүн бөлүнгөн суммага макулдугун берген. Ошондон кийин Украинадагы филиал жардам берүү ишине киришкен

  2. 24-февраль—8-март, 2022. Филиал Украинанын өзүнөн эле айрым нерселерди сатып алып, Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери аркылуу бөлүштүрө баштаган. Ошондой эле филиал Польшадан келген жардамды да кабыл алганга, бөлүштүргөнгө даярдык көрө баштаган

  3. 9-март, 2022. Координаторлор комитети Украинага гуманитардык жардамдын жеткирилишине уруксат берген

  4. 10—12-март, 2022. Бир туугандар Польшадан Украинанын Львов шаарына азык-түлүк жеткирүү канчалык коопсуз болорун байкап көрөлү деп, план түзүшкөн

  5. 13-март, 2022. Ошентип, азык-түлүк жана башка зарыл нерселер салынган таңгактар Польшадан Украинанын Львов шаарына жөнөтүлгөн

  6. 14—16-март, 2022. Польшанын Познань шаарына жакын жердеги жыйын залында жергиликтүү долбоор/курулуш ыктыярчылары азык-түлүк жана гигиеналык каражаттарды чогултуу ишин уюштурушкан

  7. 17-март, 2022. Алгачкы жардам ийгиликтүү жеткенден төрт күн өткөндөн кийин, Украинанын чек арасына дагы 13 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлгөн

  8. 21—27-март, 2022. Ошентип, гуманитардык жардам Польшада чогултулуп, Украинага жөнөтүлүп турган. Украинага келип түшкөн жүк болсо 24 сааттын ичинде эле жардамга муктаж болгон жерлерге жеткирилип турган

  9. 28-март, 2022. Уруксат берилгенден тартып эсептегенде, 20 күндүн ичинде 100 тонна азык-түлүк, гигиеналык каражаттар жана дары-дармектер Украинага жеткирилген

 Ушул күнгө чейин Жахабанын Күбөлөрү Украинага 190 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жөнөтүштү.

a Бул жардам кантип жеткирилгени тууралуу көбүрөөк билиш үчүн «Украинадагы согуш жүрүп жаткан жерлерге зарыл нерселерди жеткирген, башкаларды куткарган кайраттуу ишенимдештерибиз» деген макаланы окуп көргүлө.