119-ЫР
Ишенимге ээ бололу
-
1. Кудай сүйлөп келген адамдарга
Пайгамбарлары аркылуу.
«Өкүнгүлө»,— деп жатат ал бизге
Азыр Иса аркылуу.
КАЙЫРМА
Ишенимге ээ бололу,
Ошондо куткарылабыз.
Аны иш менен көрсөтсөк,
Өмүрүбүздү сактап калабыз.
-
2. Буйругуна Исанын баш ийип,
Баарына кабар айтабыз.
Үмүтүбүз жөнүндө жарлайбыз,
Чындыкты жашырбайбыз.
КАЙЫРМА
Ишенимге ээ бололу,
Ошондо куткарылабыз.
Аны иш менен көрсөтсөк,
Өмүрүбүздү сактап калабыз.
-
3. Биздин ишеним кеме казыктай,
Артка кетенчиктебейбиз.
Жахабага таянсак дайыма,
Биз жеңишке жетебиз.
КАЙЫРМА
Ишенимге ээ бололу,
Ошондо куткарылабыз.
Аны иш менен көрсөтсөк,
Өмүрүбүздү сактап калабыз.
(Кара: Рим. 10:10; Эф. 3:12; Евр. 11:6; 1 Жкн. 5:4.)