Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

137-ЫР

Жахабаны даңктаган аялзаты

Жахабаны даңктаган аялзаты

(Римдиктер 16:2)

  1. 1. Саара, Эстер, Мариям, Наами, Анна

    Күйөөлөрүн урматташкан, сыйлашкан.

    Кудай эркине ылайык жашашкан,

    Ишенимдүү аялдардан болушкан.

    Дагы башка көп аялдар болгон

    Кудайдын жүрөгүн дайыма кубанткан.

  2. 2. Берилгендик, кайраттуулук, айкөлдүк —

    Асыл, кымбат сапаттар адамдагы.

    Эске салат булар ал аялдарды.

    Алардын мыкты үлгүсүн туураган,

    Эже-карындаштар, кымбатсыңар.

    Бааланат силердин кызматыңар абдан.

  3. 3. Апалар, кыздар, жесирлер, эжелер,

    Кылган кызматыңарга кубангыла.

    Баш ийүүгө даярсыңар дайыма,

    Умтуласыңар Кудайга жагууга.

    Ал бекемдейт ишенимиңерди,

    Жакында силерди ээ кылат сыйлыкка.