ТАРТУУҢАР КАЯККА ЖУМШАЛАТ?
Табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү
1-ФЕВРАЛЬ, 2021
2020-жылы көптөгөн табигый кырсыктар болду. Дүйнө жүзүн каптаган COVID-19 пандемиясы да ошол жылы башталды. Жахабанын Күбөлөрү табигый кырсыктардан жапа чеккендерге кандай жардам көрсөтүштү?
2020-жылдын кызмат жылында a Жетектөөчү Кеңештин Координаторлор комитети кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишине 28 миллион доллар b жумшады. Бул каражат 200дөн ашуун кырсыктан жапа чеккендерге сарпталды. Буга COVID-19 пандемиясы, бир нече тропикалык бороондор, Африкадагы суу ташкындар, Венесуэладагы азык-түлүктүн жетишсиздиги жана Зимбабведеги кургакчылык кирет. Тартуу кылынган каражат азык-түлүк, суу, убактылуу баш калкалоочу жай, кийим-кечек, дары-дармек жана тазалоого, оңдоп-түзөөгө, курулушка керектелген материалдарды сатып алууга жумшалды. Анда жардам берүү иши кандайча жүргүзүлгөнүн көрсөткөн бир нече мисалды карап көрөлү.
COVID-19. Төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган ишенимдештерибиз коронавирус илдетине чалдыгып, пандемиянын айынан эмоциялык жактан кыйналып, каржы каатчылыгынын азабын тартышууда. Аларга көмөк кылыш үчүн 800дөн ашык Кырсык болгондо жардам берүү комитети (КБЖБК) уюштурулду. Бул комитеттер бир туугандардын жагдайына кылдат байкоо салып жатты. Алардын отчёттору Координаторлор комитетине кайсы жакка кандай жардам көрсөтүү керектигин аныктаганга көмөк кылды.
КБЖБКлар бир жыл бою көптөргө азык-түлүк, суу, санитардык каражаттарды жана эң зарыл дары-дармектерди сатып алганга кол кабыш кылды. Айрым жерлерде бул комитеттер жергиликтүү аксакалдар менен кызматташып, бир туугандарга өкмөт берген жардамды алганга да көмөк көрсөтүштү.
Уюмубуздун кандай жардам көрсөтүп жатканын башкалар байкабай койгон жок. Мисалы, Накондедеги (Замбия) райондук комиссар Фиелд Симвинга бир туугандарга: «Жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү эң зарыл нерселер менен өз убагында камсыз кылганыңар үчүн биз силердин алдыңарда карыздарбыз»,— деп ыраазы болгон.
Анголадагы ачарчылык. COVID-19 пандемиясынын айынан Анголада азык-түлүк тартыш болуп, баалар асмандын башы болуп кеткен. Көптөгөн бир туугандарыбызга тамак-аш сатып алуу аябай кыйынга туруп калган.
Бразилиядагы филиалга Анголадагы ишенимдештерибизге азык-түлүк салынган баштыктарды жөнөтүү тапшырылган. Бөлүнгөн каражатты туура колдонуш үчүн жооптуу бир туугандар азык-түлүктү сатып алуунун жана жөнөтүүнүн жолдорун кылдат изилдешкен. Ошондой эле алар азык-түлүктү дүң баада сатып алышкан. Мунун аркасында күрүч, төө буурчак жана суу май сыяктуу азык-түлүк салынган 20 киллограмдык баштык, жөнөткөндөгү акчаны кошкондо, 22 эле доллардан айланган. Ушул күнгө чейин 33 544 баштык жөнөтүлгөн. Салмагын эсептей турган болсок, ушунун баары 654 тоннаны түзөт. Жергиликтүү филиал сатып алган азык-түлүктү жана сырттан келген жардамды кошкондо, 50 000ден ашык кишиге азык-түлүк жеткирилген.
Мындай жардам ишенимдештерибизге кандай таасир эткен? Анголанын алыскы аймагында жашаган Александре: «Муну Жахабанын мени жакшы көрөрүнүн жана жалгыз эмес экенимдин далили деп эсептейм. Жахабанын уюму мени аябай баалайт»,— деген. Ал эми Мариза деген жалгыз бой эне: «Жахаба менин жалынычымды укту. Анын уюмуна чексиз ыраазымын»,— деп айткан.
Зимбабведеги кургакчылык маалында көрсөтүлгөн жардам. 2020-кызмат жылында Зимбабведе болуп көрбөгөндөй кургакчылык болду. Натыйжада миллиондогон адамдар ачкачылыктын азабын тартышты. Бул ал жактагы миңдеген ишенимдештерибизден да кыя өткөн жок.
Кырсык болгондо жардам берүү боюнча 5 комитет уюштурулган. Алар бир туугандарыбызга зарыл нерселерди жеткирип беришкен. Жүздөгөн жарчылар азык-түлүктү баштыктарга салыштырганга, жүктөгөнгө жардам беришкен. Айрымдар болсо азык-түлүктү жеткиргенге унааларды берип турушкан c. 2020-кызмат жылында 22 700дөн ашуун кишиге көмөк көрсөткөнгө 691 561 доллар сарпталды.
Айрым жерлерде бир туугандарыбыздын жегенге тамагы калбай калган. Так ошол маалда уюмдан жардам көрсөтүлгөн учурлар болгон. Бул бир туугандарыбызга Жахабаны даңктаганга түрткү берген. Айрымдар атүгүл сүйүнгөнүнөн Падышалык ырларын ырдап жиберишкен.
Бир аймакта жашаган жесир эки ишенимдешибиз өкмөт каржылабаган бир уюмдун жолугушуусуна барышкан. Ал жолугушууда азык-түлүк менен камсыз кылуу маселеси каралмак экен. Бирок жолугушуудагы талкуу саясий багытка бурулуп кеткен. Ошон үчүн ишенимдештерибиз алар жардам катары бере турган азык-түлүктү албай эле коюуну чечишкен. Алар ал жактан кетип баратканда башкалар: «Анан бизге тамак сурап жалдырап келбегиле!» — деп шылдыңдашкан. Ошондон эки жума өтүп-өтпөй эле, бир туугандарыбыз ал аймактагы эки ишенимдешибизге азык-түлүк жеткирип барышкан. Ал эми баягы уюмдун жардамы болсо али келе элек болчу.
Уюмубуз тарабынан кандай колдоо көрсөтүлүп жатканын көрүп, айрымдар жакшы кабарга кызыгып калышкан. Кичинекей кыштакта жашаган Присканы мисалга алалы. Кургакчылыктын айынан болгон кыйынчылыктарга карабай Приска шаршемби жана жума күндөрү убактысын кызматка арначу. Жадагалса, үрөн себүү маалында да ошол күндөрү кызмат кыла берген. Кошуналары: «Кабар айтам деп жүрүп, үй-бүлөңдү ачка калтырасың го!» — деп шылдыңдашкан. Приска болсо аларга: «Жахаба өзүнүн кызматчыларын эч качан калтырбайт!» — деп жооп берчү. Көп өтпөй ага уюмубуз тарабынан жардам көрсөтүлгөн. Ошондо кошуналарынын арасынан таң калып: «Кудайың сени таштаган жок. Биз да ал жөнүндө көбүрөөк билгибиз келет»,— деп айткандары болгон. Учурда анын 7 кошунасы радио аркылуу берилген жыйналыш жолугушуулардын программасын угуп жатат.
Бул дүйнө акырына жакындаган сайын, табигый кырсыктардын боло берери турган иш (Матай 24:3, 7). Андыктан donate.pr418.com сайтындагы айтылган ыкмалардын бирин колдонуп, каражатыңарды тартуу кылып жатканыңар үчүн силерге ыраазыбыз. Ал каражаттар муктаж болгон бир туугандарды керектүү нерселер менен өз убагында камсыз кылганга жумшалат.
a 2020-кызмат жылы 2019-жылдын сентябрь айынан 2020-жылдын август айына чейинки убакыт аралыгын камтыйт.
b Макалада сөз кылынган долларлар АКШ долларларын билдирет.
c COVID-19 пандемиясы учурунда көптөгөн чектер коюлгандыктан, бир туугандарыбызга жыйналыштагыларга азык-түлүк жеткириш үчүн уруксат алууга туура келген. Жардам көрсөтүү маалында ооруп калбаш үчүн сактык чараларына карманышкан.